03.07.2025 №33 Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүнд
Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
Баткен шаардык, Баткен, Сүлүктү, Кызыл-Кыя, Кадамжай, Алай, Араван, Кара-Кулжа, Ноокат, Чоң-Алай, Майлуу-Суу, Тогуз-Торо, Кара-Көл, Токтогул, Аксы, Базар-Коргон, Ала-Бука, Ноокен, Чаткал, Сузак, Таш-Көмүр, Талас шаардык, Талас, Бакай-Ата, Айтматов, Манас, Кемин, Токмок, Чүй, Ысык-Ата, Кант, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл, Кара-Балта, Панфилов, Нарын шаардык, Нарын, Жумгал, Кочкор, Ат-Башы, Ак-Талаа, Балыкчы, Жети-Өгүз, Каракол, Ак-Суу жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү тууралуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылган чечимдеринин негизинде, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-1-беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 токтому менен бекитилген “Шайлоо округдарынын жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын башкаруунун тартиби жөнүндө” Жобого, ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
– Баткен облусунун Баткен шаардык, Баткен, Сүлүктү, Кызыл-Кыя, жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары 1-тиркемеге ылайык;
– Ош облусунун Алай, Араван, Кара-Кулжа, Ноокат жана Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары 2-тиркемеге ылайык;
– Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу, Тогуз-Торо, Кара-Көл, Токтогул, Аксы, Базар-Коргон, Ала-Бука, Ноокен, Чаткал, Сузак жана Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссияларынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары 3-тиркемеге ылайык;
– Талас облусунун Талас шаардык, Талас, Бакай-Ата, Айтматов жана Манас аймактык шайлоо комиссияларынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары 4-тиркемеге ылайык;
– Чүй облусунун Кемин, Токмок, Чүй, Ысык-Ата, Кант, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл, Кара-Балта жана Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары 5-тиркемеге ылайык;
– Нарын облусунун Нарын шаардык, Нарын, Жумгал, Кочкор, Ат-Башы жана Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссияларынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары 6-тиркемеге ылайык;
– Ысык-Көл облусунун Балыкчы, Жети-Өгүз, Каракол, Ак-Суу жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары 7-тиркемеге ылайык.
2. Бул токтом “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары боюнча өзгөрүүлөр тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн.
4. Бул токтом тийиштүү тиркемелери менен бирге жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
5...Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-жылдын 3-июлу
№ 33
