Башкы Жаңылыктар БШК: Аймактык шайлоо комиссиялары Кыргыз Республикасы боюнча саясий …

БШК: Аймактык шайлоо комиссиялары Кыргыз Республикасы боюнча саясий партиялар тарабынан шаардык кеңештерге шайлоого катышуу үчүн көрсөтүлгөн депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин текшере башташты

02-Ноя, 2016

Календардык планга ылайык 2016-жылдын 31-октябрында шаардык кеңештерге шайлоого катышуу үчүн саясий партиялардан депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин көрсөтүү жана аймактык шайлоо комиссияларына берүү процесси аяктады. Маселен, 2016-жылдын 1-ноябрына карата Бишкек шаарында Бишкек шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин төмөнкү партиялар көрсөтүштү: «Кыргызстандын жашылдар партиясы», «Өнүгүү-Прогресс», «Актив», «Кыргызстандын коммунисттер партиясы», «Улуу Кыргызстан», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстандын элдик демократиялык партиясы», «Кыргызстан», «Аалам», «Республика-Ата-Журт», «Жаңы-Доор», «СДПК», «Таза Кыргызстан», бардыгы 13 саясий партия көрсөттү. Баткен облусу боюнча шайлоо 6 шаардык кеңеште өтөт. Баткен шаардык кеңешке шайлоого катышуу үчүн депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин төмөнкү партиялар көрсөтүштү: «Өнүгүү-Прогресс», «СДПК», «Республика-Ата-Журт», «Жаңы-Доор», «Бүтүн-Кыргызстан», «Замандаш», «Кыргызстан», бардыгы 7 партия көрсөттү. Кызыл-Кыя шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин төмөнкү партиялар көрсөтүштү: «Республика-Ата-Журт», «Өнүгүү-Прогресс», «Кыргызстан», «Бир-Бол», «СДПК», «Замандаш», бардыгы 6 саясий партия көрсөттү. Сүлүктү шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин төмөнкү партиялар көрсөтүштү: «Республика-Ата-Журт», «СДПК», «Бүтүн-Кыргызстан», бардыгы 3 партия көрсөттү. Исфана шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин төмөнкү партиялар көрсөтүштү: «Ата-Мекен», «СДПК», «Республика-Ата-Журт», «Өнүгүү-Прогресс», бардыгы 4 партия. Кадамжай шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин төмөнкү партиялар көрсөтүштү: «Өнүгүү-Прогресс», «Бир-Бол», «Ата-Журт», «Республика-Ата-Журт», «Бүтүн-Кыргызстан», «СДПК», «Кыргызстан», «Улуу Кыргызстан», бардыгы 8 партия. Айдаркен шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин төмөнкү партиялар көрсөтүштү: «Республика-Ата-Журт», «СДПК», «Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Ата-Журт-Мекенчил», бардыгы 5 партия. Ош облусу боюнча шайлоо Өзгөн шаарында өтөт. Өзгөн шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин төмөнкү партиялар көрсөтүштү: «Өнүгүү-Прогресс», «Кыргызстан», «Республика-Ата-Журт», «СДПК», бардыгы 4 партия. Жалал-Абад облусу боюнча шайлоо 5 шаарда өтөт. Жалал-Абад шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин төмөнкү партиялар көрсөтүштү: “Өнүгүү-Прогресс”, “Кыргызстан”, “Ата-Журт”, “Республика-Ата-Журт”, “Улуу Кыргызстан”, “СДПК”, “Ата-Мекен”, бардыгы 7 партия. Таш-Көмүр шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин төмөнкү партиялар көрсөтүштү: «Республика-Ата-Журт», «Таш-Көмүр жаштары», «Өнүгүү-Прогресс», «Кыргызстан», «СДПК», «Ата-Мекен», «Мекеним Кыргызстан», бардыгы 7 партия. Кара-Көл шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин төмөнкү партиялар көрсөтүштү: «Республика-Ата-Журт», «Кыргызстандын коммунисттер партиясы», «Мекен Ынтымагы», «СДПК», «Улуу Кыргызстан», «Энергетиктер партиясы», «Өнүгүү-Прогресс», «Кыргызстан», «Мекенчил», бардыгы 9 партия. Кербен шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин төмөнкү партиялар көрсөтүштү: «Республика-Ата-Журт», «Өнүгүү-Прогресс», «Замандаш», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан», «Бир-Бол», «СДПК», бардыгы 7 партия. Кочкор-Ата шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин төмөнкү партиялар көрсөтүштү: «Республика-Ата-Журт», «Өнүгүү-Прогресс», «СДПК», «Ата-Мекен», «Ата-Журт», бардыгы 5 партия. Талас облусу боюнча шайлоо Талас шаарында өтөт. Талас шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин төмөнкү партиялар көрсөтүштү: «Айкөл», «Республика-Ата-Журт», «СДПК», «Улуу Кыргызстан», «Мекеним Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Кыргызстан», бардыгы 7 партия. Чүй облусу боюнча шаардык кеңештерге шайлоо 5 шаарда өтөт. Кант шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин төмөнкү партиялар көрсөтүштү: «Өнүгүү-Прогресс», «Республика-Ата-Журт», «СДПК», «Ак-Шумкар», «Ата-Мекен», «Кыргызстан», бардыгы 6 партия. Шопоков шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин төмөнкү партиялар көрсөтүштү: «Республика-Ата-Журт», «СДПК», «Өнүгүү-Прогресс», «Ак-Шумкар», бардыгы 4 партия. Кара-Балта шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин төмөнкү партиялар көрсөтүштү: «Элдик-Народная», «Өнүгүү-Прогресс», «Жаңы-Шаар», «СДПК», «Республика-Ата-Журт», «Кайнар-Источник», «ЭлАман», «Кыргызстан», «Ак-Шумкар», «Содружество народов Кыргызстана», «Ата-Мекен», бардыгы 11 партия. Кайыңды шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин төмөнкү партиялар көрсөтүштү: «Өнүгүү-Прогресс», «Республика-Ата-Журт», «Кыргызстан», «СДПК», бардыгы 4 партия. Орловка шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин төмөнкү партиялар көрсөтүштү: «Өнүгүү-Прогресс», «Республика-Ата-Журт», «Кыргызстан», «СДПК», «Замандаш», «Демократ», «Патриот ынтымагы», бардыгы 7 партия. Кемин шаарында мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. Шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлерди СДПК партиясы гана көрсөттү. Партиялар тарабынан депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин көрсөтүү 2016-жылдын 10-ноябрына саат 12.00гө чейин улантылат. Нарын облусу боюнча шайлоо Нарын шаарында өтөт. Шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин төмөнкү партиялар көрсөтүштү: «СДПК», «Замандаш», «Кыргызстан», «Ала-Тоо ынтымагы», «Ата-Мекен», «Республика-Ата-Журт», «Улуу Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», бардыгы 8 партия. Ысык-Көл облусу боюнча шайлоо Чолпон-Ата шаарында өтөт. Шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин төмөнкү партиялар көрсөтүштү: «Өнүгүү-Прогресс», «Улуу Кыргызстан», «Замандаш», «Республика-Ата-Журт», «Кыргызстан», «Улуу Биримдик», «СДПК», «Табылга», «Мекен Ынтымагы», бардыгы 9 партия. Республика боюнча шаардык кеңештерге шайлоо 22 шаарда өтөт, президенттин жарлыгына ылайык Кемин шаарында мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. Мында партиялар тарабынан депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин көрсөтүү 2016-жылдын 10-ноябрына чейин улантылат. Тизмелерде бардыгы 7191 талапкер бар, алар 3685 мандат үчүн ат салышат. Аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү 2016-жылдын 10-ноябрына чейин талапкерлердин тизмелерин текшеришет, календардык планга ылайык партиялар 11-ноябрдан тартып 10-декабрга чейин созулуучу үгүт иштерин жүргүзө алышат. Талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партиялар, катталганга чейин жана берилген документтер текшерилгенден кийин өз шайлоо фонддорунун каражаттарынан тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын атайын фондуна шайлоо күрөөсүн киргизерин белгилей кетүү керек. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн тартып, 10 календардык күндүн ичинде талапкерлердин көрсөтүү тартиби Мыйзамдын талаптарына ылайыктыгын текшерет жана талапкерлердин тизмесин каттоону жүзөгө ашырат же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөөлөштүрүлгөн чечим чыгарат. Мында шайлоо комиссиясы документтерден талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн тоскоолдук болуп саналган ылайык келбөөчүлүктү тапса, документтер алынгандан кийин 24 сааттын ичинде шайлоо комиссиясы бул ылайык келбөөчүлүктөр жөнүндө саясий партияга маалымдоого милдеттүү. Саясий партия маалымдоо алынган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу. Талапкерлердин тизмесин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алган учурда баш тартуунун негиздерин баяндоо менен шайлоо комиссиясынын чечиминин көчүрмөсүн саясий партиянын шайлоо комиссияларындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө чечим кабыл алган учурдан тартып бир сутканын ичинде берүүгө милдеттүү. Талапкерлердин тизмесин каттоодо төмөнкүлөр баш тартуунун негиздери боло алат: 1) талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн ушул Мыйзамга ылайык зарыл болгон документтерди бербөө, ошондой эле көрсөтүүнүн ушул Мыйзам менен каралган тартибин сактабоо: 2) талапкерде же талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкерлерде пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу; 3) ушул шайлоодо талапкерди башка партиянын тизмесинде катталгандыгынын фактысынын бар экендиги; 4) саясий партиянын, өзүнүн шайлоо фондун түзбөгөндүгү; 5) талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына таандыктыгынын же болбосо анда Кыргыз Республикасынын жарандыгынын жоктугу. Эгерде саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамда көрсөтүлгөн каттоо үчүн зарыл бардык документтерди бербесе, бирок аларды каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин кошумча берсе, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлердин тизмесин каттоого милдеттүү. Талапкерлердин тизмесин киргизилген айрым талапкерлерге карата “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамда каралган каттоодон баш тартуу үчүн негиздердин болушу аларды ырасталган талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуу үчүн гана негиз болуп кызмат кылышы мүмкүн. КР БШКнын басма сөз кызматы

