Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
24-сентябрга карата БШКга 30 талапкерден Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети тууралуу билдирүү келип түштү.
24-сентябрда саат 15:00дө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2021-жылдын 28-ноябрында өтө турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча 30 талапкерден (өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен) катышуу ниети жөнүндө билдирүү келип түштү:
№
Шайлоо округунун №
Көрсөтүлгөн талапкердин аты-жөнү
Каттоо датасы
1
№33
Нарын округу
Сариев Акылбек Аблабекович
11.09.2021
15:05
2
№34
Жети-Өгүз округу
Малиев Арсланбек Касымакунович
13.09.2021
09:10
3
№30 Ысык-Ата округу
Дурсунов Атамша Латифович
13.09.2021
17:19
4
№11 Алай округу
Ибраимов Санжар Кубанычбекович
15.09.2021
13:55
5
№31 Чүй-Кемин округу
Сейтказиев Анаш Токтосунович
15.09.2021
15:02
6
№10 Куршаб округу
Танабаев Нурлан Исамидинович
16.09.2021
13:55
7
№30 Ысык-Ата округу
Курманов Байыш Жантаевич
17.09.2021
10:05
8
№15 Базар-Коргон округу
Алтынбеков Айбек
17.09.2021
11:54
9
№26 Ленин округу
Нурланбеков Актилек Нурланбекович
17.09.2021
17:00
10
№3 Кадамжай округу
Насиров Абдижамил
Жусупович
18.09.2021
11:00
11
№31 Чүй-Кемин округу
Исаев Канатбек Кедейканович
18.09.2021
13:30
12
№34 Жети-Өгүз округу
Төлөгөнов Бакыт Талантович
20.09.2021
10:12
13
№13 Сузак округу
(онлайн)
Кебекбаев Сабыралы Тойчуевич
20.09.2021
17:58
14
№28 Октябрь округу
Усупов Тилек Сабырович
21.09.2021
09:10
15
№32 Кочкор округу
Алымжанов Айбек Орозбекович
21.09.2021
10:15
16
№14 Жалал-Абад округу
Шаимкулов Манас Каныбекович
21.09.2021
10:53
17
№1 Лейлек округу
Бекмуратов Баймурат Асатович
21.09.2021
11:02
18
№3 Кадамжай округу
Талипов Нурали Орозалиевич
21.09.2021
13:50
19
№16 Ноокен округу
Сыдыков Бактыбек Усенович
22.09.2021
12:10
20
№36 Ысык-Көл округу
Тукунов Акжолтой Шакирбекович
22.09.2021
13:48
21
№13 Сузак округу
Абдыбахапов Абдыманап Абдыбахапович
22.09.2021
16:20
22
№16 Ноокен округу
Арстанбеков Акылбек Советбекович
22.09.2021
17:00
23
№31 Чүй-Кемин округу
Абакиров Аскар Джумабекович
23.09.2021
10:45
24
№31 Чүй-Кемин округу
Саккараев Медербек Джаманкулович
23.09.2021
11:00
25
№3 Кадамжай округу
Атажанов Ырысбек Ысламович
23.09.2021
11:05
26
№13 Сузак округу
Лилиенталь Юлия Викторовна
23.09.2021
17:30
27
№13 Сузак округу
Джээнбеков Жусупжан Амражанович
23.09.2021
17:55
28
№3 Кадамжай округу
Ганыев Каныбек Токтоматович
23.09.2021
09:27
29
№33 Нарын округу
Абдылдаев Райымбек Жумагулович
24.09.2021
11:50
30
№26 Ленин округу
Карагулов Кубанычбек Нарынбекович
24.09.2021
12:55
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Адмресурсту колдонгондугу үчүн мамкызматчылар иштен бошотулат же жазык жоопкерчилигине тартылат – Республикалык штаб
2021-жылы 23-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларына уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын биринчи жыйналышы өттү.
Республикалык штабды Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы М. Иманкулов жетектейт, тең төрагалары – Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н. Шайлдабекова жана Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Санариптик ѳнүктүрүү министри Д.Догоев.
Коопсуздук кеңешинин катчысы баардык мамлекеттик органдар адилеттүү жана таза шайлоо өткөрүүгө болгон күч-аракеттерин жумшоого, шайлоо процессин бузууларга өз убагында жана ыкчам көңүл буруп, бузуучуларга мыйзам алкагында тиешелүү чара көрүүгө тийиш экенин баса белгиледи.
