Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР БШКнын 2025-жылдын 11-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
11.11.2025

КР БШКнын 2025-жылдын 11-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 11-ноябры Убактысы: 17:00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   №28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ибраев Саматбек Кулукеевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Абдалиев Мейкинбек Акимовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып Б.М. Мейкинбекованы жана А.М. Мейкинбековду каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 6 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Омурзаков Алымбек Замирбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сулайманов Эльдар Нурлановичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) №19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Джунусалиев Рамис Майрамбековичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) №22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ибраимов Болот Адылбековичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) №23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) №30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сыдыков Мурадил Жанышбековичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) №24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Улукбек Карыбек уулунун ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 18 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Айдаров Манас Мусадиновичтин ишенимдүү адамдарын жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) Скрипкина Галина Анатольевнаны № 23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевичти Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясындагы өкүлү кылып каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 22 округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө (баяндамачы –Кожекеева М.Д., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) № 21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Айдарбеков Чыңгыз Азаматовичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө (баяндамачы – Закиров А.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти) № 25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Жунусбеков Төрөкан Бейшенбековичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө (баяндамачы – Закиров А.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
10.11.2025

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 10-ноябрда, Айтматов, Токмок, Москва, Манас шаардык, Сузак, Нарын жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти: - Талас облусунун Айтматов районунун Аманбаев айылдык кеңешинин (№ 1 Кара-Сай шайлоо округу) депутаты Абдиев Рамил Сулаймановичтин ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Сыдыкбеков Урматбек Анаркуловичке өткөрүлүп берилди; - Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаты Саккараева Джанара Медербековнанын (“Эл биримдиги” фракциясы) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат саясий партиянын тизмесинде шайланган кийинки талапкер Мамбетжанова Алтынай Кадырбековнага (“Эл биримдиги” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди; - Чүй облусунун Москва районунун Миң-Булак айылдык кеңешинин (№ 8 шайлоо округу) депутаты Болжокеев Изат Замирбековичтин ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Глущенко Сергей Ивановичке өткөрүлүп берилди; - Жалал-Абад облусунун Манас шаардык кеңешинин депутаты Юлдашева Зилола Абдужалиловнанын («Адилет» фракциясы) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат саясий партиянын тизмесинде шайланган кийинки талапкер Борубаева Бегимай Борубаевнага («Адилет» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди; - Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаты Абдираимов Марлен Эркимбаевич («Жаңы Кыргызстан» фракциясы) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат саясий партиянын тизмесинде шайланган кийинки талапкер Мамайкулов Алтынбек Алибековичке («Жаңы Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди; - Нарын облусунун Нарын районунун Жан-Булак (№1 Жан-Булак шайлоо округу) жана Чет-Нура (№2 Орто-Нура шайлоо округу) айылдык кеңештеринин депутаттары Акматов Саматбек Саламатовичтин жана Мамырбеков Асылбек Асантуровичтин ыйгарым укуктары алардын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандаттар шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып, шайланган кийинки талапкерлер Ормокеев Болотбек Рыскуловичке жана Сталбек уулу Эсенбекке өткөрүлүп берилди; - Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айылдык кеңешинин (№ 1 Кара-Тоо-Арсы шайлоо округу) депутаты Жээнбек уулу Таалайбектин ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Капесов Кумарбек Кубатовичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуу графиги
10.11.2025

КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуу графиги

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча 30 көп мандаттуу шайлоо округдарынын талапкерлеринин шайлоочулар менен жолугушуулары 2025-жылдын 10-26-ноябрына чейин пландаштырылган. Жолугушууларды округдук шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 26-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык өткөрүшөт. График тиркемеде: Жолугушуулардын графиги менен бул жерден тааныша аласыздар: тиркеме.  
Кененирээк билүү >>
УТРК жана ЭлТР мамлекеттик телеканалдарда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер үчүн акысыз эфир убактысын бөлүштүрүү графиги
10.11.2025

