Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Бишкек ш. Административдик соту КР ЖК депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө КР БШКнын чечимин жокко чыгаруу  жөнүндө Р.Ч. Момбековдун арызын канаатттандыруудан баш тартты
25.01.2022

Бишкек ш. Административдик соту КР ЖК депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө КР БШКнын чечимин жокко чыгаруу жөнүндө Р.Ч. Момбековдун арызын канаатттандыруудан баш тартты

2022-жылы 24-январда Бишкек ш. Административдик соту № 27 Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө КР БШКнын чечимин жокко чыгаруу жөнүндө Р.Ч. Момбековдун арызын канаатттандыруудан баш тартты. Буга чейин КР БШК 2022-жылдын 20-январындагы № 33 чечими менен мыйзамга ылайык алынган жогорку кесиптик билими бар экендиги тууралуу документтерди тапшырбагандыгына байланыштуу Р.Ч. Момбековду № 27 Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкер катары каттоодон баш тарткан. Маалымат үчүн. 2022-жылы 11-январда № 27 Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкер катары каттоо үчүн Р.Ч. Момбеков Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын «Эл аралык мамилелер» адистиги боюнча “эл аралык мамилелер тармагындагы адис” квалификациясын ыйгаруу менен 2011-жылы 8-июлда берилген дипломунун нотариус күбөлөндүргөн көчүрмөсүн тапшырган. Дипакадемиянын тапшырылган дипломунда окуган убакыт катары 2011-2014-жылдар көрсөтүлгөн, ал эми билими тууралуу буга чейинки документ менен 2003-жылы Ж. Баласагын атындагы КУУ тарабынан берилген жогорку билим тууралуу диплом көрсөтүлгөн. Тапшырылган дипломдон Р.Ч. Момбеков Дипакадемиянын көрсөтүлгөн дипломун ылдамдатылган (3 жылдык) программа боюнча алгандыгын ырастайт, бул биринчи жогорку билим тууралуу анык дипломдун болушун талап кылат. «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык “Кесиптик жогорку билими бар адамдар тездетилген программа боюнча экинчи жана үчүнчү кесиптик жогорку билим алышы мүмкүн. Кесиптик жогорку билим алууга орто жалпы билими жөнүндө аттестаттын, кесиптик орто билими тууралу дипломдун же кесиптик жогорку билими жөнүндө дипломдун (экинчи, үчүнчү, ошондой эле жогорку билим алганда) болушу мүмкүнчүлүк берет”. 2022-жылы 12-январда конституциялык Мыйзамдын 61-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык КР БШК талапкер Р.Ч. Момбековдун дарегине мыйзамда белгиленген тартипте жогорку билими бар экендиги тууралуу толук маалымат жана биринчи жогорку билим тууралуу анык дипломдун нотариус күбөлөндүргөн көчүрмөсүн тапшыруу жөнүндө билдирме жөнөтүлгөн, бул талап аткарылган эмес. 2022-жылы 19-январда талапкер Р.Ч. Момбековду жогорку билими бар экендиги бөлүгүндө мызамдардын талаптарына ылайыктыгын текшерүү алкагында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги (КР БжИМ) өзүнүн расмий билдирүүсүндө Ж. Баласагын атындагы КУУ тарабынан жогорку билим тууралуу диплом Р.Ч. Момбековго 2003-жылы берилбегендигин ырастаган. 2022-жылы 20-январда КР БШКнын жыйналышында КР БжИМ өкүлү министрлик түзгөн атайын комиссия Ж. Баласагын атындагы КУУга барып, Р.Ч. Момбековго Ж. Баласагын атындагы КУУда жогорку кесиптик билим тууралуу дипломду берилген фактысы болбогондугу аныкталгандыгын маалымдады. Конституциялык Мыйзамдын 59-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, “шайлоо күнүнө карата 25 жашка толгон, шайлоого укугу бар, жогорку кесиптик билими бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат. Конституциялык Мыйзамдын 61-беренесине ылайык, талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн конституциялык Мыйзамга ылайык зарыл болгон документтерди бербөө жана көрсөтүүнүн конституциялык Мыйзамда каралган тартибин сактабоо талапкерди каттоодон баш тартуунун негиздери болушу мүмкүн. Ыйгарым укуктуу органдын маалыматынын негизинде, КР конституциялык Мыйзамынын 59, 60-1, 61-беренелерин жетекчиликке алып, КР БШК мыйзамга ылайык алынган жогорку кесиптик билими бар экендиги тууралуу документтерди тапшырбагандыгына байланыштуу Р.Ч. Момбековду № 27 Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкер катары каттоодон баш тарткан. 2022-жылы 21-январда Р.Ч. Момбеков Бишкек ш. Административдик сотуна КР БШКнын 2022-жылдын 20-январындагы № 33 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө доо арыз берген. 2022-жылы 24-январда Бишкек ш. Административдик соту Р.Ч. Момбековдун доо арызындагы талаптарын канаатттандыруудан баш тартты, КР БШКнын 2022-жылдын 20-январындагы № 33 чечими мыйзамдуу жана негиздүү деп таанылды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
“Жалпы иш” КФ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде байкоо жүргүзөт
25.01.2022

