Башкы Жаңылыктар Үгүт шарттарын бузгандыгы учүн талапкер Ы.Атажановго эки айып …

Үгүт шарттарын бузгандыгы учүн талапкер Ы.Атажановго эки айып пул салынып, эскертүү берилди

27-Ноя, 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 27-ноябрда, үгүт шарттарын бузган талапкер тууралуу маселени карап, ага айып пул салуу менен бирге эскертүү берди.
Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ социалдык тармактарга байкоо жүргүзүүнүн жүрүшүндө №2 шайлоо округунан талапкер Атажанов Ырысбек Ысламович жөнүндө таратылып жаткан маалыматтар мыйзам тарабынан белгиленген үгүт жүргүзүү шарттарын бузуп жатканы аныкталды.
Тактап айтканда, Instagram социалдык тармагындагы «yrysbek.atajanov» колдонуучусунун баракчасында үгүт видео материалы жарыяланган, анда талапкердин шайлоочулар менен мечиттин аймагында жолугушуусу чагылдырылган.
Шайлоо мыйзамдарына ылайык, диний имараттардын ичинде жана алардын жанында үгүт иш-чараларын өткөрүүгө, үгүт материалдарын таратууга жол берилбейт.
Мындан тышкары, WhatsApp мессенджеринде таратылган фотоматериалдарга ылайык, Бирлик айыл аймагынын Эшме айылына кире бериштеги аркага талапкердин үгүт баннери орнотулганы аныкталды. Муну менен талапкер мыйзамдагы “тарыхый, маданий же архитектуралык баалуулугу бар эстеликтерге, обелисктерге жана имараттарга үгүт материалдарын жайгаштырууга тыюу салынат” деген талапты бузган.
Ошондой эле Instagram социалдык тармагындагы колдонуучунун «yrysbek.atajanov» баракчасында үгүт видео материалда талапкер Майдан айылынын тургундары үчүн социалдык объектилерди, ошондой эле башка нерселерди курууга убада берип, келишимге кол коюп, жарыялаган.
Мыйзамга ылайык, шайлоо дайындалган учурдан тартып шайлоочулардын добуштарын сатып алууга, акча каражаттарын төлөөгө, белектерди жана башка материалдык баалуулуктарды тапшырууга тыюу салынат. Талапкерлер, алардын жакын туугандары, жубайы, талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө укуксуз.
Жумушчу топ № 2 шайлоо округунан талапкер Атажанов Ырысбекке карата шайлоо мыйзамындагы талаптарды бузгандыгы үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексте каралган 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө жана 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө административдик айып пул салуу түрүндөгү жоопкерчилик чарасын колдонууну жана эскертүү берүүнү сунуштаган.
КР БШКсы Жумушчу топтун сунушунун негизинде, шайлоо мыйзамдарын жетекчиликке алып, КР БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына №2 шайлоо округунан талапкер Атажанов Ырысбек Ысламовичке айып пул салуу милдетин жүктөдү. Талапкерге КР БШКсы ошондой эле эскертүү берди.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>