Кайсыл бир саясий партиянын жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин пайдасына бюджеттик чөйрөлөрдөгү кызматкерлерди – мугалимдерди, врачтарды, социалдык кызматкерлерди жана кварталдык комитеттердин кызматкерлерин пайдаланган фактылар аныкталган учурда бийликтин өкүлдөрүнө карата укук коргоо органдары тараптан катуу чаралар көрүлөөрү айтылды. Саясий партияларды жана депутаттыкка талапкерлерди мыйзамдарды сактоого, коомдук-саясий абалды курчутпоого, жеке кызыкчылык үчүн элди бөлүп-жарбоого чакырышты.
Республикалык штабдын тең төрагасы Н. Шайлдабекова шайлоо округдарын түзүү принциптери, азыркы шайлоо өнөктүгүнүн өзгөчөлүктөрү жана этаптары, эрк-ниетти эркин билдирүү жана тең атаандаштык үчүн шарт түзүү боюнча мамлекеттин милдеттенмелерин камсыздоодогу эң маанилүү милдеттер тууралуу айтып берди.
Н. Шайлдабекова округдук шайлоо комиссиясы округдун борборунда болорун белгиледи (округдарды жана борборлорду https://shailoo.gov.kg/ru/files/53/ шилтемесинен көрсө болот), мында иш округдук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан жүргүзүлөт, алар ошол округга кирген башка район жана шаарлар үчүн жооптуу болот. БШК төрагасы бийликтин аймактардагы органдарын округдардын борборлорунда дагы, округдагы башка калктуу конуштарда дагы округдук шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттешип иштөгө чакырды.
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер тарабынан берилген документтердин “Түндүк” системасын колдонуу менен шайлоо мыйзамдарынын талаптарына дал келүүсүн текшерүүнү камсыздоо зарылдыгы айтылды. ИИМ, ББИМ, МКСларга жарандык, жогорку билим, паспорттук маалыматтар жана соттолгондугунун болушу / жоктугу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасынын алкагында маалымат алмашууга даярдыкты камсыз кылуу тапшырылды. Административдик ресурсту колдонууга жол бербөөгө багытталган депутаттыкка талапкердин статусу жагынан мыйзамдарды өзгөртүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Жогорку Кеңештин депутатынан же Президенттен, жергиликтүү кеңештин депутатынан тышкары саясий кызматкерлер; ошондой эле мамлекеттик, муниципалдык, мамлекеттин (муниципалдык) катышуусу 30 пайыздан ашкан үлүшкө ээ ишканалардын жана алардын бөлүмдөрүнүн жетекчилери болгон талапкерлер Жогорку Кеңешке шайлоого талапкерлиги көрсөтүлгөн учурдан тартып кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотот. Мамлекеттик кызматтын түрүнө (жарандык, аскердик, укук коргоочулук, дипломаттык) карабастан мамлекеттик кызматчы, муниципалдык кызматчы, жалпыга маалымдоо каражатынын кызматкери болуп саналган талапкерлер Жогорку Кеңешке шайлоого талапкерлиги көрсөтүлгөн учурдан тартып кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотуп турат.
Шайлоо өнөктүгүнө үй комитеттеринин, квартал комитеттеринин, муниципалдык кызматкерлердин катышуусун чектөө боюнча жоболор киргизилген. Кыргыз Республикасынын Маалымат жана маданият министрлигине жарандарды маалымдоо жана талапкерлердин дебаттары, жеке сөз сүйлөөсү үчүн акысыз эфир убактысын берүү боюнча иштерге борбордук телеканалдарды жана медиа борборлорду тартууга көмөк көрсөтүүсү тууралуу тапшырма берилди.
Н. Шайлдабекова 2021-жылдын 27-сентябрынан тартып өлкөнүн бардык аймактарында саясий партиялар, массалык маалымат каражаттары, укук коргоо органдары үчүн шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча тренингдер баштала турганын билдирди. Ошондой эле, бардык облустарда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүдө шайлоо комиссияларына жардам берүү үчүн штабдардын жыйындары өткөрүлөт. Шайлоо тутумунун өзгөрүшүнө байланыштуу жарандарга маалымдоонун маанилүү экени белгиленди, шайлоону өткөрүү тартиби жана добуш берүүгө катышу жөнүндө кабардар болууну жакшыртуу эрк-ниетти эркин билдирүүнү камсыздоо үчүн маанилүү милдет болуп саналат.