“Жалпы иш” КФ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде байкоо жүргүзөт

2022-жылдын 25-январында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 27-февралына дайындалган № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде байкоо жүргүзүү ниети тууралуу “Жалпы иш” коомдук фондунун билдирмесин эске алды. БШК белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү менен Асылбеков Таалайбек Спартаковичти, Аалиев Тариэл Муратбековичти “Жалпы иш” коомдук фондунан коомдук байкоочулар катары каттоо чечимин кабыл алды. Чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-1-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, кабыл алынды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК КР Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандатын Айдарова Айгүл Абдисаламовнага өткөрүп берди
25.01.2022

БШК КР Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандатын Айдарова Айгүл Абдисаламовнага өткөрүп берди

КР Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандаты болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Айдарова Айгүл Абдисаламовна «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таануу жөнүндө токтом кылды. КР БШК токтому менен Айдарова Айгүл Абдисаламовна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты катары катталды, ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги тапшырылды. Токтом ”Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесинин 11-бөлүгүнө, 65-беренесинин 3, 4-1-бөлүктөрүнө ылайык кабыл алынды. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2022-жылдын 25-январында өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору
25.01.2022

КР БШКнын 2022-жылдын 25-январында өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору

                                                                                                                                                 Өткөрүү датасы: 25 январь 2022-ж.                                                                                    Убактысы: 17:30                                                                                    Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы   1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. Карамушкина Ирина Юрьевнаны №29 Свердлов шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. Келгенбаев Акжолтой Коконбаевичти №27 Биринчи май шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 4. №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Камбаров Мирлан Адилбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 5. №27 Биринчи Май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Сартаев Анвар Айдаровичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 6. №27 Биринчи Май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Тилектешов Улукбек Тилектешовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 7. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Бейшенбаев Эдиль Нурбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 8. 2022-жылдын 27-февралына дайындалган №27 Биринчи май жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын кайра шайлоого байкоо жүргүзүү ниети тууралуу “Жалпы иш” коомдук фондунун билдирүүсү жана коомдук байкоочуларды каттоо жөнүндө (баяндамачы – Аскарбекова А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн эксперти) 9. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2022-жылдын 23-январында өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору
23.01.2022

КР БШКнын 2022-жылдын 23-январында өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору

                                                                                                                                                Өткөрүү датасы: 23 январь 2022-ж.                                                                                    Убактысы: 15.00                                                                                    Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы   1. Алканова Элнура Сайдиракмановнаны  №29 Свердлов шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. Мамбетсадыков Азамат Нурбекович №27 Биринчи май шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. Мотуев Нурдин Аманканович №29 Свердлов шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 4. Капаров Чынгыз Капарович №27 Биринчи май шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 5. Жолдошова Назгуль Амантуровна №29 Свердлов шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 6. №29 Свердлов шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Ибраймакунов Данияр Омурбековичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 7. №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Мусаев Тахир Насыровичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө  (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 8. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкер Болотбеков Бакытбек Болотбековичтин ыйгарым укуктуу  өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 9. №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Камбаров Мирлан Адилбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 10. №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Абдыкадыр уулу Бектурдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 11. №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Давлянов Дамирбек Тайырбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 12. №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Абдиев Бактыбек Кемеловичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 13. №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Абдыразакова Айжан Улановнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 14. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Босивская Кристина Валерьевнанын ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 15. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Алмаз уулу Аскардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 16. №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Келгенбаев Акжолтой Коконбаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 17. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Токмулин Рафаэль Мубараковичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 18. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Строкова Евгения Григорьевнаны ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 19. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
КР БШК КР ЖК депутаты О.К. Нарматованын билими тууралуу документтер жөнүндө КР БжИМдин жана КР УКМКнын маалыматтарын укту
21.01.2022

КР БШК КР ЖК депутаты О.К. Нарматованын билими тууралуу документтер жөнүндө КР БжИМдин жана КР УКМКнын маалыматтарын укту

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 2017-жылы берилген «Журналистика» адистиги боюнча жогорку кесиптик билими тууралуу дипломунун тапшырылган көчүрмөсүнүн негизинде КР БШКнын 2021-жылдын 22-октябрындагы № 710 чечими менен О.К. Нарматова «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан КР ЖК депутаттыгына талапкер катары катталган. КР БШКнын 2021-жылдын 28-декабрындагы № 844 токтому менен О.К. Нарматова «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан КР ЖК депутаты катары катталган. 2022-жылы 19, 20-январда КР БШКга КР ЖК депутаты О.К. Нарматованын жогорку кесиптик билими тууралуу дипломунун берилишинин мыйзамсыздыгы жөнүндө КР БжИМдин жана КР УКМКнын маалыматтары түштү. 2022-жылы 20-январда КР БШКнын жыйналышында КР БжИМдин жана КР УКМКнын маалыматтары угулду. КР БжИМдин өкүлү билдиргендей, министрликтин атайын түзүлгөн комиссиясы О.К. Нарматовага дипломдун берилишинин мыйзамдуулугун текшерди. Текшерүүнүн натыйжасында комиссия диплом билим берүү тармагындагы ченемдик укуктук актыларды көп сандагы бузуулар менен берилгендигин аныктады. Мындан тышкары, О.К. Нарматова Жалал-Абад мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүнө тапшырган учурда орто кесиптик билиминин профилинин жогорку кесиптик билиминин профилине ылайыктыгы боюнча талабы сакталбагандыгы комиссия тарабынан аныкталды. О.К. Нарматованын өкүлү М.Ш. Полотов О.К. Нарматова Москва бизнес колледжинде «Бухгалтердик эсеп» адистиги боюнча атайын кесиптик билим алгандыгы тууралуу маалымат берди. УКМКнын өкүлү О.К. Нарматова суракта дагы бул маалыматты билдиргендигин ырастады. БжИМдин өкүлү 2011-жылдын 27-майындагы № 256 токтом менен бекитилген “КР ЖОЖдоруна кабыл алуу тартиби жөнүндө” жобонун талаптарына ылайык «Бухгалтердик эсеп» адистиги боюнча орто кесиптик билимдин базасында «Журналистика» адистиги боюнча жогорку кесиптик билим алуу үчүн О.К. Нарматова ЖАМУга кабыл алынмак эместиги тууралуу маалымат берди. Ошондой эле 2013-жылы 31-майда Минскиде кол коюлган, КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-ноябрындагы № 634 токтом менен бекитилген Евразия экономикалык уюмунда билим берүү, илимий даражалар жана илимий наамдар жөнүндө документтерди өз ара таануу жана алардын эквиваленттүүлүгү тууралуу Макулдашууга ылайык орто кесиптик билим тууралуу дипломдор адистик боюнча билимди уланткан учурда Макулдашуу тараптары тарабынан таанылышы мүмкүн. Ошентип, КР БжИМдин маалыматы боюнча Москва бизнес колледжинин «Бухгалтердик эсеп» адистиги боюнча орто кесиптик билим тууралуу диплому жогорку кесиптик билимдин профилине ылайык келген эмес, бул өз кезегинде 2011-жылдын 27-майындагы № 256 токтом менен бекитилген “КР ЖОЖдоруна кабыл алуу тартиби жөнүндө” жобонун талаптарын бузгандык болуп саналат. УКМКнын маалыматы боюнча О.К. Нарматова сессияны тапшыруу мезгилинде КРдин чегинен тышкары жүргөн, бул окуган адамдын сынактарда милдеттүү түрдө өзү катышуусу жөнүндө мыйзам талаптарын бузгандык болуп саналат. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары –конституциялык Мыйзам ) 59-беренесине ылайык шайлоо күнүнө карата 25 жашка толгон, шайлоого укугу бар, жогорку кесиптик билими бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат. КР БжИМдин маалыматына ылайык 19.01.2022-ж. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору 2017-жылы 5-июлда О.К. Нарматовага берилген жогорку билим тууралуу диплом жараксыз деп таануу жөнүндө буйрук чыгарылган. Маалыматтарды угуп, түшкөн материалдарды талкуулап, КР БШК конституциялык Мыйзамдын 46-беренесинин 1-бөлүгүн, 59, 61-беренелерин жетекчиликке алып, О.К. Нарматованы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоону, ошондой эле КР БШКнын тиешелүү токтомдорунун О.К. Нарматованы КР ЖКнын катталган депутаты деп таануу жана депутат катары каттоо бөлүктөрүн жокко чыгарды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Биринчи май жана Свердлов округдук шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизди
20.01.2022

