2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүттөөгө катышууну каалаган ЖМК үчүн маалымат
12 октября 2016
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 10-октябрындагы №213 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо датасы белгиленди. Ушуга байланыштуу КР БШК жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүттөөгө катышуу үчүн ЖМКларды аккредитациялоо башталганы тууралуу жарыялайт.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 20-пунктуна ылайык шайлоо өткөрүү учурунда шайлоону дайындоо тууралуу чечим расмий түрдө жарыялангандан кийин 10 календарлык күндөн кечиктирилбестен б.а. 2016-жылдын 22-октябрына саат 18.00 чейин обо убактысына, басма аянтына төлөө өлчөмдөрү ж.б. шарттар тууралуу маалыматтар тиешелүү телерадио берүү уюму, мезгилдүү басма сөз басылмаларынын редакциялары тарабынан жарыяланып, КР БШКга берилүүгө тийиш.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин 4-пунктуна ылайык талапкерлерге, саясий партияларга жана шайлоочулардын топторуна берилүүчү акы төлөмө обо убактысынын наркы шайлоо дайындалганга чейин 6 ай мурда алынган нарктан ашпоого тийиш.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүттөөгө катышууну каалаган ЖМКлардан төмөнкү документтерди берүүнү түнөбүз:
- КР БШКнын төрагасынын атына арыз;
- Юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- Жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
- Уставдын көчүрмөсү;
- Берүүгө лицензия (радио жана телеканалдар үчүн);
- Гезитке рекламалык-маалымат материалын (прайс-барак) жайгаштырууга белгиленген баалар тууралуу жарыя (публикация).
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү 2016-жылдын 22-октябры саат 18.00 чейин.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүттөөгө катышууну каалаган интернет басылмалар үчүн домендик кызматтан маалымкат (справка) тапшырууну өтүнөбүз.
Документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Раззаков көчөсү, 59, 301-бөлмө.
Сурап-билүү телефону: (312) 620150.
КР БШКнын басма сөз кызматы.