Жыйында ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин жана Ички иштер министрлигинин жетекчилеринин парламенттик шайлоону өткөрүүгө даярдыктары боюнча баяндамалары угулду.
Алар ошондой эле уланып жаткан коронавирус пандемиясынын шартында шайлоо участкаларында шайлоочулардын ден соолугун сактоо үчүн бардык зарыл болгон санитардык-эпидемиологиялык чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында айтылган сунуштарды эске алуу менен республикалык штабдын иш планы бекитилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл өкмөт башчысын шайлоону дайындады
Бүгүн – 2021-жылы 23-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жыйналышында Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл өкмөт башчысын шайлоону дайындады.
Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2021-жылдын 14-сентябрындагы буйругу менен Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Саркумов Марат Женишбекович өз арызы боюнча ээлеген кызматынан бошотулду. Ушуга байланыштуу Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүү 2021-жылдын 12-октябрына дайындалды. Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.
Токтом “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобого ылайык кабыл алынды.
Сокулук аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасынын орун басары Тынчтык Шайназаров КМШ ПАСтын төрагасы Дмитрий Кобицкий менен жолукту
2021-жылы 23-сентябрда Санкт-Петербургда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Тынчтык Шайназаров Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАС) төрагасы Дмитрий Кобицкий менен жолугушуусу болду.
Жолугушуу чет ѳлкѳлѳрдѳ жашаган же жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашырууга жардам көрсөтүүчү мобилдик топтордун иш алкагында Санкт-Петербургда өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Т. Шайназаров КМШ ПАСтын башчысына 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.
“Кыргызстан Россия Федерациясындагы коомдук-саясий окуяларга абдан көңүл буруп, кабардар болуп турат жана, албетте, болуп өткөн шайлоо Россиядагы шайлоо процессиндеги демократиялык шайлоонун эң маанилүү принциптерди өркүндөтүүгө дагы бир кадам деп атоого болот”, - деп баса белгиледи Т. Шайназаров.
Өз кезегинде КМШ ПАСтын башчысы кыргыз делегациясы менен саламдашып, АЭУну колдонуу жаатында жаңы технологияларды пайдалануу маселелеринде Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын ишине жогору баа берди.
Мындан тышкары, Д. Кобицкий алдыда өтүүчү Кыргызстандагы парламентке шайлоо жогорку деңгээлде өтөөрүнө, Кыргызстандын эли республиканын гүлдөп-өнүгүшү үчүн иштей турган парламентти шайлаарына ишенерин билдирди.
Россия тарап эл аралык байкоочу статусунда ноябрдагы парламенттик шайлоого катышаарын ырастады. Мындан тышкары, КМШ ПАС салт боюнча эксперттерин жөнөтөт, алар Шериктештиктин өлкөлөрүндө, ошондой эле алыстагы чет ѳлкѳлѳрдѳ иштеп, шайлоо участокторунда байкоо жүргүзөт.
Жолугушуунун соңунда Кыргызстандын БШК мүчөлөрүнө Демократия, парламентаризмди өнүктүрүүгө байкоо жүргүзүү, жарандардын шайлоо укуктарын сактоо эл аралык институту (КМШ ПААнын ДӨБЭИ) даярдаган "Международное наблюдение за выборами" жана "Цифровизация и выборы" деген китептер тапшырылды.
Россия тарап, ошондой эле, кыргыз студенттери КМШнын 72 ЖОЖунун студенттери менен Санкт-Петербургда шайлоо укугу боюнча Интернет олимпиадага катышып жаткандыктары тууралуу айтты, олимпиада жеңүүчүлөрү ноябрда Санкт-Петербургга чакырылат.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөт башчысын шайлоону дайындады
Бүгүн – 2021-жылы 23-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жыйналышында Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөт башчысын шайлоону дайындады.
Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2021-жылдын 21-сентябрындагы буйругу менен Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысы Туйбаев Таалайбек Абиевич өз арызы боюнча ээлеген кызматынан бошотулду. Ушуга байланыштуу Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүү 2021-жылдын 12-октябрына дайындалды. Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.
Токтом “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобого ылайык кабыл алынды.
Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого 244 ЖМКны жана интернет-басылмаларды аккредитациядан өткөрдү
2021-жылы 23-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдында үгүт жүргүзүүгө катышуу үчүн 244 жалпыга маалымдоо каражатын жана интернет-басылмаларды аккредитациядан өткөрдү, анын ичинде:
152 (жүз элүү эки жалпыга маалымдоо каражаты);
92 (токсон эки) интернет-басылма.
Чечим Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациядан өткөрүү жөнүндө сунушун эске алып, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11 жана 22-беренелерине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4 жана 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 117 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.
Теле көрсөтүү
Радио
Басма басылмалары
Интернет-басылмалар
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү ниети тууралуу арыз түштү
2021-жылы 23-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Джээнбеков Жусупжан Амражановичтен 2021-жылы 28-ноябрда өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо № 13 Сузак шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) ниети жөнүндө арыз түштү.
Ж.А.Джээнбеков шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары С.М.Орозалиевди дайындады.
БШК «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып башталаарын жана добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күн калганда б.а. 2021-жылдын 13-октябрында саат 18:00дө аяктаарын эске салат.
Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде депутаттыкка талапкерди көрсөтүү талапкердин өзүнүн аталган шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө арызын КР БШКга берүү жолу менен жүргүзүлөт.
Талапкер бир шайлоо округунда гана көрсөтүлүшү мүмкүн.
Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн документтер КР БШКга шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен, б.а. 2021-жылдын 18-октябрь күнү саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш.
Буга чейин талапкерлер Сариев Акылбек Аблабековичтен, Малиев Арсланбек Касымакуновичтен, Дурсунов Атамша Латифовичтен, Ибраимов Санжар Кубанычбековичтен, Сейтказиев Анаш Токтосуновичтен, Танабаев Нурлан Исамидиновичтен, Курманов Байыш Жантаевичтен, Алтынбеков Айбектен, Нурланбеков Актилек Нурланбековичтен, Насиров Абдижалил Жусуповичтен, Исаев Канат Кедейкановичтен, Төлөгөнов Бакыт Талантовичтен, Алымжанов Айбек Орозбековичтен, Шаимкулов Манас Каныбековичтен, Бекмуратов Баймурат Асатовичтен, Талипов Нурали Орозалиевичтен, Усупов Тилек Сабыровичтен, Кебекбаев Сабыралы Тойчуевичтен, Сыдыков Бактыбек Үсөновичтен, Тукунов Акжолтой Шакирбековичтен , Абдыбахапов Абдыманап Абдыбахаповичтен Арстанбеков Акылбек Советбековичтен, Абакиров Аскар Джумабековичтен, Саккараев Медербек Джаманкуловичтен жана Лилиенталь Юлия Викторовнадан КР Жогорку Кенешинин депуттарын шайлоого катышуу тууралуу (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) КР БШКга жазуу жүзүндө билдирме түшкөн.
Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерди каттоо үчүн талапкерлер, саясий партиялар тарабынан БШКга берилүүчү документтердин тизмеги жана формалары менен ушул шилтемеден таанышса болот.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү ниети тууралуу арыз түштү
2021-жылы 23-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Лилиенталь Юлия Викторовнаны 2021-жылы 28-ноябрда өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо № 13 Сузак шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) ниети жөнүндө арыз түштү.
Ю.В.Лилиенталь шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Ю.В. Бибикованы, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары- Е.В.Купавцеваны дайындады.
БШК «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып башталаарын жана добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күн калганда б.а. 2021-жылдын 13-октябрында саат 18:00дө аяктаарын эске салат.
Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде депутаттыкка талапкерди көрсөтүү талапкердин өзүнүн аталган шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө арызын КР БШКга берүү жолу менен жүргүзүлөт.
Талапкер бир шайлоо округунда гана көрсөтүлүшү мүмкүн.
Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн документтер КР БШКга шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен, б.а. 2021-жылдын 18-октябрь күнү саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш.
