«Түндүк» мобилдик тиркемесинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн шайлоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган жаңы санариптик кызмат - «Шайлоочунун кабинети» ишке киргизилди. Кызмат шайлоочуларга онлайн форматта өзүнүн шайлоо участогу тууралуу маалымат алууга, буга чейин берилген арыздарды көрүүгө, ошондой эле шайлоо участоктору боюнча каттоосу кайда которулганы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин «Шайлоочунун кабинети» өзүнчө веб-сайт түрүндө жеткиликтүү болсо, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн анын функционалы «Түндүк» мобилдик тиркемесине көчүрүлдү. Бул шайлоочуларга керектүү маалыматтарды бирдиктүү мамлекеттик санариптик канал аркылуу тез жана ыңгайлуу алууга шарт түзөт. Бул кызматтын ишке киргизилиши шайлоо процессин санариптештирүү, мамлекеттик кызматтардын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле жарандардын шайлоого байланыштуу маалыматтарды алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп саналат. Жаңы мобилдик кызмат «Түндүк» тиркемесинин колдонуучулары үчүн каттоодон өткөндөн кийин жеткиликтүү.
«Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Шайлоочунун кабинети» санариптик кызматы ишке киргизилди
15-Июн, 2026
YouTube'дон көрүү
Башка видеолор
05-Авг, 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т.Шайназаровдун маалымат жыйыны болуп өттү
05-Авг, 2025
Электоралдык кызматташтык жана жаштар саясаты: Кыргызстанда Ысык-Көл форуму аяктады
05-Авг, 2025
Инклюзивдүү шайлоо системасы
27-Сен, 2024
Азыр баштоодон коркпо, чоң өзгөртүүлөр кичинеден башталат!
27-Сен, 2024
-
07-Окт, 2023
-
07-Окт, 2023
Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүү
04-Сен, 2023
Ленин райондук шайлоо округунан ЖКнын депутаттыгына талапкер Самаков Кубанычбек Карганбекович
24-Авг, 2023
Ленин райондук шайлоо округунан ЖКнын депутаттыгына талапкер Саралаева Лейла Маратовна
24-Авг, 2023