БШК Биринчи май жана Свердлов округдук шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылы 20-январда Биринчи май жана Свердлов округдук шайлоо комиссияларынын курамдарына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизди: Биринчи май округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди: - Примбердиева Бермет Арпидиновна жана Бактыбек уулу Талант комиссиянын курамынан чыгарылсын; - Дукембаева Эльмира Абуевна Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан жана Нурланова Жанэт Нурлановна Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын резервинен комиссиянын курамына киргизилсин. Свердлов округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди: - Бейшенбаев Эдил Нурбекович комиссиянын курамынан чыгарылсын; - Исаков Азамат Токторбекович Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын резервинен комиссиянын курамына киргизилсин. Токтом Биринчи май жана Свердлов округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн шайлоо комиссиясынын курамдарынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесине ылайык кабыл алынды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
20.01.2022

БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 20-январындагы жыйналышында Кызыл-Кыя, Баткен, Лейлек, Москва, Сокулук, Токмок, Панфилов, Араван, Өзгөн, Кара-Көл, Аксы, Нарын жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти. Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты Мамажалилов Каныбек Худайбердыевичтин (№4, «Ыйман Нуру» деп.фракциясы) ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат 38 КЛ окутуучусу Мааткалыков Зарылбек Зайлабидиновичке («Ыйман Нуру» саясий партиясы) өткөрүп берилди. Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айылдык кеңешинин депутаты Орозалиев Имам-Саит Жамаловичин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат “Самаркандек” соода комплексинин директору Темирбаев Уланбек Абдикааровичке өткөрүп берилди. Каза болгондугуна байланыштуу Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айылдык кеңешинин депутаты Ысманов Нурудинбай Маматовичин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат Аксай токой чарбасынын бөлүм башчысы Алиев Элчибек Абдисаитовичке өткөрүп берилди. Баткен облусунун Лейлек районунун Лейлек айылдык кеңешинин депутаты Сапаров Талантбек Исабековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Бостонов Алишер Абдумажитовичке өткөрүп берилди. Жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин сессияларына бир жыл ичинде төрт жолудан ашык келбегендигине байланыштуу Чүй облусунун Москва районунун Биринчи май айылдык кеңешинин депутаты Акматов Бактияр Бактыбековичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат жеке ишкер Кенжеев Адилет Болотбековичке өткөрүп берилди. Каза болгондугуна байланыштуу Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айылдык кеңешинин депутаты Табалдиев Суйунбай Байышовичин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат слесарь Тинеев Канат Райхановичке өткөрүп берилди. Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Чүй облусунун Сокулук районунун Асылбаш айылдык кеңешинин депутаты Жумабеков Жалын Самудиновичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат “АЮ” ЖЧкнын касапчысы Абдрахманов Алтынбек Аблабековичке өткөрүп берилди. Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Чүй облусунун Сокулук районунун Төмөнкү-Чүй айылдык кеңешинин депутаты Акматов Жаныбек Абдимусаевичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат жеке ишкер Гавсидинов Алимбек Ашимовичке өткөрүп берилди. Айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргендигине байланыштуу Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаты Зарлыкова Нургүл Бакытбековнанын (№9, «Бирге» деп.фракциясы) ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат жеке ишкер Берикбаева Асель Тилековнага (№12, «Бирге» саясий партиясы) өткөрүп берилди. токтотулду. Жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин сессияларына бир жыл ичинде төрт жолудан ашык келбегендигине байланыштуу Чүй облусунун Панфилов районунун Курама айылдык кеңешинин депутаты Ляленко Татьяна Сергеевнанын ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат пенсионер Анапияева Джамалкан Джакиевнага өткөрүп берилди. Ош облусунун Араван районунун С. Юсупов айылдык кеңешинин депутаты Каюмов Аброрбек Пазилжоновичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат “Сохиба” дыйкан чарбасынын жетекчиси Юсипов Абдигани Абдихалиловичке өткөрүп берилди. Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин депутаты Абдымомунова Аида Саиповнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке чарбанын ээси Урустамова Данакан Жеенбековнага өткөрүп берилди. Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты Ашыралиев Эмил Рысбековичтин (№4, «Замандаш» деп.фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Халбатыров Улукмырза Улановичке («Замандаш» саясий партиясы) өткөрүп берилди. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жерге-Тал айылдык кеңешинин депутаты Бекмырзаева Анвара Айтмырзаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Исмайлов Уран Нурмаматовичке өткөрүп берилди. Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Нарын облусунун Нарын районунун Эмгекчил айылдык кеңешинин депутаты Өскөнбаев Азамат Жакыповичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат Т.Байбураев атындагы орто мектептин мугалими Мусаев Нарынбек Ырсалиевичке өткөрүп берилди. Нарын облусунун Нарын районунун Эмгекчил айылдык кеңешинин депутаты Байтерекова Жыпаркүл Бекболотовнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат пенсионер Тюменбаева Кайып Токобаевнага өткөрүп берилди. Нарын облусунун Нарын шаардык кеңешинин депутаты Өмүрбай кызы Чолпондун (№3, «Ордо» деп.фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Каптагаева Айпери Болотбековнага (№8, «Ордо» саясий партиясы) өткөрүп берилди. Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жыйналышта талапкер Ысманов Жоробай Каражановичти өз арызынын негизинде катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарышты.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2022-жылдын 20-январында өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору
20.01.2022