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын 2026-жылдын 16-октябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
15-Окт, 2026

КР БШКнын 2026-жылдын 16-октябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

1.        Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө” чечим долбоору жөнүндө                 Баяндамачы: Алимбаев Е. А. – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти  2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо жөнүндө ‎” токтом долбоору жөнүндө                                                           Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы  3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө                                                            Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы      4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                                            Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн  башчысынын милдетин аткаруучу                             5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө” чечим долбоору жөнүндө                                             Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн  башчысынын милдетин аткаруучу                                    6. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “2027-жылдын 27-январына дайындалган  Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө                                                                Баяндамачы: Алымбаев Р. А. - маалыматтык камсыздоо секторунун башчысы      ТӨРАГА                 
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда
15-Окт, 2026

КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Лейла Лурова 2026-жылдын 12–17-октябрында Филиппиндин Манила шаарында өтүп жаткан Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясынын (A-WEB) 7-Башкы ассамблеясына катышууда.Башкы ассамблея ар кайсы өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын өкүлдөрүн бириктирип, тажрыйба алмашуу, шайлоону уюштуруунун актуалдуу маселелерин талкуулоо жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында өткөрүлүүдө. Иш-чаранын алкагында 14-октябрда 7-Башкы ассамблеянын жыйыны өттү, ал эми 15-октябрда «Технологиялар, ишеним жана шайлоочу: жасалма интеллект доорунда шайлоонун ак ниеттүүлүгүн коргоо» темасында эл аралык конференция өткөрүлүүдө.Конференциянын негизги темаларынын бири - жасалма интеллекттин жана санариптик технологиялардын шайлоо процесстерине тийгизген таасири. Катышуучулар жалган маалыматтарга жана дипфейктерге каршы күрөшүү, бурмаланган маалыматтардын таралышына ыкчам чара көрүү, ошондой эле жарандардын шайлоо жөнүндө ишенимдүү маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселелерин карашат.Күн тартибине шайлоочуларга маалымат берүү үчүн санариптик сервистерди колдонуу, добуштарды саноонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, добуш берүүнүн жыйынтыктарын текшерүү, шайлоо инфраструктурасын коргоо жана шайлоо талаштарын чечүү маселелери да киргизилген. Технологиялардын өнүгүшүнүн шартында жарандардын шайлоо жол-жоболоруна болгон ишенимин сактоого өзгөчө көңүл бурулат.Кыргыз Республикасы  2013-жылдан бери A-WEB уюмунун мүчөсү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ассоциациянын ишмердүүлүгүнө катышуусу эл аралык тажрыйба алмашууга жана шайлоо процесстерин өркүндөтүү маселелери боюнча башка мамлекеттердин шайлоо органдары менен өз ара кызматташууга өбөлгө түзөт.A-WEB - 2013-жылы түзүлгөн Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясы. Анын ишмердүүлүгү шайлоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, кесиптик билимдер жана тажрыйба алмашууга, ошондой эле шайлоону уюштуруу жаатындагы дараметти чыңдоого багытталган.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>