«Түндүк» мобилдик тиркемесинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн шайлоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган жаңы санариптик кызмат - «Шайлоочунун кабинети» ишке киргизилди. Кызмат шайлоочуларга онлайн форматта өзүнүн шайлоо участогу тууралуу маалымат алууга, буга чейин берилген арыздарды көрүүгө, ошондой эле шайлоо участоктору боюнча каттоосу кайда которулганы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин «Шайлоочунун кабинети» өзүнчө веб-сайт түрүндө жеткиликтүү болсо, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн анын функционалы «Түндүк» мобилдик тиркемесине көчүрүлдү. Бул шайлоочуларга керектүү маалыматтарды бирдиктүү мамлекеттик санариптик канал аркылуу тез жана ыңгайлуу алууга шарт түзөт. Бул кызматтын ишке киргизилиши шайлоо процессин санариптештирүү, мамлекеттик кызматтардын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле жарандардын шайлоого байланыштуу маалыматтарды алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп саналат. Жаңы мобилдик кызмат «Түндүк» тиркемесинин колдонуучулары үчүн каттоодон өткөндөн кийин жеткиликтүү.
«Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Шайлоочунун кабинети» санариптик кызматы ишке киргизилди
15-Июн, 2026
YouTube'дан көрүү
Башка видеолор
29-Сен, 2026
Шайлоо - 2027: БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров түз эфирде суроолорго жооп берди
29-Сен, 2026
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров Белоруссияда
29-Сен, 2026
КР ЖК жыйынында КР Референдуму жөнүндө Конституциялык мыйзамдын долбоору биринчи окуудан кабылалынды
29-Сен, 2026
ЖУК жана КРСУнун студенттери КР БШКда болушту: шайлоо процесси менен таанышуу
29-Сен, 2026
БШК Жогорку Кеңештен президенттик шайлоону дайындоо маселесин кароону суранды
29-Сен, 2026
БШК төрагасы “Ала-Тоо 24” каналынын түз эфиринде
29-Сен, 2026
КР БШК төрагасы Т.Шайназаров шайлоо тутумуна киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча маалымат берди
29-Сен, 2026
Бир жаран - бир добуш
29-Сен, 2026
БШК төрагасы “Ала-Тоо 24” каналынын түз эфиринде
29-Сен, 2026