Буга чейин талапкерлер Сариев Акылбек Аблабековичтен, Малиев Арсланбек Касымакуновичтен, Дурсунов Атамша Латифовичтен, Ибраимов Санжар Кубанычбековичтен, Сейтказиев Анаш Токтосуновичтен, Танабаев Нурлан Исамидиновичтен, Курманов Байыш Жантаевичтен, Алтынбеков Айбектен, Нурланбеков Актилек Нурланбековичтен, Насиров Абдижалил Жусуповичтен, Исаев Канат Кедейкановичтен, Төлөгөнов Бакыт Талантовичтен, Алымжанов Айбек Орозбековичтен, Шаимкулов Манас Каныбековичтен, Бекмуратов Баймурат Асатовичтен, Талипов Нурали Орозалиевичтен, Усупов Тилек Сабыровичтен, Кебекбаев Сабыралы Тойчуевичтен, Сыдыков Бактыбек Үсөновичтен, Тукунов Акжолтой Шакирбековичтен , Абдыбахапов Абдыманап Абдыбахаповичтен Арстанбеков Акылбек Советбековичтен, Абакиров Аскар Джумабековичтен,Саккараев Медербек Джаманкуловичтен жана Атажанов Ырысбек Ысламовичтен КР Жогорку Кенешинин депуттарын шайлоого катышуу тууралуу (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) КР БШКга жазуу жүзүндө билдирме түшкөн.
Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерди каттоо үчүн талапкерлер, саясий партиялар тарабынан БШКга берилүүчү документтердин тизмеги жана формалары менен ушул шилтемеден таанышса болот.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү ниети тууралуу арыз түштү
2021-жылы 23-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Атажанов Ырысбек Ысламовичтен 2021-жылы 28-ноябрда өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо № 3 Кадамжай шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) ниети жөнүндө арыз түштү.
БШК «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып башталаарын жана добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күн калганда б.а. 2021-жылдын 13-октябрында саат 18:00дө аяктаарын эске салат.
Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде депутаттыкка талапкерди көрсөтүү талапкердин өзүнүн аталган шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө арызын КР БШКга берүү жолу менен жүргүзүлөт.
Талапкер бир шайлоо округунда гана көрсөтүлүшү мүмкүн.
Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн документтер КР БШКга шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен, б.а. 2021-жылдын 18-октябрь күнү саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш.
Буга чейин талапкерлер Сариев Акылбек Аблабековичтен, Малиев Арсланбек Касымакуновичтен, Дурсунов Атамша Латифовичтен, Ибраимов Санжар Кубанычбековичтен, Сейтказиев Анаш Токтосуновичтен, Танабаев Нурлан Исамидиновичтен, Курманов Байыш Жантаевичтен, Алтынбеков Айбектен, Нурланбеков Актилек Нурланбековичтен, Насиров Абдижалил Жусуповичтен, Исаев Канат Кедейкановичтен, Төлөгөнов Бакыт Талантовичтен, Алымжанов Айбек Орозбековичтен, Шаимкулов Манас Каныбековичтен, Бекмуратов Баймурат Асатовичтен, Талипов Нурали Орозалиевичтен, Усупов Тилек Сабыровичтен, Кебекбаев Сабыралы Тойчуевичтен, Сыдыков Бактыбек Үсөновичтен, Тукунов Акжолтой Шакирбековичтен , Абдыбахапов Абдыманап Абдыбахаповичтен Арстанбеков Акылбек Советбековичтен , Абакиров Аскар Джумабековичтен жана Саккараев Медербек Джаманкуловичтен КР Жогорку Кенешинин депуттарын шайлоого катышуу тууралуу (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) КР БШКга жазуу жүзүндө билдирме түшкөн.
Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерди каттоо үчүн талапкерлер, саясий партиялар тарабынан БШКга берилүүчү документтердин тизмеги жана формалары менен ушул шилтемеден таанышса болот.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү ниети тууралуу арыз түштү
2021-жылы 23-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Саккараев Медербек Джаманкуловичтен 2021-жылы 28-ноябрда өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо № 31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) ниети жөнүндө арыз түштү.
М.Д.Саккараев шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Ч.А.Алмасбековду дайындады.
БШК «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып башталаарын жана добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күн калганда б.а. 2021-жылдын 13-октябрында саат 18:00дө аяктаарын эске салат.
Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде депутаттыкка талапкерди көрсөтүү талапкердин өзүнүн аталган шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө арызын КР БШКга берүү жолу менен жүргүзүлөт.
Талапкер бир шайлоо округунда гана көрсөтүлүшү мүмкүн.
Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн документтер КР БШКга шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен, б.а. 2021-жылдын 18-октябрь күнү саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш.
Буга чейин талапкерлер Сариев Акылбек Аблабековичтен, Малиев Арсланбек Касымакуновичтен, Дурсунов Атамша Латифовичтен, Ибраимов Санжар Кубанычбековичтен, Сейтказиев Анаш Токтосуновичтен, Танабаев Нурлан Исамидиновичтен, Курманов Байыш Жантаевичтен, Алтынбеков Айбектен, Нурланбеков Актилек Нурланбековичтен, Насиров Абдижалил Жусуповичтен, Исаев Канат Кедейкановичтен, Төлөгөнов Бакыт Талантовичтен, Алымжанов Айбек Орозбековичтен, Шаимкулов Манас Каныбековичтен, Бекмуратов Баймурат Асатовичтен, Талипов Нурали Орозалиевичтен, Усупов Тилек Сабыровичтен, Кебекбаев Сабыралы Тойчуевичтен, Сыдыков Бактыбек Үсөновичтен, Тукунов Акжолтой Шакирбековичтен , Абдыбахапов Абдыманап Абдыбахаповичтен Арстанбеков Акылбек Советбековичтен жана Абакиров Аскар Джумабековичтен КР Жогорку Кенешинин депуттарын шайлоого катышуу тууралуу (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) КР БШКга жазуу жүзүндө билдирме түшкөн.
Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерди каттоо үчүн талапкерлер, саясий партиялар тарабынан БШКга берилүүчү документтердин тизмеги жана формалары менен ушул шилтемеден таанышса болот.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү ниети тууралуу арыз түштү
2021-жылы 23-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Абакиров Аскар Джумабековичтен 2021-жылы 28-ноябрда өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо № 31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) ниети жөнүндө арыз түштү.
А.Д.Абакиров шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары А.Н.Эсенованы дайындады.
БШК «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып башталаарын жана добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күн калганда б.а. 2021-жылдын 13-октябрында саат 18:00дө аяктаарын эске салат.
Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде депутаттыкка талапкерди көрсөтүү талапкердин өзүнүн аталган шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө арызын КР БШКга берүү жолу менен жүргүзүлөт.
Талапкер бир шайлоо округунда гана көрсөтүлүшү мүмкүн.
Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн документтер КР БШКга шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен, б.а. 2021-жылдын 18-октябрь күнү саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш.
Буга чейин талапкерлер Сариев Акылбек Аблабековичтен, Малиев Арсланбек Касымакуновичтен, Дурсунов Атамша Латифовичтен, Ибраимов Санжар Кубанычбековичтен, Сейтказиев Анаш Токтосуновичтен, Танабаев Нурлан Исамидиновичтен, Курманов Байыш Жантаевичтен, Алтынбеков Айбектен, Нурланбеков Актилек Нурланбековичтен, Насиров Абдижалил Жусуповичтен, Исаев Канат Кедейкановичтен, Төлөгөнов Бакыт Талантовичтен, Алымжанов Айбек Орозбековичтен, Шаимкулов Манас Каныбековичтен, Бекмуратов Баймурат Асатовичтен, Талипов Нурали Орозалиевичтен, Усупов Тилек Сабыровичтен, Кебекбаев Сабыралы Тойчуевичтен, Сыдыков Бактыбек Үсөновичтен, Тукунов Акжолтой Шакирбековичтен , Абдыбахапов Абдыманап Абдыбахаповичтен жана Арстанбеков Акылбек Советбековичтен КР Жогорку Кенешинин депуттарын шайлоого катышуу тууралуу (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) КР БШКга жазуу жүзүндө билдирме түшкөн.
Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерди каттоо үчүн талапкерлер, саясий партиялар тарабынан БШКга берилүүчү документтердин тизмеги жана формалары менен ушул шилтемеден таанышса болот.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Сиздерди 23-сентябрь - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт!