УТРК жана ЭлТР мамлекеттик телеканалдарда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер үчүн акысыз эфир убактысын бөлүштүрүү графиги

Мыйзамга ылайык, талапкерлерге мамлекеттик телерадио уюмдарынын телеканалдарында акысыз эфир убактысы берилүүгө тийиш. Белгиленген акысыз эфир убактысынын жалпы көлөмүнүн кеминде жарымы талапкерлердин биргелешкен дебаттарына жана башка ушул сыяктуу үгүт иш-чараларына гана арналат. Бул бөлүнгөн убакытты колдонууга бардык талапкерлер тең укуктуу негизде пайдаланууга тийиш. Биргелешкен үгүт иш-чараларына (дебаттарга жана ушул сыяктуу форматтагы иш-чараларга) катталган талапкерлер сөзсүз түрдө өздөрү жеке катышууга милдеттүү. Катталган талапкердин өкүлдөрү же колдоо топторуна мындай иш-чараларга катышууга жол берилбейт. Эгер талапкер дебатка катышуудан баш тартса, же белгиленген убакта келбей калса, ага башка убакытта эфир берилбейт. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн катталган талапкерлердин арасында УТРК жана ЭлТР телеканалдарындагы акысыз эфир убактысын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак өткөргөн. Чүчүкулактын жыйынтыгына ылайык, дебаттарга жана жеке кайрылууларга катышуу ирети төмөнкүдөй болуп аныкталды: тиркеме УТРК  ЭЛТР  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров КМШнын Башкы катчысынын биринчи орун басары, КМШ байкоочуларынын миссиясынын башчысы Игорь Петришенко менен жолукту
10.11.2025

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров КМШнын Башкы катчысынын биринчи орун басары, КМШ байкоочуларынын миссиясынын башчысы Игорь Петришенко менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 10-ноябрда КМШнын Башкы катчысынын биринчи орун басары, КМШ байкоочуларынын миссиясынын башчысы Игорь Викторович Петришенко менен жолукту. Жолугушууга КМШнын аткаруу комитетинин өкүлдөрү - миссиянын штабынын башчысы жана кеңешчиси Евгений Козяк, кеңешчиси Олег Кулеба катышты. Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү маселелери, шайлоо процессинин уюштуруу жана техникалык жагдайлары, ошондой эле анын ачык-айкындыгын, бардык катышуучуларга тең шарттарды камсыз кылуу чаралары талкууланды. Игорь Петришенко КМШ байкоочуларынын миссиясынын КР Борбордук шайлоо комиссиясы менен жогорку деңгээлдеги кызматташуусун белгилеп, Кыргызстан менен кызматташтык конструктивдүү жана көп жылдык мүнөзгө ээ экенин баса белгиледи. Ал миссиянын алкагында өлкөгө болжол менен 150 байкоочу келээрин, алар шайлоонун бардык этаптарында мониторинг жасай тургандыгын билдирди. Анын айтымында, миссиянын байкоо салуусу мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоо жарыяланган учурдан баштап жүргүзүлүп келет жана миссия мамлекет шайлоочулар үчүн максималдуу шарттарды түзүү менен шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусун жогорулатууга басым жасап жатканын белгилейт. Тынчтык Шайназаров шайлоого даярдык көрүү боюнча учурдагы жүрүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип, бүгүн шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү башталгандыгын билдирди. Ал шайлоо системасындагы реформалар бардык жарандар үчүн тең шарттарды түзүүгө, анын ичинде чет өлкөлөрдөгү мекендештер үчүн да добуш берүү мүмкүнчүлүгүн арттырууга багытталганын баса белгиледи. Буга байланыштуу БШК төрагасы өлкө аймагынан тышкары добуш берүү үчүн 100 шайлоо участогу уюштурулганын, алардын көпчүлүгү Кыргызстандын жарандары көп жашаган Россия Федерациясында ачылганын маалымдады. Жолугушуунун соңунда Игорь Петришенкого жана делегация мүчөлөрүнө шайлоо жабдууларынын иши жана алардын иштөөсүнүн техникалык принциптери көрсөтүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдарын жана өкүлүн каттады
10.11.2025

КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдарын жана өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 10-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдарын жана өкүлүн каттады: - №27 шайлоо округу боюнча талапкер Качкынов Самат Турганбековичтин ишенимдүү адамдары: И.Б. Качкынов, Э.Б. Сейкембаев, М.М. Аманкулов, Э.К. Джайлобаев, Р.А. Ибраев, А.Б. Шингибаев, Н.К. Атагулов, Б.Ж. Качкынов, У.Р. Мукашев; - №17 шайлоо округу боюнча талапкер Эсенаманова Чолпон Замирбековнанын ишенимдүү адамдары: Т.Н. Азылов, Б. Сабырбеков, А.Б. Батыркулов, Б.Э. Хидиров; - №2 шайлоо округу боюнча талапкер Калпаев Бактыяр Алиевичтин ишенимдүү адамы: Н.Ш. Сальпиева; - №25 шайлоо округу боюнча талапкер Никитенко Наталья Владимировнанын ишенимдүү адамдары: А.А. Сасыкбаева, А.С. Кыйгырова, О.А. Уманкулова, Д.К. Мамыралиев; - №14 шайлоо округу боюнча талапкер Борбиев Болотбек Ибраимовичтин ишенимдүү адамы: Н.С.Момуналиев; - №14 шайлоо округу боюнча талапкер Борбиев Болотбек Ибраимовичтин өкүлү: М.Идрис уулу. Ишенимдүү адамдарга жана өкүлгө белгиленген үлгүдөгү ырастамалар берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
10.11.2025

КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 10-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады: - №30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер Капаров Чынгыз Капаровичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча К.С. Капаров жана каржы боюнча С.А. Абылбекова; - №19 шайлоо округу боюнча талапкер Кенжеева Эльмира Жусупбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча Б.М. Канбутаева. Ошондой эле №13 шайлоо округу боюнча талапкер Алтынбеков Айбектин каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Акышовдун каттоосу жокко чыгарылып, анын ордуна А.С.Белеков каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүл болуп катталды. Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>
Эки талапкер парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты
10.11.2025

Эки талапкер парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 10-ноябрда, Жогорку Кеңештин депутаттыгына эки талапкердин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыздарын карады. Шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыздарды төмөнкү талапкерлер беришкен: - №17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер Рыскулбек уулу Нурмат; - № 28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер Бараканов Руслан Төлөмүшович. Эки талапкер тең арыздарын БШКга 2025-жылдын 8-ноябрында берген. КР БШКсы жогоруда аталган талапкерлердин каттоосун жокко чыгарды. Ошондой эле алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоосу да жокко чыгарылды.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылдын 10-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
10.11.2025

КР БШКнын 2025-жылдын 10-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 10-ноябры Убактысы: 12:00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   1. №17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Рыскулбек уулу Нурматтын каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 2. №28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бараканов Руслан Төлөмүшовичтин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 3. №13 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Алтынбеков Айбектин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 4. №30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Капаров Чынгыз Капаровичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып К.С. Капаровду жана С.А. Абылбекованы каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 5. №19 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кенжеева Эльмира Жусупбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлү кылып Б.М. Канбутаеваны каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 6. №27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Качкынов Самат Турганбековичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 7. №17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Эсенаманова Чолпон Замирбековнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 8. №2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Калпаев Бактыяр Алиевичтин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 9. №25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Никитенко Наталья Владимировнанын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 10. №14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Борбиев Болотбек Ибраимовичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 11. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында №14 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Борбиев Болотбек Ибраимовичтин өкүлү катары Идрис уулу Мирланды каттоо жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 12. Айтматов, Токмок, Москва, Манас шаардык, Сузак, Нарын жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)  
Кененирээк билүү >>
Шайлоо–2025: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын  мөөнөтүнөн мурда шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды
10.11.2025