КР БШКнын 2022-жылдын 20-январында өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору

                                                                                   Өткөрүү датасы: 20 январь 2022-ж.                                                                                    Убактысы: 17:00                                                                                    Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Кызыл-Кыя, Баткен, Лейлек,              Москва, Сокулук, Токмок, Панфилов, Араван, Өзгөн,  Кара-Көл, Аксы, Нарын жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. Биринчи май жана Свердлов округдук шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. Саадабаев Бакыт Муратбековичти №29 Свердлов шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 4. Аспек уулу Азаматты №29 Свердлов шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 5. Муртазалиев Абдурахманхаджа Шамильевичти №29 Свердлов шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 6. Алмамбетова Гуля Идиновнаны №29 Свердлов шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 7. Маматкулов Нурланбек Жолошовичти №29 Свердлов шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 8. Болотбеков Бакытбек Болотбековичти №29 Свердлов шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 9. Кермалиев Таалайбек Женишовичти №27 Биринчи Май шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 10. 2022-жылдын 27-февралына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун №27 Биринчи Май шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Момбеков Рыскелди Чыныбекович тууралуу корутундусу жөнүндө          (баяндамачы – Аскарбекова А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн эксперти) 11. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Респуббликасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Нарматова Орозайым Кочконбаевнанын билими тууралуу документтери боюнча маалыматтары жөнүндө  (баяндамачы – Аскарбекова А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн эксперти) 12. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына  талапкер катары көрсөтүлгөн Джумагазиева Нуржан Курманбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 13. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына  талапкер катары көрсөтүлгөн Ибрайманкунов Данияр Омурбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 14. №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына  талапкер катары көрсөтүлгөн Капаров Чынгыз Капаровичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 15. №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына  талапкер катары көрсөтүлгөн Нурматов Темирбек Асановичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 16. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына  талапкер катары көрсөтүлгөн Салянова Аида Женишбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 17. Ар кандай маселелер  
Кененирээк билүү >>
БШК Бишкек ш. Биринчи май жана Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоо алкагында укук коргоо органдары үчүн тренинг өткөрдү
18.01.2022

БШК Бишкек ш. Биринчи май жана Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоо алкагында укук коргоо органдары үчүн тренинг өткөрдү

2022-жылы 18-январда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында Бишкек ш. Биринчи май жана Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоо алкагында Кыргыз Республикасынын жаңы кодекстерин – Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонуу боюнча укук коргоо органдарынын – прокуратуранын, УКМКнын Бишкек ш. боюнча ББнын, Бишкек ш. ИИББнын жетекчи жана ыкчам иш жүргүзүү боюнча курамдарынын кызматкерлери үчүн окутуу болуп өттү. Окутууга бардыгы КР ИИМден – 32, КР УКМКдан – 10, КР Башкы прокуратурасынан 8 кызматкер катышты. КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекова Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоонун өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып берди. Атап айтканда, кайра шайлоонун мөөнөттөрү үчтөн бирге кыскарды. Ошондуктан буга айрыкча көңүл буруп, тигил же бул бузууларга өз убагында чара көрүү зарыл. Мында шайлоо процессинин катышуучуларынын – талапкерлердин, байкоочулардын жана шайлоочулардын өз укуктары жана милдеттери бар. Укук коргоо органдары алардын укуктары бузулса, бирдей даражада шарттарды түзүп, алардын укуктарын коргоого тийиш. “Мыйзам бузууларга каршы бардык чаралар көрүлүш керек, өлкөнүн коопсуздугуна жана туруктуулугуна чоң коркунуч алып келбей турган бузуулар жоопкерчиликке тете чаралар менен коштолууга тииш. Кантсе да жарандардын эркин тандоого мүмкүнчүлүгү болушу керек”, - деп белгиледи БШК төрагасы. Семинарда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынн кызматкерлери – жогоруда аталган кодекстерди иштеп чыккандардын бирлери КР БПнын улук прокурору С.Камолидинов, КР БПнын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү Н.Алымкулов чыгып сүйлөштү. Ошондой эле КР ИИМдин шайлоо мыйзамдары чөйрөсүндөгү кылмыштарды териштирүү маселелери боюнча кызматкерлери – милициянын полковниги Ч. Майлыбеков, милициянын полковниги, КР ИИМдин Академиясынын доценти Т.Осмоналиев чыгып сүйлөштү. Семинарда шайлоочулардын добуштарын сатып алуу жана административдик ресурсту кыянат пайдалануу фактылары баоюнча сотко чейинки текшерүүлөрдүн маанилүү этаптары дагы талкууланды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2022-жылдын 17-январында өтүүчү отурумунун күн тартибинин  долбоору
17.01.2022

