16-Окт, 2026
YouTube'дан көрүү
2026-жылдын 16-октябрында Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйыны өттү.
Жыйында Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартиби бекитилип, айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдары өзгөртүлүп, резервдери толукталды.
Ошондой эле Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн боюнча айрым депутаттардын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош мандаттар кийинки талапкерлерге берилди.
Мындан тышкары, Президенттикке талапкер А. Касеновдун ыйгарым укуктуу өкүлү катталып, 2027-жылкы Президенттик шайлоодо үгүт иштерине катышуу үчүн ЖМКлар менен интернет-басылмалар аккредитацияланды.