Шайлоо–2025: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын  мөөнөтүнөн мурда шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды

Бүгүн, 10-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» контитуциялык мыйзамга ылайык, шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн башталып, добуш берүүгө 24 саат калганда токтойт. Алдыдагы шайлоо мөөнөтүнөн мурда өткөрүлүп жаткандыктан, жалпы шайлоо процессинин мөөнөтү үчтөн бирге кыскартылган. Ошого ылайык, шайлоо алдындагы үгүт 20 күнгө уланат. Тактап айтканда, 2025-жылдын 10-ноябрынан 2025-жылдын 29-ноябры, саат 8:00гө чейин. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоого катышуу үчүн жалпы 467 талапкерди каттады, алардын 276 - эркектер, 191 – аялдар. Ошентип, 2025-жылдын 10-ноябрынан тартып талапкерлер, саясий партиялар жана башка кызыкдар жарандар шайлоочуларды белгилүү бир талапкерлер үчүн же аларга каршы добуш берүүгө үндөгөн, ошондой эле талапкерлердин шайлоо алдындагы программаларын эркин жана ар тараптуу талкуулоого багытталган ишмердүүлүктү жүргүзүүгө укуктуу. Бул учурда негизги талап – үгүт иш-чараларынын бардык формалары жана ыкмалары шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык болушу керек. Үгүттөө чогулуштарда, митингдерде, жалпыга маалымдоо каражаттары, ошондой эле интернет-басылмалары аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн. Шайлоо комиссиялары үгүт жүргүзүүнү жана шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүнү камсыз кылууга тийиш. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үгүт жүргүзүү үчүн республикалык бюджет каражаттарынын эсебинен жолугушууларды өткөрүүнүн бардык талаптарына ылайык келген жайды, үгүт материалдарын илүү үчүн орундарды же аянттарды берүүгө тийиш. Мыйзамга ылайык, төмөнкүлөр шайлоо алдындагы үгүт катары таанылат: - тигил же бул талапкер үчүн добуш берүүгө же болбосо аларга каршы добуш берүүгө үндөөлөр; - айрым талапкерлерге карата колдоону билдирүү; - талапкерди шайлоонун же шайлабай коюунун мүмкүн болуучу кесепеттерин баяндап жазуу; - талапкерлердин, алардын кесиптик иштерине же алардын өздөрүнүн кызматтык (кызмат орундук) милдеттерин аткарууларына байланышпаган ишмердиги жөнүндө маалыматтарды таратуу. Талапкерлерге, саясий партияларга жалпыга маалымдоо каражаттарына жеткиликтүүлүктүн тең шарттарына кепилдик берилет. Шайлоо алдындагы үгүттөө төмөнкүдөй жүзөгө ашырылышы мүмкүн: - жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу; - концерттерди, театралдаштырылган оюндарды жана спорттук иш-чараларды кошпогондо, ачык үгүт иш-чараларын (митингдер, чогулуштар, теледебаттар жана башкалар) өткөрүү аркылуу; - басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таратуу жолу менен (үгүт материалдарын өлкөнүн аймагынан тышкары жерде даярдоого тыюу салынат, ар бир материалдын нускасы же көчүрмөсү БШКга тапшырылууга тийиш); - конституциялык мыйзамда тыюу салынбаган башка тариздерде. Төмөнкүлөргө үгүт жүргүзүүгө, кандай болбосун үгүт материалдарын чыгарууга жана таратууга тыюу салынат: - мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларга; - мамлекеттик саясий кызмат орундарын ээлеген адамдарга, Жогорку Кеңештин депутаттарын кошпогондо; - атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кошпогондо; - шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө; - байкоочуларга, эл аралык байкоочуларга; - диний ишмерлерге; - кайрымдуулук иштери менен алектенишкен уюмдардын уюштуруучуларына жана мүчөлөрүнө; - 18 жашка толо электерге; - чет элдик жарандарга жана уюмдарга; - жарандыгы жок адамдарга; - аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлерине. Кыргыз Республикасынын аймагында таратылуучу чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарында шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат. Шайлоо мезгилинде чет өлкөлүк теле жана радио программалар жазылып алынган түрүндө көрсөтүлөт. Кандидаттардын жана саясий партиялардын ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды камтыган теле жана радио программаларды алып көрсөтүүгө тыюу салынат. Мындай учурларда көрсөтүлгөн маалыматтарды тараткан жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жоопкерчиликке тартылышат. Каржылоону талап кылган шайлоо алдындагы үгүт иштерин талапкерлер, талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялар менен макулдашуу боюнча жана алардын шайлоо фонддору аркылуу гана жүргүзүүгө уруксат берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого шайлоочулардын контролдук тизмесин жарыялады
09.11.2025

