БШКнын коомдук кабылдамасы жарандардын телефон аркылуу кайрылууларын кабыл алууда

26 октября 2016

Кыргыз Республикасынын Президенти жергиликтүү  кеңештердин депутаттарын шайлоонудайындоо тууралуужарлыккакол койгон күндөн б.а.10-октябрдан тартып, шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясындакоомдук кабылдама иштей баштады.

Коомдук кабылдаманын максаты – жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууну жана коргоону камсыздоого, шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу жарандардын кайрылуу, арыздары жана даттануулары менен натыйжалуу жана ыкчам иштөөнү уюштуруу, ошондой эле, шайлоону уюштурууга жанаөткөрүүгө байланыштуу маселелер боюнча шайлоочуларга, талапкерлерге, алардын ишенимдүү адамдарына жана байкоочуларга, саясий партиялардын жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, шайлоонун башка катышуучуларына укуктук, кеңеш-усулдук жардам берүү.

Коомдук кабылдамаКыргыз Республикасыныншайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын имаратында төмөнкү даректе жайгашкан:Бишкек шаары,Раззаков көчөсү, 59, 101-бөлмө. Сиз + (996 312) 66 02 40 телефонуна чала аласыз. Кызматкерлер күн сайын (ишемби жана жекшемби күндөрүндө дагы) саат 09. 00дөн 18. 00гө чейин иштешет.

Ош шаардын коомдук кабылдамасы Ленина 221 кочосу 9 бөлмөдө жайгашкан, байланыш телефон 0550 120641, Кызматкерлер күн сайын саат 09:00дөн 18:00гө чейин иштешет. 

 

 КР БШК басма сөз кызматы