Башкы Жаңылыктар КР БШК журналисттер үчүн “Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоону …

КР БШК журналисттер үчүн “Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоону ЖМКда чагылдыруунун өзгөчөлүктөрү” деген темада семинар-тренинг өткөрдү

14-Окт, 2016

КР БШКбүгүн 2016-жылдын 14-октябрында БУУнун Өнүктүрүү долбоорунун техникалык колдоосу менен журналисттер үчүн жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоону чагылдыруунун өзгөчөлүктөрү боюнча семинар-тренинг өткөрдү.

Иш-чарага республиканын бардык региондорунан райондук, облустук, республикалык ЖМКлардан 80 журналист катышып, 2016-жылдын 11-декабрында өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоону маалыматтык жактан камсыздоо боюнча сунуштамаларды алышты.

Семинар-тренинг журналисттердин шайлоо мезгилинде иштөөсүнүн эң маанилүү өңүттөрүн, анын ичинде ЖМКны аккредиттөө маселелерин, шайлоо мыйзамдарынын обзорун, шайлоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн негизги этаптарын, шайлоо процессинин жүрүшү жөнүндө жарандарды маалымдоонун өзгөчөлүктөрүн, шайлоо алдындагы үгүт иштеринин эрежелерин камтыды.

“Жарандардын шайлоо институтуна ишеними шайлоо реформасынын натыйжасында 2015-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин кайрадан арта баштагады. Эми аны мындан ары чыңдап, туруктуу деңгээлге жеткизүү зарыл. 11-декабрда 405 жергиликтүү кеңешке өтө турган шайлоо биз үчүн абдан маанилүү, өз айырмачылыктары бар окуя. Жарандар жергиликтүү жамаатты өнүктүрүүнүн эң маанилүү маселелерин чечүү милдетин аркалаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын – кеңештерди шайлайт. Ар бир региондо жарандарга шайлоонун жүрүшү тууралуу так маалыматты өз убагында жеткизүү чоң мааниге ээ. Аймактык шайлоо комиссиялары ЖМК өкүлдөрү менен тыкыс кызматташып, иштөөсү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясыбүт күч-аракетин жумшайт”, деди КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова өзүнүн куттуктоо сөзүндө.

КР БШКнын төрагасы, ошондой эле, ЖМКлар жарандарга жергиликтүү шайлоо тууралуу маалымдоодон сырткары,шайлоочулардын добушун сатып алуу сыяктуу терс көрүнүштү азайтууда негизги ролду аткара алышарын белгиледи.

“Добуш берүүнүн жыйынтыктарын саноону, чогултууну, чыгарууну автоматташтыруу шайлоонун жыйынтыктарын комиссиялардын деңгээлинде бурмалоонун мүмкүнчүлүгүн иш жүзүндө жокко чыгарат. Добуш берүүнүн керектүү жыйынтыктарын мурдагыдай комиссиялардан сатып алуунун мүмкүн эместиги талапкерлер жана партиялар тарабынан шайлоочулардытүздөн-түз сатып алуу фактыларынын көбөйүшүнө алып келди. Бирок добуштарды сатып алууга каршы сапаттуу маалыматтык кампания бул терс көрүнүшкө каршы күрөшүүгө жардам берет”, деп кошумчалады Н.Шайлдабекова.

Шайлоо алдындагы кампаниянын негизги этаптары КР БШКнын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А. Өмуралиевдин сөзүндө чагылдырылды.

КР БШКнын төрагасынын орун басары А.Абдрахматова семинар-тренингдин катышуучуларын шайлоонун укуктук өңүттөрү менен тааныштырып, шайлоонун жүрүшүндө маалымдоо жана үгүттөө эрежелерин бузгандык үчүн жоопкерчиликтин маселелери тууралуу баяндап берди. КР БШКнын мүчөсү Г.Джурабаева ЖМКларды аккредиттөөнүн эрежелерин түшүндүрдү.

БУУнун Өнүктүрүү долбоорунун медиа-кеңешчиси Г.Торалиева шайлоону ЖМКда чагылдыруунун маселелери боюнча чыгып сүйлөдү. Семинар-тренингдин катышуучулары шайлоонун жүрүшүн маалымдоо процессинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири маалымат алышты.

Ошондой эле, БШКнын мүчөлөрү жана журналисттер шайлоо мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрүн, ЖМКларды аккредиттөөнүн шарттарын, маалымдоонун жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү маселелерин талкуулашты. Иш-чаранын катышуучулары БШК, БШКнын мүчөлөрү, БШКнын ар бир облус боюнча региондук кураторлору менен маалымат алмашуу тартибин макулдашты. Региондордогу кампаниянын жүрүшү тууралуу маалыматтык билдирүүлөр райондордогу жана облустардагы басылма жана электрондук ЖМКларда чагылдырылмакчы.

Семинар-тренингдин соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. Региондук жана республикалык ЖМКлардын өкүлдөрү иш-чараны өз убагында уюштурганы үчүн КР БШКга жана БУУнун Өнүктүрүү долбооруна ыраазычылык билдиришти.

 

КР БШКнын басма сөз кызматы

 

 

 

 

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>