Урматтуу мекендештер!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Сиздерди 23-сентябрь - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт!
Эгемен Кыргыз Республикасынын башкы байлыгы болгон кыргыз тили кылымдарды карыткан улуу тил. Мамлекеттик тилибиз - кыргыз тили Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн, кыргыз улутун улут кылып турган башкы белгилердин бири болуп саналат. Көптөгөн тарыхый окуяларды кучагына камтыган эгемендигибиздин 30 жылдык тарыхында эне тилибизди өнүктүрүү жаатында көп иштер жасалды, бирок аткарыла турган иштер дагы аз эмес.
Мамлекеттик тил статусуна ээ эне тилибиздин түбөлүгү түз болсун,майрамыбыз кут болсун!
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылдын 23-сентябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 23-сентябрь 2021-ж.
Убактысы: 18:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
2. Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
3. Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясыынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
4 . Сариев Акылбек Аблабековичти №33 Нарын шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутатыгына талапкер катары каттоо жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
5. №28 Октябрь шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Усупов Тилек Сабыровичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына №3 Кадамжай шайлоо округу боюнча талапкер катары өзүн өзү көрсөткөн Талипов Нурали Орозалиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
7. №34 Жети-Өгүз шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн өзү көрсөткөн Тологонов Бакыт Талантовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
8. №14 Жалал-Абад шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Шаимкулов Манас Каныбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
9. №32 Кочкор шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Алымжанов Айбек Орозобековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
10. №16 Ноокен шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Арстанбеков Акылбек Советбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
11. №16 Ноокен шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн өзү көрсөткөн Сыдыков Бактыбек Усеновичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
12. №13 Сузак шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Кебекбаев Сабыралы Тойчуевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
13. 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо жөнүндө (баяндамачы –Жылкыбаев У. К., Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жетекчиси)
14. Ар кандай маселелер
Конец формы
Кененирээк билүү >>
БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү ниети тууралуу арыз түштү
2021-жылы 22-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Арстанбеков Акылбек Советбековичтен 2021-жылы 28-ноябрда өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо № 16 Ноокен шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) ниети жөнүндө арыз түштү.
А.А.Арстанбеков шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Т.Ч.Асанбаевди, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары- А.А.Майлубашованы дайындады.
БШК «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып башталаарын жана добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күн калганда б.а. 2021-жылдын 13-октябрында саат 18:00дө аяктаарын эске салат.
Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде депутаттыкка талапкерди көрсөтүү талапкердин өзүнүн аталган шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө арызын КР БШКга берүү жолу менен жүргүзүлөт.
Талапкер бир шайлоо округунда гана көрсөтүлүшү мүмкүн.
Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн документтер КР БШКга шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен, б.а. 2021-жылдын 18-октябрь күнү саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш.
Буга чейин талапкерлер Сариев Акылбек Аблабековичтен, Малиев Арсланбек Касымакуновичтен, Дурсунов Атамша Латифовичтен, Ибраимов Санжар Кубанычбековичтен, Сейтказиев Анаш Токтосуновичтен, Танабаев Нурлан Исамидиновичтен, Курманов Байыш Жантаевичтен, Алтынбеков Айбектен, Нурланбеков Актилек Нурланбековичтен, Насиров Абдижалил Жусуповичтен, Исаев Канат Кедейкановичтен, Төлөгөнов Бакыт Талантовичтен, Алымжанов Айбек Орозбековичтен, Шаимкулов Манас Каныбековичтен, Бекмуратов Баймурат Асатовичтен, Талипов Нурали Орозалиевичтен, Усупов Тилек Сабыровичтен, Кебекбаев Сабыралы Тойчуевичтен, Сыдыков Бактыбек Үсөновичтен, Тукунов Акжолтой Шакирбековичтен жана Абдыбахапов Абдыманап Абдыбахаповичтен КР Жогорку Кенешинин депуттарын шайлоого катышуу тууралуу (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) КР БШКга жазуу жүзүндө билдирме түшкөн.
Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерди каттоо үчүн талапкерлер, саясий партиялар тарабынан БШКга берилүүчү документтердин тизмеги жана формалары менен ушул шилтемеден таанышса болот.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү ниети тууралуу арыз түштү
2021-жылы 22-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Абдыбахапов Абдыманап Абдыбахаповичтен 2021-жылы 28-ноябрда өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо № 13 Сузак шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) ниети жөнүндө арыз түштү.