КР БШКнын 2022-жылдын 17-январында өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору

                                                                                                                                                                                  Өткөрүү датасы: 17 январь 2022-ж.                                                                                    Убактысы: 17:00                                                                                    Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековнаны  №27 Биринчи май шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө (баяндамачы – Аскарбекова А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн эксперти) 2. Бакиров Бакыт Жеентайовичти  №29 Свердлов шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө (баяндамачы – Аскарбекова А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн эксперти) 3. Токтакунов Нурбек Акбаровичти №27 Биринчи май шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө (баяндамачы – Аскарбекова А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн эксперти) 4. Тургунбаев Улукбек Абдивалиевичти  №29 Свердлов шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө (баяндамачы – Аскарбекова А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн эксперти) 5. №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Кермалиев Таалайбек Женишовичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Озеров М., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 6. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына  талапкер катары көрсөтүлгөн Маматкулов Нурланбек Жолошовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Озеров М., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 7. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Аспек уулу Азаматтын ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Озеров М., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 8. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Муртазалиев Абдурахманхаджи Шамильевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Озеров М., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 9. №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Нурматов Темирбек Асановичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Озеров М., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 10. №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Жоробеков Азаматбек Жолборсовичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Озеров М., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 11. №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Мамбетсадыков Азамат Нурбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Озеров М., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 12. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Атазов Шайлообек Карыбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Озеров М., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 13. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Алканова Элнура Сайдиракмановнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Озеров М., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 14. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Мотуев Нурдин Аманкановичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Озеров М., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 15. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына  талапкер катары көрсөтүлгөн Эргешов Казыбек Кочкоровичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Озеров М., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 16. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
БШКда борбордун эки округунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышууга ниеттенген талапкерлер жана алардын өкүлдөрү үчүн тренинг болуп өттү
13.01.2022

БШКда борбордун эки округунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышууга ниеттенген талапкерлер жана алардын өкүлдөрү үчүн тренинг болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында борбордун эки округунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышууга ниеттенген талапкерлер жана алардын өкүлдөрү үчүн тренинг болуп өттү. Тренингдин катышуучуларына төмөнкү эрежелер тууралуу маалымат берилди: талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо; «Электрондук талапкер» программасына талапкерлердин маалыматтарын киргизүү; шайлоо өнөктүгүн каржылоо, талапкерлердин шайлоо фонддорун түзүү; шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү; шайлоо талаш-тартыштарын кароо. Атап айтканда, бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлерди көрсөтүү кайра шайлоо жөнүндө расмий жарыяланган күндөн башталып, шайлоо күнүнө 30 календарлык күн калганда аяктайт (2022-жылдын 27-январына чейин (кошуп алганда). Саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү ар бир талапкер талапкерлиги добушка коюлган шайлоо округун көрсөтүү менен съезддерде жүзөгө ашырылат. Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү боюнча саясий партиянын съездине БШКнын, Жумушчу топтун мүчөлөрү катышууга укуктуу. Саясий партиялар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча бирден ашык эмес талапкерди көрсөтүүгө укуктуу. Талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечим жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат. Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерди депутаттыкка көрсөтүү талапкердин өзүнүн ушул шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө арызын БШКга берүү жолу менен жүргүзүлөт. Мында талапкер жеке каражаттарынан БШКнын атайын эсебине мыйзамдарда көрсөтүлгөн эсептик көрсөткүчтүн миң эселенген өлчөмүндө (100 000 сом) шайлоо күрөөсүн төгөт. Талапкер (ыйгарым укуктуу өкүл) 2022-жылдын 30-январынан кечиктирбестен, саат 18ге чейин төмөнкү документтерди берүүгө тийиш: - талапкердин паспортунун көчүрмөсүн; - каттоо үчүн талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн тизмесин (6-1-форма); - ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн арыздарын (7-1-форма); - талапкер, жогорку ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан толтурулган жекече маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө жазуу жүзүндө субъектинин макулдугу жөнүндө Типтүү формасын; - талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн паспортунун көчүрмөсүн; Талапкер бир шайлоо округунда гана көрсөтүлүшү мүмкүн. Талапкерлерге жана алардын өкүлдөрүнө талапкерлер жана саясий партиялар электрондук форматта шайлоо комиссияларына документтердин топтомун берүү жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы иштеп чыккан «Электрондук талапкер» программасына талапкерлердин маалыматтарын кандай киргизүү керек экендиги толук түшүндүрүлдү. «Электрондук талапкер» тутуму БШК, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин (КР жарандыгы, паспорттук маалыматтарынын аныктыгын), ИИМ (соттуулук), Билим берүү жана илим министрлиги (жогорку билим) ортосунда маалыматтарды алмашуу аркылуу талапкерлердин шайлоо мыйзамдарына ылайыктыгын текшерүүнү камсыздайт. Мында ведомстволор аралык маалыматтарды алмашуу тутумунун аркасы менен талапкерлердин жеке маалыматтарын толук коргоо камсыздалат. «Электрондук талапкер» программасынан алынган талапкерлер тууралуу маалыматтар шайлоочуларга маалымдоо үчүн «Талапкер» сайтында дагы көрсөтүлөт. Шайлоо фонддоруна байланыштуу төмөнкүлөр белгиленди: тиешелүү шайлоо фонддорунан алдын ала төлөбөстөн шайлоо алдындагы үгүт материалдарын чыгарууга, шайлоо фонддорун (шайлоо фондунун атайын эсебин) кыйгап, талапкерди, талапкерлердин тизмесин шайлоого көмөктөшүүчү, жарандарга жана укуктук жактарга талапкердин, саясий партиянын ишине каржылык (материалдык) колдоо көрсөтүүгө тыюу салынат. Шайлоо фонддоруна келип түшүүчү акча каражаттары улуттук валютада гана кабыл алынат. Көрсөтүлгөн эсептер боюнча кирешелер эсептелбейт жана төлөнбөйт. Белгиленген өлчөмдөн ашык түшкөн акча каражаттары шайлоо фондуна чегерилүүгө жатпайт жана жарандарга жана уюмдарга кайтарылып берилет. Атап айтканда, жарандар жана юридикалык жактар тарабынан аткарылуучу акы төлөнүүчү жумуштар (кызмат көрсөтүү) жазуу жүзүндө (келишим, эсеп-фактура, коштоо документтери, кабыл алуу-өткөрүү акты ж.б. буйрутмачынын жана аткаруучунун колу жана мөөрү менен) таризделүүгө тийиш. Келишим төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: тараптардын реквизиттери, тапшырылуучу иштин көлөмү тууралуу маалыматтар, наркы, иштин түрлөрү боюнча баа (калькуляция, смета), төлөө тартиби, ишти аткаруу мөөнөтү, тараптардын жоопкерчилиги ж.б. шарттар. Аткарылган жумуштар жана кызмат көрсөтүү буйрутмачынын (каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн) жана аткаруучунун колу коюлган кабыл алуу-өткөрүү актылары же коё берилген продукцияга коштоо документтери менен ырасталууга тийиш. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин жана шайлоо талаш-тартыштарын чечүү тартибин окуп-үйрөнүү окутуунун маанилүү компоненти болуп калды. Мында БШК талапкерлер жана алардын өкүлдөрү кеңеш алуу үчүн шайлоого катышуунун бардык маселелери боюнча БШКнын Жумушчу тобуна кайрыла алышаарын маалымдады.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2022-жылдын 11-январында өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору
11.01.2022

КР БШКнын 2022-жылдын 11-январында өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору

                                                                                   Өткөрүү датасы: 11 январь 2022-ж.                                                                                    Убактысы: 17:30                                                                                    Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы   1. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Саадабаев Бакыт Муратбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 2. №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Момбеков Рыскелди Чыныбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 3. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Карамушкина Ирина Юрьевнанын ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 4. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2022-жылдын 8-январында  өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору
08.01.2022

КР БШКнын 2022-жылдын 8-январында өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 8-январь 2022-ж. Убактысы: 13.00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы   1. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Карамушкина Ирина Юрьевнанын ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Т. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 2. №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Момбеков Рыскелди Чыныбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Т. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 3. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Атазов Шайлообек Карыбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Т. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 4. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Тургунбаев Улукбек Абдивалиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Т. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 5. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына  талапкер катары көрсөтүлгөн Бакиров Бакыт Жеентайовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Т. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 6. Ар кандай маселелер   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү   
Кененирээк билүү >>
Анонс
07.01.2022