КР БШКсы КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого шайлоочулардын контролдук тизмесин жарыялады

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого шайлоочулардын контролдук тизмесин жарыялады. Шайлоочулардын контролдук тизмеси Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде (КБМР) камтылган маалыматтарынын негизинде КР Президентине караштуу Иш башкармалыгынын алдындагы «Кызмат» мамлекеттик мекемеси (ММ «Кызмат») тарабынан түзүлүп, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоочулардын мамлекеттик “Тизме" порталында жайгаштырылды - https://tizme.gov.kg/. Шайлоочулардын тизмесин актуалдаштыруу шайлоо маалында күн сайын жүргүзүлөт. Бул иш Борбордук шайлоо комиссиясы менен ММ «Кызмат» (калкты каттоо жана документтештирүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) биргеликте ишке ашырат. Контролдук тизмедеги шайлоочулардын саны 4 297 040 адам, анын ичинен 2 082 263 эркектер жана 2 214 777 аялдар же 48,46% жана 51,54%. Шайлоочулардын кагаз түрүндөгү толук тизмелери 2025-жылдын 10-ноябрына чейин 2492 шайлоо участокторунда илинет.   Урматтуу шайлоочулар! Өзүңүздүн шайлоо участогуңузду тактаңыз: - 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен; - шайлоо участкасында; - «tizme.gov.kg» сайтында; - же ПИН-кодун (жарандык паспорттогу персоналдык идентификациялык номер) 119 кыска номерине SMS түрүндө жөнөтүп, жооп катары өзүнүн шайлоо участкасынын номери менен дарегин ала алат (SMS жана чалуулар акысыз). Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда, шайлоочу 2025-жылдын 19-ноябрына чейин (кошуп алганда) электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, “tizme.gov.kg” сайтында «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу арыз менен кайрылууга укуктуу. Шайлоочулардын тизмесинде жок болгон учурда, биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан (КТБ) бул жол-жободон өтө алышат.
Кененирээк билүү >>
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди шайлоо бюллетенине киргизүү кезектүүлүгүн аныктоо боюнча жалпы өлкө аймагында чүчү кулак өткөрүлдү
08.11.2025

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди шайлоо бюллетенине киргизүү кезектүүлүгүн аныктоо боюнча жалпы өлкө аймагында чүчү кулак өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 8-ноябрда бүткүл республика боюнча 30 шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлерди шайлоо бюллетенине киргизүү кезектүүлүгүн аныктоо жана мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында талапкерлерге акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчү кулак өткөрдү. Ошондой эле талапкерлер 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн меморандумга кол коюшту. Чүчү кулакка талапкерлер, катталган талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, коомдук жана эл аралык байкоочулар катышты. Катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетендерине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак каттоо мөөнөтү бүткөндөн кийин жана шайлоо бюллетенинин тексти бекитилгенге чейин жүргүзүлөт. Чүчү кулактын жыйынтыгында аныкталган шайлоо бюллетениндеги кезектүүлүктү жана меморандум текстин төмөнкү шилтемелер аркылуу көрүүгө болот:   №1 шайлоо округу №2 шайлоо округу №3 шайлоо округу №4 шайлоо округу №5 шайлоо округу №6 шайлоо округу №7 шайлоо округу №8 шайлоо округу №9 шайлоо округу №10 шайлоо округу №11 шайлоо округу №12 шайлоо округу №13 шайлоо округу №14 шайлоо округу №15 шайлоо округу №16 шайлоо округу №17 шайлоо округу №18 шайлоо округу №19 шайлоо округу №20 шайлоо округу №21 шайлоо округу №22 шайлоо округу №23 шайлоо округу №24 шайлоо округу №25 шайлоо округу №26 шайлоо округу №27 шайлоо округу №28 шайлоо округу №29 шайлоо округу №30 шайлоо округу
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы депутаттыкка талапкерлерди каттоону аяктады – жалпысынан 467 талапкер катталды
08.11.2025

КР БШКсы депутаттыкка талапкерлерди каттоону аяктады – жалпысынан 467 талапкер катталды

Көп мандаттуу шайлоо округдарынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмеси № округдун аталышы талапкерлердин саны эркек аял   Жалпы: 30 467 276 191 1 №1 17 12 5 2 №2 14 8 6 3 №3 17 13 4 4 №4 11 7 4 5 №5 14 4 10 6 №6 14 8 6 7 №7 13 6 7 8 №8 21 10 11 9 №9 21 12 9 10 №10 16 11 5 11 №11 5 2 3 12 №12 18 11 7 13 №13 14 7 7 14 №14 12 4 8 15 №15 15 9 6 16 №16 10 7 3 17 №17 15 9 6 18 №18 16 11 5 19 №19 25 15 10 20 №20 18 10 8 21 №21 16 10 6 22 №22 16 11 5 23 №23 13 10 3 24 №24 14 7 7 25 №25 17 9 8 26 №26 17 10 7 27 №27 24 13 11 28 №28 17 11 6 29 №29 13 9 4 30 №30 14 10 4   Талапкерлер тууралуу толук маалымат бул шилтемеде :
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы алты жаранды Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартты
07.11.2025

КР БШКсы алты жаранды Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартты

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 7-ноябрда алты жаранды Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алды. Талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун бул жарандарды “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын талаптарына жооп бербейт деген сунушунун жана тиешелүү мамлекеттик органдардын берген маалыматтарынын негизинде, КР БШКсы шайлоо мыйзамдарына ылайык төмөнкү жарандарды каттоодон баш тартты:  -Алибеков Шерахмад Халилович, № 3 шайлоо округунан, каттоодон баш тартуунун себеби:  соттолгондугу бар, анын ичинде алып салынган же жоюлган; кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган, төмөнкүлөрдү кошпогондо: коркунучтуулугу аз кылмыштар, этиятсыздыктан жасалган анча оор эмес кылмыштар; Кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жана аларда каралган тартипте жабырлануучу жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тарткан жана (же) жабырлануучу айыпталуучу менен макулдашууга жетишкен учурлар; -Темирова Танзиля Рустамовна, № 12 шайлоо округунан, каттоодон баш тартуунун себеби:  республиканын аймагында акыркы 5 жылдан кем эмес туруктуу жашагандыгы тууралуу талапка жооп бербейт; - Рахманова Диляфруз Дилдарбековна, № 5 шайлоо округунан, каттоодон баш тартуунун себеби:  кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган, төмөнкүлөрдү кошпогондо: коркунучтуулугу аз кылмыштар, этиятсыздыктан жасалган анча оор эмес кылмыштар; Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жана аларда каралган тартипте жабырлануучу жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тарткан жана (же) жабырлануучу айыпталуучу менен макулдашууга жетишкен учурлар; - Жайчиев Эмиль Аканбекович, № 12 шайлоо округунан, каттоодон баш тартуунун себеби:  республиканын аймагында акыркы 5 жылдан кем эмес туруктуу жашагандыгы тууралуу талапка жооп бербейт; - Абдибаит уулу Айдарбек, № 4 шайлоо округунан, каттоодон баш тартуунун себеби:  республиканын аймагында акыркы 5 жылдан кем эмес туруктуу жашагандыгы тууралуу талапка жооп бербейт; - Укуев Абдурахман Осмоналиевич, № 6 шайлоо округунан, каттоодон баш тартуунун себеби:  мыйзамда көрсөтүлөн мөөнөттө талап кылынган шайлоо документтерин толук берген эмес (талапкерди каттоо үчүн документтерди берүү мөөнөтү аяктаганга чейин, 2025-жылдын 2-ноябрынын саат 18.00гө чейин, Борбордук шайлоо комиссиясына жогорку кесиптик билими жөнүндө документтин нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн берген эмес).
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
07.11.2025

КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 7-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тууралуу маселени карап, төмөндөгүдөй чечим кабыл алды: -№28 шайлоо округу боюнча талапкер Асанакунова Жылдыз Жартыевнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Н. Самыйбек уулу; -№21 шайлоо округу боюнча талапкер Чомоева Нургул Жаныбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Г.М. Амираева жана каржы боюнча Н.С. Эшатова; -№30 шайлоо округу боюнча талапкер Мыктыбекова Айдана Мыктыбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча К.Т. Өмүражиев жана каржы боюнча Т. Данияр уулу; -№21 шайлоо округу боюнча талапкер Супатаев Мунарбек Абдукадыровичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча М.К. Бейшенов; -№24 шайлоо округу боюнча талапкер Исаева Майрамкуль Тургунбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча А.Э. Султанбекова жана каржы боюнча А.Ж. Имашов; -№12 шайлоо округу боюнча талапкер Омошев Эрмекбай Аляновичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.А. Сапарбаевдин, каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Ч. Сатывалдыеванын каттоолорун жокко чыгарып, алардын ордуна С.А. Аляновду шайлоо боюнча жана К.А. Арстанбекованы каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып каттады; -№12 шайлоо округу боюнча талапкер Тиллебаев Темирбек Кыргызбаевичтин каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү К.Ж.Мадимаровдун каттоосун жокко чыгарып, анын ордуна С.Ж. Абдимежитовду каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып каттады;. -№27 шайлоо округу боюнча талапкер Муратбеков Табылды Муратбековичтин каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Р.Т. Тумарбековдун каттоосун жокко чыгарып, анын ордуна А.А.Темиркуловду каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып каттады; -№12 шайлоо округу боюнча талапкер Масабиров Талайбек Айтмаматовичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү З.А.Юсуповдун каттоосун жокко чыгарып, анын ордуна Ж.Буркановду шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып каттады. Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>
Дагы сегиз жаран парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты
07.11.2025

Дагы сегиз жаран парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 7-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн сегиз жарандын шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыздарын карады. Шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыздарды төмөнкү жарандар беришкен: - Каратаев Мадаминжан Мусаевич — №5 шайлоо округу боюнча талапкер;   - Сардарбеков Садырбек — №29 шайлоо округу боюнча талапкер; - Камбардинова Рахат Махмутжановна — №9 шайлоо округу боюнча талапкер; - Момункулов Эмил Базаркулович — №20 шайлоо округу боюнча талапкер;  - Камчибеков Чынгыз Аширбаевич — №6 шайлоо округу боюнча талапкер;  - Исмаилов Эрматбек Бакирович — №6 шайлоо округу боюнча талапкер; - Абдибалиев Арстанбек Абдибалиевич — №9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер; - Ниязбеков Талгат — №12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер. КР БШКсы жогоруда аталган жарандардын арыздарын эске алып, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттосун жокко чыгарды.
Кененирээк билүү >>
1 31 33 482