Борбордук шайлоо комиссиясы алдыдагы шайлоону өткөрүү боюнча календардык планды кабыл алды
17 октября 2016
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 14-октябрында өткөн жыйынында 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдануу жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы кабыл алынды.
Планда шайлоо округдарын жана шайлоо участокторун түзүү мөөнөттөрү, аймактык жана участоктук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн окутуп-үйрөтүү тренингдерин өткөрүү, шайлоочулардын тизмеси менен иштөөнүн убактылары, депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо, шайлоо алдындагы үгүт иштерин баштоо жана аяктоо, шайлоого эл аралык байкоочуларды чакыруу, шайлоону каржылоо, шайлоо фондуларын түзүү, участоктук шайлоо комиссияларына шайлоо бюллетендерин даярдоо жана өткөрүп берүү тартиби, добуш берүүнү өткөрүү жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө, шайлоо жыйынтыктарын аныктоо тартиби жөнүндө негизги жоболор каралган.
Календардык план менен Сиз төмөнкү шилтеме боюнча тааныша алысыз:
