Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук …

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө КАЙРЫЛУУСУ

20-Окт, 2016

 

 

Урматтуу Кыргыз Республикасынын саясий партияларынын өкүлдөрү, жергиликтүү жамааттарынын мүчөлөрү!

Урматтуу аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү!

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 10-октябрындагы № 213 Жарлыгы менен 2016-жылдын 11-декабрына жергиликтүү  кеңештердин депутаттарын шайлоо дайындалды.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Борборшайкому шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү укугун кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбестигин эскертет.

Маселен, “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамдын 23-беренесинин 1-пунктуна ылайык шайлоо алдында үгүт иштери бардык талапкерлерди жана талапкерлердин тизмесин каттоо мөөнөтү аяктагандан кийин башталып, добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда аяктарын эске салабыз.

2016-жылдын 11-декабрында өтүүчү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шаардык кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн мурда б.а. 2016-жылдын 10-ноябрына чейин аяктайт. Айылдык кеңештерге депутаттыкка талапкерлерди каттоо добуш берүү күнүнө чейин 20 календардык күн мурда б.а. 2016-жылдын 20-ноябрына чейин аяктайт.

Ошентип, Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык шаардык кеңештерге саясий партиялардан депутаттыкка талапкерлер үгүттөө иш-чараларын 2016-жылдын 11-ноябрынан, айылдык кеңештерге депутаттыкка талапкерлер үгүттөө иш-чараларын 2016-жылдын 21-ноябрынан өткөрүүгө укуктуу.

Бардык талапкер үчүн үгүт иштери добуш берүү башталганга чейин 24 саат мурда б.а. 2016-жылдын 10-декабрында саат 08. 00гө чейин аяктайт.

Аталган Мыйзамдын 2-беренесине ылайык “үгүт материалдары - шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыган жана шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө жапырт таратуу, элге жарыялоо үчүн арналган басылма, укма-көрмө жана башка материалдар”.

Ошентип, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышууну көздөгөн саясий партиялардын жана талапкерлердин Кыргыз Республикасынын Президентинин жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө Жарлыгы расмий түрдө жарыялангандан кийин илинген үгүт жана маалымат материалдары Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын ушул Кайрылуусу расмий кабыл алынгандан кийин 5 (беш) календардык күндүн ичинде алынууга же демонтаж кылынууга тийиш.

 

Урматтуу аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү!

“Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамдын 28-беренесинин 1, 8-пункттарынын негизинде шайлоо комиссиялары шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн белгиленген тартибинин сакталышын контролдойт.

Ошондой эле, укук коргоо органдары шайлоо алдындагы жасалма жана мыйзамсыз даярдалган басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын жасоону болтурбоо жана аларды алып коюу боюнча, ошондой эле көрсөтүлгөн материалдарды жасоочуларды жана аларга акы төлөөнүн булактарын белгилөө боюнча шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүүгө тийиш экенин эскертебиз.

Талапкер, саясий партия тарабынан жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө Мыйзамда белгиленген талаптар бузулган учурда тиешелүү шайлоо комиссиясы талапкерге, саясий партияга тартип бузуулар жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүүгө укуктуу экенин эске салабыз.

Талапкер, саясий партия тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн талаптар бир нече жолу бузулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү шайлоо комиссиясынын сунуштоосу же болбосо өз демилгеси боюнча талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

 

Урматтуу шайлоо процессинин катышуучулары!

Борбордук шайлоо комиссиясы алдыдагы шайлоону мыйзамдарга ылайык өткөрүү максатында шайлоо процессинин бардык катышуучуларын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин бекем сактоону жана шайлоо процессинин башка катышуучулары менен өз ара аракеттенүүдө өз ара урматтоону жана сабырдуулукту көрсөтүүнү өтүнөт.

 

 

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>