Анонс

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылы 11-январда саат 14:00дө 2022-жылдын 27-февралына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышуучу талапкерлер үчүн окутуу тренингин өткөрөт. Талапкерлер төмөнкү маселелер боюнча маалымат алышат: • Документтерди тапшыруу жана талапкерлерди каттоо тартиби; • Талапкерлердин шайлоо фонддорун түзүү тартиби, шайлоо өнөктүгүн каржылоо эрежелери; • Шайлоо алдында үгүт жүргүзүү эрежелери; • Шайлоо даттанууларын кароо тартиби. Катышуу маселелери боюнча төмөнкү байланыш телефон номуруна чалып, кайрылууга болот: 0312 62 62 87.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК парламенттик кайра шайлоого шайлоочулардын алдын ала тизмесин жарыялады
05.01.2022

БШК парламенттик кайра шайлоого шайлоочулардын алдын ала тизмесин жарыялады

2022-жылдын 27-февралына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого № 27 Биринчи Май шайлоо округу жана № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча шайлоочулардын алдын ала тизмеси Кыргыз Республикасынын Санариптик ѳнүктүрүү министрлиги тарабынан түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сайтындагы шайлоочулардын “Тизме” - https://tizme.gov.kg мамлекеттик порталына жайгаштырылды. Алдын ала тизмедеги № 27 Биринчи Май шайлоо округу боюнча шайлоочулардын саны 109 457 анын ичинен 46112 Эркектер, 63345 аялдар жана № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча шайлоочулардын саны 103 413 анын ичинен эркектер – 43683, аялдар - 59730 түзөт. Эки шайлоо округу боюнча шайлоочулардын саны 212 870ду түзөт, алардын ичинен эркектер – 89 795, аялдар – 123 075, же тиешелүү түрдө 42,18%, 57,82% 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо жалпы шайлоочулардын санына салыштырмалуу 24 863 жаранга көбөйдү жана 3 728 283 шайлоочуну түздү. Шайлоо мезгилинде шайлоочулардын тизмесин актуалдаштыруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттешип, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги маалыматтардын тактыгын камсыздоо максатында күн сайын жүргүзүлөт. Шайлоочулардын тизмесин тактоо 2022-жылдын 11-январынан тартып 16-февралына чейин жүргүзүлөт. Шайлоочулардын таанышуусу жана маалыматтарды тактоосу үчүн тизмени УШКга 2022-жылдын 11-январында илет. Шайлоочулардын контролдук тизмеси УШКга 2022-жылдын 7-февралында илинет. Шайлоочулардын биротоло тизмеси түзүлүп, 2022-жылдын 22-февралында “Тизме” порталына жайгаштырылат. Урматтуушайлоочулар! 2022-жылдын 11-январынан тартып 16-февралына чейинки (кошуп алганда) мезгилде шайлоочулардын тизмесинен өзүңүз тууралуу маалыматты тактаңыз: 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен; «https://tizme.gov.kg/ » сайтында; шайлоо участогунда; өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп, Сиздин шайлоо участогуңуздун номери жана дареги тууралуу жооп аласыз (СМС билдирүү жөнөтүү жана чалуулар акысыз). Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда, ошондой эле шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, 2022-жылдын 16-февралына чейин (кошуп алганда) Сиз Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсүн тиркеп, шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жѳнүндѳ арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуусуз. Мында шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт. Арызды электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, “https://tizme.gov.kg” сайтында «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу тапшырса дагы болот. Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан (КТБ – ЦОН) бул жол-жободон өтүп, паспортундагы дарек маалыматтарын актуалдаштыра алышат.   Шайлоочулардын тизмесин эсепке алуу бирдиктүү системасы 2022-жылдын 27-февралына дайындалган, бир мандаттуу №27 Биринчи май жана № 29 Свердлов шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого, шайлоочулардын алдын ала тизмеси. - гендер боюнча: № к/н Округдардын аталыштыры УШК саны 2022-жылдын 5-январына карата шайлоочулардын гендер боюнча саны баардыгы эркектер аялдар   Баардыгы 120 212870 89795 123075 1 №27 Биринчи май шайлоо округу 60 109457 46112 63345 2 №29 Свердлов шайлоо округу округу 60 103413 43683 59730   - жаш курагы боюнча:   № к/н Округдардын аталыштыры УШК саны 2022-жылдын 5-январына карата шайлоочулардын жаш курагы боюнча саны баардыгы ~ 29 30 ~ 39 40 ~ 49 50 ~ 59 60 ~ 69 70 ~   Баардыгы 120 212870 45726 50564 39629 33946 25798 17207 1 №27 Биринчи май шайлоо округу 60 109457 23750 26424 20144 17414 13251 8474 2 №29 Свердлов шайлоо округу округу 60 103413 21976 24140 19485 16532 12547 8733 КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 156 158 … 485