БШК «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып башталаарын жана добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күн калганда б.а. 2021-жылдын 13-октябрында саат 18:00дө аяктаарын эске салат.
Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде депутаттыкка талапкерди көрсөтүү талапкердин өзүнүн аталган шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө арызын КР БШКга берүү жолу менен жүргүзүлөт.
Талапкер бир шайлоо округунда гана көрсөтүлүшү мүмкүн.
Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн документтер КР БШКга шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен, б.а. 2021-жылдын 18-октябрь күнү саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш.
чейин талапкерлер Сариев Акылбек Аблабековичтен, Малиев Арсланбек Касымакуновичтен, Дурсунов Атамша Латифовичтен, Ибраимов Санжар Кубанычбековичтен, Сейтказиев Анаш Токтосуновичтен, Танабаев Нурлан Исамидиновичтен, Курманов Байыш Жантаевичтен, Алтынбеков Айбектен, Нурланбеков Актилек Нурланбековичтен, Насиров Абдижалил Жусуповичтен, Исаев Канат Кедейкановичтен, Төлөгөнов Бакыт Талантовичтен, Алымжанов Айбек Орозбековичтен, Шаимкулов Манас Каныбековичтен, Бекмуратов Баймурат Асатовичтен, Талипов Нурали Орозалиевичтен, Усупов Тилек Сабыровичтен, Кебекбаев Сабыралы Тойчуевичтен, Сыдыков Бактыбек Үсөновичтен, Тукунов Акжолтой Шакирбековичтен жана Арстанбеков Акылбек Советбековичтен КР Жогорку Кенешинин депуттарын шайлоого катышуу тууралуу (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) КР БШКга жазуу жүзүндө билдирме түшкөн.
Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерди каттоо үчүн талапкерлер, саясий партиялар тарабынан БШКга берилүүчү документтердин тизмеги жана формалары менен ушул шилтемеден таанышса болот.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү ниети тууралуу арыз түштү
2021-жылы 22-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Тукунов Акжолтой Шакирбековичтен 2021-жылы 28-ноябрда өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо № 36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) ниети жөнүндө арыз түштү.
БШК «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып башталаарын жана добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күн калганда б.а. 2021-жылдын 13-октябрында саат 18:00дө аяктаарын эске салат.
Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде депутаттыкка талапкерди көрсөтүү талапкердин өзүнүн аталган шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө арызын КР БШКга берүү жолу менен жүргүзүлөт.
Талапкер бир шайлоо округунда гана көрсөтүлүшү мүмкүн.
Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн документтер КР БШКга шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен, б.а. 2021-жылдын 18-октябрь күнү саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш.
чейин талапкерлер Сариев Акылбек Аблабековичтен, Малиев Арсланбек Касымакуновичтен, Дурсунов Атамша Латифовичтен, Ибраимов Санжар Кубанычбековичтен, Сейтказиев Анаш Токтосуновичтен, Танабаев Нурлан Исамидиновичтен, Курманов Байыш Жантаевичтен, Алтынбеков Айбектен, Нурланбеков Актилек Нурланбековичтен, Насиров Абдижалил Жусуповичтен, Исаев Канат Кедейкановичтен, Төлөгөнов Бакыт Талантовичтен, Алымжанов Айбек Орозбековичтен, Шаимкулов Манас Каныбековичтен, Бекмуратов Баймурат Асатовичтен, Талипов Нурали Орозалиевичтен, Усупов Тилек Сабыровичтен, Кебекбаев Сабыралы Тойчуевичтен жана Сыдыков Бактыбек Үсөновичтен КР Жогорку Кенешинин депуттарын шайлоого катышуу тууралуу (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) КР БШКга жазуу жүзүндө билдирме түшкөн.
Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерди каттоо үчүн талапкерлер, саясий партиялар тарабынан БШКга берилүүчү документтердин тизмеги жана формалары менен ушул шилтемеден таанышса болот.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
13.10.2026
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
09.10.2026
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09.10.2026
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09.10.2026
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09.10.2026
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
06.10.2026
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби