Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Ош шаардык кеӊешин кайталап шайлоого катышууга ниеттенген саясий партиялардын эсине
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 14-июнунда саат 13:00дө Ош шаарынын мэриясынын имаратында Ош шаардык кеӊешине кайталап шайлоого катышуу жөнүндө билдирген саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн окутуу семинарын өткөрөт.
Саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоону уюштуруунун өзгөчөлүктөрү жана шайлоонун жүрүшү, жергиликтүү кеӊештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо маселелери, шайлоо өнөктүгүн каржылоо эрежелери, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун түзүү маселелери, шайлоо алдында үгүт жүргүзүү эрежелери, ошондой эле шайлоо комиссияларында даттанууларды кароо тартиби менен тааныштырылат.
Катышуу маселелери боюнча шайлоо процессинин катышуучулары менен ѳз ара аракеттешүү жана окутуу методологиясы бѳлүмүнө төмөнкү байланыш телефон номурларына чалып, кайрылууга болот: 62-08-29, 62-62-87.
Кененирээк билүү >>
Нарын облусунун кээ бир айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү
2021-жылдын 11-июнунда Нарын облусунун Кочкор районунун Соң-Көл, Сары-Булак, Ак-Талаа районунун Ак-Талаа, Үгүт, Жумгал районунун Куйручук, Жумгал, Ат-Башы районунун Ак-Талаа, Кара-Коюн, Нарын районунун Достукского, Жан-Булак айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү.
Соң-Көл айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Мамбеталиев Касымбек, Чекирбаев Эркинбек Замирович, Айманов Урматбек Муканбетович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Айманов Урматбек Муканбетович Соң-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Соң-Көл айылдык кеңешинин баардык 11 депутатынын алтоо добуш беришти.
Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Макишов Эрнис Орозобекович, Келдибек уулу Рысбек катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Макишов Эрнис Орозобекович Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Сары-Булак айылдык кеңешинин баардык 11 депутатынын 7өө добуш беришти.
Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Сатаров Эркинбек Токтогазиевич, Алыбаев Рахат Алманбекович, Жапаров Илич Асанкулович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Алыбаев Рахат Алманбекович Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Ак-Талаа айылдык кеңешинин 11 депутатынын алтоо добуш беришти.
Үгүт айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Иманкадыров Нурлан Токтобекович,Чыныбаев Омурбек Карыбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Чыныбаев Омурбек Карыбекович Үгүт айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Үгүт айылдык кеңешинин 11 депутатынын алтоо добуш беришти.
Куйручук айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Аблабеков Бердибек, Байышов Замир, Сапаралиев Бактыбек катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Аблабеков Бердибек Куйручук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Куйручук айылдык кеңешинин 11 депутатынын алтоо добуш беришти.
Жумгал айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Болоталиев Узак Жыргалбекович, Санташов Тариел Салдатбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Болоталиев Узак Жыргалбекович Жумгал айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Жумгал айылдык кеңешинин 11 депутатынын 10у добуш беришти.
Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Стамакунов Талантбек Акматбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Стамакунов Талантбек Акматбекович Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Ак-Талаа айылдык кеңешинин 11 депутатынын 10у добуш беришти.
Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 5 талапкер – Кермакунова Гулзада Калыбековна, Бегалиев Койчубек Токтосунович, Нуралиев Жыргалбек Советович, Осмоналиев Бакытбек Коногалиевич, Ажыгулов Азамат Базарбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кермакунова Гулзада Калыбековна Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Кара-Коюн айылдык кеңешинин 11 депутатынын 7өө добуш беришти.
Достук айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Ырысбек уулу Элдар, Мабеткулов Чынгыз Майрамбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Мабеткулов Чынгыз Майрамбекович Достук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Достук айылдык кеңешинин баардык 11 депутатынын 8и добуш беришти.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Талас облусунун кээ бир айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү
2021-жылы 11-июнда Талас облусунун Талас районунун Кара-Суу, Өмүралиев, Бакай-Ата районунун Өзгөрүш, Кара-Буура районунун Ак-Чий, Чолпонбай айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Касымбеков Анарбек Каймазарович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Касымбеков Анарбек Каймазарович Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Кара-Суу айылдык кеңешинин баардык 11 депутаты добуш беришти.
Өмүралиев айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Кубанычбеков Алмазбек Кадырбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кубанычбеков Алмазбек Кадырбекович Өмүралиев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Өмүралиев айылдык кеңешинин баардык 11 депутаты добуш беришти.
Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Надырбеков Замирбек Медербекович, Толошов Данияр Шабданович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Надырбеков Замирбек Медербекович Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Өзгөрүш айылдык кеңешинин баардык 21 депутатынын 11и добуш беришти.
Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Кемелбек уулу Максат, Молдокулов М, Шайымкулов К. катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кемелбек уулу Максат Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Ак-Чий айылдык кеңешинин баардык 11 депутатынын алтоо добуш беришти. Добуш берүү 2 турда өттү.
Чолпонбай айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – К. Маткеримов Айдар Сыйдабекович, Айталиев Туран
Максутович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Айталиев Туран
Максутович Чолпонбай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Чолпонбай айылдык кеңешинин баардык 21 депутатынын 11и добуш беришти.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Чүй облусунун Целинный айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоону дайындады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн – 2021-жылдын 11-июнундагы жыйналышында Чүй облусунун Москва районунун Целинный айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды.
2021-жылдын 9-июнуна дайындалган Чүй облусунун Москва районунун Целинный айыл өкмөт башчысын шайлоодо талапкерлер айылдык кеңештин депутаттарынын керектүү сандагы добуштарын албагандыгына байланыштуу айыл өкмөт башчысы шайланбай калды.
Чүй облусунун Москва районунун Целинный айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоо жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен 2021-жылдын 25-июнунда өткөрүү дайындалды. Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.
Чечим “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,14,18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.
Москва аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын кайталап шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Чүй облусунун Кош-Коргон айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоону дайындады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн – 2021-жылдын 11-июнундагы жыйналышында Чүй облусунун Чүй районунун Кош-Коргон айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды.
2021-жылдын 9-июнуна дайындалган Чүй облусунун Чүй районунун Целинный айыл өкмөт башчысын шайлоодо талапкер айылдык кеңештин депутаттарынын керектүү сандагы добуштарын албагандыгына байланыштуу айыл өкмөт башчысы шайланбай калды.
Чүй облусунун Чүй районунун Кош-Коргон айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоо жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен 2021-жылдын 25-июнунда өткөрүү дайындалды. Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.
Чечим “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,14,18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.
Чүй аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын кайталап шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоону дайындады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн – 2021-жылдын 11-июнундагы жыйналышында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды.
2021-жылдын 10-июнуна дайындалган Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айыл өкмөт башчысын шайлоодо талапкер айылдык кеңештин депутаттарынын керектүү сандагы добуштарын албагандыгына байланыштуу айыл өкмөт башчысы шайланбай калды.
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоо жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен 2021-жылдын 25-июнунда өткөрүү дайындалды. Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.
Чечим “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,14,18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.
Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын кайталап шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Нарын облусунун Кош-Дөбө жана Чоң-Дөбө айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоону дайындады
КР БШК Нарын облусунун Кош-Дөбө жана Чоң-Дөбө айыл өкмөт
башчыларын кайталап шайлоону дайындады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясы бүгүн – 2021-жылдын 11-июнундагы жыйналышында
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө, Жумгал районунун Чоң-
Дөбө айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды.
2021-жылдын 10-июнуна дайындалган Нарын облусунун Ак-Талаа
районунун Кош-Дөбө айыл өкмөт башчысын шайлоодо талапкерлер айылдык
кеңештин депутаттарынын керектүү сандагы добуштарын албагандыгына
байланыштуу айыл өкмөт башчысы шайланбай калды.
2021-жылдын 10-июнуна дайындалган Нарын облусунун Жумгал
районунун Чоң-Дөбө айыл өкмөт башчысын шайлоодо депутаттардын
көпчүлүгү “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн добуш
бергендигине байланыштуу айыл өкмөт башчысы шайланбай калды.
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө, Жумгал районунун
Чоң-Дөбө айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоо жаңы талапкерлерди
көрсөтүү менен 2021-жылдын 25-июнунда өткөрүү дайындалды. Шайлоо
саат 15-00дөн 18-00гө чейин өткөрүлөт.
Чечим “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо
комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,14,18-
беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине, Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-
жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт
башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.
Ак-Талаа жана Жумгал аймактык шайлоо комиссияларына
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын
кайталап шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык,
ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-
майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык
эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.

КР БШК Ош облусунун Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоону дайындады
КР БШК Ош облусунун Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөт
башчысын кайталап шайлоону дайындады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясы бүгүн – 2021-жылдын 11-июнундагы жыйналышында
Ош облусунун Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөт башчыларын
шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды.
2021-жылдын 10-июнуна дайындалган Ош облусунун Алай районунун
Коңур-Дөбө айыл өкмөт башчысын шайлоодо депутаттардын көпчүлүгү
“баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн добуш бергендигине
байланыштуу айыл өкмөт башчысы шайланбай калды.
Ош облусунун Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөт башчысын
кайталап шайлоону жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен 2021-жылдын 25-
июнунда өткөрүү дайындалды. Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин
өткөрүлөт.
Чечим “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо
комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,14,18-
беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине, Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-
жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт
башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.
Алай аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча
башкаруунун аткаруу органынын башчысын кайталап шайлоону Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому
менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен
өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ош жана Токмок шаарларындагы аймактык шайлоо комиссияларында ЫЧКТ штабдарынын ачылышы тууралуу маалымат
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинин 5-пунктуна ылайык 2021-жылдын 11-июлуна дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоо алдында Ош жана Токмок шаарларынын аймактык шайлоо комиссияларында (АШК) Ыкчам чара көрүүчү координациялык топтор (ЫЧКТ) түзүлдү.
1. Үзгүлтүксүз билим берүү тутумунда, квалификацияны жогорулатуучу курстарда, ошондой эле КР БШКнын эксперттери менен тренерлеринин катышуусунда Борбордук шайлоо комиссиясы уюштурган тренингдерде Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузуу аныкталганда Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Жазык-процесстик кодексин, Бузуулар жөнүндө кодексин колдонуу боюнча окутуудан өткөн ички иштер органдарынын, прокуратуранын жана улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тажрыйбалуу кызматкерлери Ыкчам чара көрүүчү координациялык топтордун курамына кирди.
2. Мындан тышкары, Ош жана Токмок шаарларынын АШКларынын ЫЧКТларынын ишин координациялоону күчөтүү, шайлоо мыйзамдарын бузуулардын фактылары боюнча шайлоо процессинин субъектилеринен түшкөн маалыматтарды жана билдирүүлөрдү кароо боюнча укук коргоо органдары менен ыкчам түрдө үзгүлтүксүз өз ара аракеттешүү, ошондой эле укук коргоо органдары, Ош жана Токмок шаарларынын АШКлары көрүп жаткан чаралар жөнүндө жарандарга ыкчам түрдө маалымдоо максатында
курамында КР БШКнын төмөнкү мүчөлөрү, КР БШКнын ЫЧКТ мүчөлөрү иштеген Ыкчам чара көрүүчү координациялык топторунун (ЫЧКТ) штабдары түзүлдү:
- Ош шаарында – Шайназаров Т.У., КР БШК мүчөсү, КР БШКнын ЫЧКТ төрагасынын орун басары;
- Токмок шаарында – Осмоналиев К.М., КР БШК мүчөсү, КР БШКнын ЫЧКТ мүчөсү.
3. Шайлоочулар, ошондой эле шайлоо процессинин баардык субъектилери шайлоо мыйзамдарын бузуулардын фактылары тууралуу өз убагында маалымдоо үчүн Ош жана Токмок шаарларынын АШКларынын ЫЧКТ штабдарына төмөнкү байланыш телефондору аркылуу кайрылса болот:
1. Ош шаары:
- ишеним телефону: 03222 55344, 03222 55065
- whatsapp №:0558301339
-электрондук почта: osh.kgor@mail.ru
Ош АШКнын ЫЧКТ штабынын дареги: Ош ш., Ленин көчөсү, №321, мэрия, №115-бөлмө.
2. Токмок шаары:
- ишеним телефону: 0313383167
- whatsapp 0706442021
-электрондук почта: kgortokmok@mail.ru
Токмок АШКнын ЫЧКТ штабынын дареги: Токмо кш., Ленин көчөсү, №385, 1-кабат.
КР БШКнын ЫЧКТ
2021-жылдын 11-июну.
Кененирээк билүү >>
Жалал-Абад облусунун Көк-Серек айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калды
Катталган талапкерлер айылдык кеңештин депутаттарынын керектүү сандагы добушун албагандыгына байланыштуу Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Серек айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калды.
Көк-Серек айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 4 талапкер – райондун мамлекеттик администрациясы көрсөткөн Нурматов Кудайкул Эргешович, айылдык кеңештин депутаттары көрсөткөн Пирназаров Турсуналы, Ташбаев Зулумбек Арзыгулович, Турдуматов Руслан Стамбекович катталган.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак жана Майлуу-Суу шаарларынын мэрлерин шайлоо болуп өттү
2021-жылы 11-июнда Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак жана Майлуу-Суу шаарларынын мэрлерин шайлоо болуп өттү.
Көк-Жаңгак шаарынын мэринин кызмат ордуна 2 талапкер – “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы көрсөткөн Акумбаева Мээрим Рысбековна, “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы көрсөткөн Замирбеков Баяман Замирбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Замирбеков Баяман Замирбекович Көк-Жаңгак шаарынын мэри болуп шайланды. Ал үчүн Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин 21 депутатынын 12си добуш беришти.
Майлуу-Суу шаарынын мэринин кызмат ордуна 2 талапкер – “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы көрсөткөн Колдаров Раушанбек Абдимиталипович, “Ынтымак” фракциясы көрсөткөн Умаров Нурлан Эшмаматович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Умаров Нурлан Эшмаматович Майлуу-Суу шаарынын мэри болуп шайланды. Ал үчүн Майлуу-Суу шаардык кеңешинин 31 депутатынын 21и добуш беришти.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жалал-Абад облусунун Ак-Суу айыл өкмөт башчысын шайлоо болуп өттү
Жалал-Абад облусунун Ак-Суу айыл өкмөт башчысын шайлоо болуп өттү
2021-жылдын 11-июнунда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Суу айыл өкмөт башчысын шайлоо болуп өттү.
Ак-Суу айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Анарбеков Муратбек Анарбекович, Мамытов Санжарбек Шамшарбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Анарбеков Муратбек Анарбекович Ак-Суу айыл өкмөт башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Ак-Суу айылдык кеңешинин 21 депутатынын 16сы добуш беришти.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2021-ж.11-июнда КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
2021-ж.11-июнда КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 11 июнь 2021-ж.
Убактысы: 17:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. 2021-жылдын 7-июнунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Баткен шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
2. 2021-жылдын 7-июнунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
3. 2021-жылдын 7-июнунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
4. 2021-жылдын 7-июнунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
5. 2021-жылы 6-июнунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Суу жана Сумбула айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
6. 2021-жылы 2, 3-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Шайдан, Масы, Сакалды айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
7. 2021-жылы 4-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу жана Кызыл-Туу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
8. 2021-жылы 5 жана 7-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Алай районунун Бүлөлү, Корул жана Жошолу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
9. 2021-жылы 7-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Ноокат районунун Найман жана Кулатов айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндү
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
10. 2021-жылы 7-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Өзгөн районунун Жазы жана Кызыл-Тоо айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
11. 2021-жылы 7-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Суу жана Жаңы-Арык айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
12. 2021-жылдын 7-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
13. 2021-жылы 7-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Түп районунун Кудургу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
14. 2021-жылы 7-июнунда өткүрүлгөн Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
15. 2021-жылы 7-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
16. 2021-жылы 7-июнунда өткөрүлгүн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Отрадное жана Ак-Чий айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
17. 2021-жылы 7-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Жумгал районунун Жаңы-Арык жана Түгөл-Сай айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
18. 2021-жылы 7-июнунда өткөрүлгөн Талас облусунун Манас районунун Кайынды жана Үч-Коргон айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
19. 2021-жылы 5,7-июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу , Беш-Терек, Первомай айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
20. Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
21. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
22. Ош облусунун Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
23. Талас облусунун Талас районунун Долоно, Кара-Буура районунун Бакайыр айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
24. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө, Жумгал районунун Чоң-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
25. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
26. Чүй облусунун Чүй районунун Кош-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
27. Чүй облусунун Москва районунун Целинный айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
28. Ар кандай маселелер
ТӨРАГА
Кененирээк билүү >>
-
-
Кененирээк билүү >>
Талас облусунун 2 айыл өкмөт башчысы шайланбай калды
2021-жылдын 10-июнуна дайындалган Талас облусунун Талас районунун Долон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Бирок талапкерлер айылдык кеңештин депутаттарынын керектүү сандагы добушун албагандыгына байланыштуу Долон айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калды.
Долон айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттары көрсөткөн 3 талапкер – Асанкул уулу Каныбек, Базарбаев Нурлан Кадырбекович, Чинботоев Канат Нурдинович катталган.
2021-жылдын 10-июнуна дайындалган Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Бирок талапкер айылдык кеңештин депутаттарынын керектүү сандагы добушун албагандыгына байланыштуу Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калды. Добуш берүү 2 турда өттү.
Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттары көрсөткөн 1 талапкер – Абдиев Рамил Сулайманович катталган.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
10.10.2026
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
09.10.2026
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09.10.2026
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09.10.2026
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09.10.2026
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
06.10.2026
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби