Башкы Жаңылыктар БШКда борбордун эки округунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин …

БШКда борбордун эки округунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышууга ниеттенген талапкерлер жана алардын өкүлдөрү үчүн тренинг болуп өттү

13-Янв, 2022

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында борбордун эки округунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышууга ниеттенген талапкерлер жана алардын өкүлдөрү үчүн тренинг болуп өттү.

Тренингдин катышуучуларына төмөнкү эрежелер тууралуу маалымат берилди:

  • талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо;

  • «Электрондук талапкер» программасына талапкерлердин маалыматтарын киргизүү;

  • шайлоо өнөктүгүн каржылоо, талапкерлердин шайлоо фонддорун түзүү;

  • шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү;

  • шайлоо талаш-тартыштарын кароо.

Атап айтканда, бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлерди көрсөтүү кайра шайлоо жөнүндө расмий жарыяланган күндөн башталып, шайлоо күнүнө 30 календарлык күн калганда аяктайт (2022-жылдын 27-январына чейин (кошуп алганда).

Саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү ар бир талапкер талапкерлиги добушка коюлган шайлоо округун көрсөтүү менен съезддерде жүзөгө ашырылат. Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү боюнча саясий партиянын съездине БШКнын, Жумушчу топтун мүчөлөрү катышууга укуктуу. Саясий партиялар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча бирден ашык эмес талапкерди көрсөтүүгө укуктуу. Талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечим жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.

Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерди депутаттыкка көрсөтүү талапкердин өзүнүн ушул шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө арызын БШКга берүү жолу менен жүргүзүлөт. Мында талапкер жеке каражаттарынан БШКнын атайын эсебине мыйзамдарда көрсөтүлгөн эсептик көрсөткүчтүн миң эселенген өлчөмүндө (100 000 сом) шайлоо күрөөсүн төгөт.

Талапкер (ыйгарым укуктуу өкүл) 2022-жылдын 30-январынан кечиктирбестен, саат 18ге чейин төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:

- талапкердин паспортунун көчүрмөсүн;

- каттоо үчүн талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн тизмесин (6-1-форма);

- ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн арыздарын (7-1-форма);

- талапкер, жогорку ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан толтурулган жекече маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө жазуу жүзүндө субъектинин макулдугу жөнүндө Типтүү формасын;

- талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн паспортунун көчүрмөсүн;

Талапкер бир шайлоо округунда гана көрсөтүлүшү мүмкүн.

Талапкерлерге жана алардын өкүлдөрүнө талапкерлер жана саясий партиялар электрондук форматта шайлоо комиссияларына документтердин топтомун берүү жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы иштеп чыккан «Электрондук талапкер» программасына талапкерлердин маалыматтарын кандай киргизүү керек экендиги толук түшүндүрүлдү. «Электрондук талапкер» тутуму БШК, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин (КР жарандыгы, паспорттук маалыматтарынын аныктыгын), ИИМ (соттуулук), Билим берүү жана илим министрлиги (жогорку билим) ортосунда маалыматтарды алмашуу аркылуу талапкерлердин шайлоо мыйзамдарына ылайыктыгын текшерүүнү камсыздайт. Мында ведомстволор аралык маалыматтарды алмашуу тутумунун аркасы менен талапкерлердин жеке маалыматтарын толук коргоо камсыздалат.

«Электрондук талапкер» программасынан алынган талапкерлер тууралуу маалыматтар шайлоочуларга маалымдоо үчүн «Талапкер» сайтында дагы көрсөтүлөт.

Шайлоо фонддоруна байланыштуу төмөнкүлөр белгиленди: тиешелүү шайлоо фонддорунан алдын ала төлөбөстөн шайлоо алдындагы үгүт материалдарын чыгарууга, шайлоо фонддорун (шайлоо фондунун атайын эсебин) кыйгап, талапкерди, талапкерлердин тизмесин шайлоого көмөктөшүүчү, жарандарга жана укуктук жактарга талапкердин, саясий партиянын ишине каржылык (материалдык) колдоо көрсөтүүгө тыюу салынат.

Шайлоо фонддоруна келип түшүүчү акча каражаттары улуттук валютада гана кабыл алынат. Көрсөтүлгөн эсептер боюнча кирешелер эсептелбейт жана төлөнбөйт. Белгиленген өлчөмдөн ашык түшкөн акча каражаттары шайлоо фондуна чегерилүүгө жатпайт жана жарандарга жана уюмдарга кайтарылып берилет.

Атап айтканда, жарандар жана юридикалык жактар тарабынан аткарылуучу акы төлөнүүчү жумуштар (кызмат көрсөтүү) жазуу жүзүндө (келишим, эсеп-фактура, коштоо документтери, кабыл алуу-өткөрүү акты ж.б. буйрутмачынын жана аткаруучунун колу жана мөөрү менен) таризделүүгө тийиш.

Келишим төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: тараптардын реквизиттери, тапшырылуучу иштин көлөмү тууралуу маалыматтар, наркы, иштин түрлөрү боюнча баа (калькуляция, смета), төлөө тартиби, ишти аткаруу мөөнөтү, тараптардын жоопкерчилиги ж.б. шарттар.

Аткарылган жумуштар жана кызмат көрсөтүү буйрутмачынын (каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн) жана аткаруучунун колу коюлган кабыл алуу-өткөрүү актылары же коё берилген продукцияга коштоо документтери менен ырасталууга тийиш.

Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин жана шайлоо талаш-тартыштарын чечүү тартибин окуп-үйрөнүү окутуунун маанилүү компоненти болуп калды.

Мында БШК талапкерлер жана алардын өкүлдөрү кеңеш алуу үчүн шайлоого катышуунун бардык маселелери боюнча БШКнын Жумушчу тобуна кайрыла алышаарын маалымдады.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>