БШК жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитти

21 октября 2016

21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйынында жаңы түзүлгөн участокторду жана алардын кээ бирлеринин чек араларына киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен шайлоо округдарынын чек араларын жана схемаларын бекитүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Маселен, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо, Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссияларында, ошондой эле Баткен облусунун Лейлек аймактык шайлоо комиссия жаңы участоктор түзүлүп, чек аралары өзгөртүлөт. Ошентип, 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган жергиликтүү  кеңештерге шайлоо ушул бекитилген схемалар боюнча өтөт.

Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Жалалов Муродилло Мухитдиновичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош депутаттык мандатты кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө кабыл алган чечими бир добуштан бекитилди.

Жыйында Кыргыз Республикасынын кээ бир аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине өзгөртүүлөр киргизилди.

Жалал-Абад Базар-Коргон, Чаткал,  Талас облусунун Манас, Бакай-Ата,  Ысык-Көл облусунун Балыкчы, Түп, Чүй  облусунун Москва, Чүй, Ош облусунун Ноокат, Ош аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине өзгөртүүлөр киргизилди.

 

 

 

КР БШК басма сөз кызматы