Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук …

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) Кайрылуусу

14-Сен, 2016

Алдыда турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо  Нарын облусунун Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука, Базар-Коргон, Тогуз-Торо, Майлуу-Суу жана  Чаткал аймактык шайлоо комиссияларынын, Ош облусунун Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын, Чүй облусунун Москва аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо зарылчылыгы келип чыкты. Нарын облусунун Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука, Базар-Коргон, Тогуз-Торо, Майлуу-Суу жана  Чаткал аймактык шайлоо комиссияларынын, Ош облусунун Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын, Чүй облусунун Москва аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоонун зарылчылыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча  борбордук комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан жана саясий партиялардан өкүлдөрдү көрсөтүүсү жөнүндө жарыялайт.

Ошондой эле Баткен, Лейлек, Сүлүктү, Кадамжай, Аксы, Ноокен, Таш-Көмүр, Токтогул, Араван, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Ноокат, Өзгөн, Ат-Башы, Кочкор, Нарын шаардык, Жумгал, Бакай-Ата, Талас шаардык, Аламүдүн, Кемин, Панфилов, Сокулук, Тоң, Ысык-Көл, Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын резервдеринде саясий партиялардын өкүлдөрү жоктугуна байланыштуу, аталган АШКларды саясий партиялардын өкүлдөрү менен толуктоо зарылчылыгы келип чыкканын белгилейбиз.     

Аймактык шайлоо комиссиялардын резервине талапкерлерди көрсөтүүдө жарандардын макулдугун, ошондой эле шайлоо өнөктүгүнө, коомдук турмушка катыштыгын,  кесипкөйлүк жана жеке сапаттарын эске алуу керек.

Көрсөтүлгөн субьектилер, шайлоо комиссиянын мүчөлүгүнө талапкер эреже катары тийиштүү калктуу пунктта жашашын эске алуусу зарыл.

Аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жарандардын чогулуштарынан, коомдук бирикмелерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор чогулуштун төрагасынын жана катчысынын кол тамгасы менен бекитилиши керек. Протоколго чогулуштун катышуучуларынын тизмеси жашаган жери көрсөтүлгөн, коюлган кол тамгалары менен тиркелиши зарыл. Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге: талапкердин аймактык шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдук арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө милдеттимеси; паспортунун көчүрмөсү; иштеген, окуган, билим алган жерлерин көрсөтүү менен (кадрлардын эсеби боюнча жеке баракча, резюме) өмүр баян маалыматы: жашаган жеринин дареги, телефондор (үй, уюлдук, электрондук дарек) тиркелет

Нарын, Ала-Бука, Базар-Коргон, Тогуз-Торо, Майлуу-Суу, Чаткал, Чоң-Алай, Москва аймактык шайлоо комиссияларынын резервине жарандардын чогулуштарынан, коомдук бирикмелерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү өкүлчүлүктүү органдарында  (шаардык, райондук кеңештер) 2016-жылдын 3-октябрында 18.00 саатка чейин кабыл алынат. Нарын, Ала-Бука, Базар-Коргон, Тогуз-Торо, Майлуу-Суу, Чаткал, Чоң-Алай, Москва, Баткен, Лейлек, Сүлүктү, Кадамжай, Аксы, Ноокен, Таш-Көмүр, Токтогул, Араван, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Ноокат, Өзгөн, Ат-Башы, Кочкор, Нарын шаардык, Жумгал, Бакай-Ата, Талас шаардык, Аламүдүн, Кемин, Панфилов, Сокулук, Тоң, Ысык-Көл, Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын резервине саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында 2016-жылдын 3-октябрында 18.00 саатка чейин кабыл алынат.

 

Маалымат алуу үчүн телефондор: 66-01-09 66-51-86 620829 www.shailoo.gov.kg.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>