Башкы Жаңылыктар КР БШКсы шайлоо мыйзамдарынын бузулгандыгы тууралуу талапкерлердин, ыйгарым …

КР БШКсы шайлоо мыйзамдарынын бузулгандыгы тууралуу талапкерлердин, ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн даттануу арыздарын карады

26-Ноя, 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 26-ноябрда үгүт кампаниясынын учурунда шайлоо мыйзамдарынын бузулгандыгы тууралуу талапкерлердин, ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн даттануу арыздарын карап, чечимдерди кабыл алды. 
КР БШКга №13 шайлоо округунан талапкер Сыдыков Бактыбек Усеновичтин ыйгарым укуктуу өкүлү Аскар Муратбековдон арыз келип түшкөн. Арызда белгисиз жаран тарабынан талапкер Б.Сыдыков тууралуу аудиобилдирүү таратылып, ага добуш берген шайлоочуларга 2500 сомдон акча төлөнөт деген жалган маалыматтар боюнча тиешелүү чараларды кабыл алуу өтүнүчү билдирилген.
Аталган материалдар боюнча Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБнин тергөө кызматынын тергөөчүсү Н.Жоробековдун токтомунун негизинде алдын ала текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында аудиоматериалды WhatsApp аркылуу Зухрат Осоров аттуу жаран тараткандыгы, талапкердин добуш сатып алгандыгы тууралуу эч кандай далилдер жок экендиги аныкталды. Ошондой эле, аудиоматериалдарды таратуу боюнча катталган иште кылмыштын курамы болбогондуктан, кылмыш ишин козгоодон баш тартылган.
Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун отурумунда талапкер Б.Сыдыковдун ыйгарым укуктуу өкүлү А.Муратбеков, Ноокен РИИБнин ТКсынын тергөөчүсү Н.Жоробеков чакырылып, угулган.
Жумушчу топ З.Осоровго карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 66-беренесинде каралган 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштаган.
КР БШКга № 17 шайлоо округунан талапкер Узакбаев Улукбектин ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Карабаевден ушул эле округдан талапкер Бактыбек Чойбековго карата арызы келип түшкөн.
Арыз ээси талапкер У.Узакбаевдин апасы Э.Жумалиеванын катышуусунда Жогорку Кеңештин мурунку чакырылышына 2021-жылы депутаттарды шайлоо өнөктүгү учурунда тартылган, учурдагы шайлоого тиешеси жок видеороликти талапкер Б.Чойбековдун тарапташтары таратып жатканы баяндалган. Арыз ээси видеороликти талапкер Б.Чойбековдун макулдугу менен таратуунун максаты - коомчулукта “талапкер У.Узакбаевдин апасы анын атаандашын колдоп жатат” деген маанидеги маалыматты таратып, № 17 шайлоо округунун шайлоочуларына туура эмес таасир бериши мүмкүн деген пикирин билдирген.
Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун отурумуна талапкерлер Б. Чойбеков жана У.Узакбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү чакырылып, угулду. 
Жумушчу топтун отурумунда, көрсөтүлгөн видеоролик талапкер 
Б. Чойбековдун макулдугу менен жана анын расмий катталган үгүтчүлөрү тарабынан таратылгандыгы аныкталган. 
Жумушчу топ талапкер Б.Чойбековго эскертүү берүүнү сунуштаган.
КР БШКсы жогорудагыларды эске алып, талапкер тууралуу жалган маалымат тараткан жаран З.Осоровго карата 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу милдетин КР БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жүктөдү, № 17 шайлоо округунан талапкер Б.Чойбековго эскертүү берди.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын шайлоочуларды маалымдоо боюнча аткарган жумуштары
10-Ноя, 2026

КР БШКнын шайлоочуларды маалымдоо боюнча аткарган жумуштары

2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан кыргыз-орус тилдеринде бүгүнкү күндө 10 маалыматтык видеоролик тартылып, дагы бир канчасы даярдалууда.Алар: “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна ким талапкер боло алат?”, “Президенттик шайлоодо талапкерди көрсөтүү жана каттоо кандай жүргүзүлөт?”, “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондун түзүү тартиби”, “Шайлоочунун кабинети”, “Талапкерди онлайн колдоону каалайсызбы?”, “Шайлоочулар тизмесинен өзүңүздү тактаңыз”, “Байкоочунун шайлоодогу укуктары жана милдеттери”, “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун этаптары”, “Өлкөнүн келечеги ар бирибиздин тандообуздан башталат”, “Өзүңүзгө ыңгайлуу жерден добуш бериңиз”.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 24-сентябрындагы №715-VIII токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо дайындалган мезгилинен, тагыраагы 29-сентябрдан тартып, видео материалдар УТРКнын, анын аймактык бөлүмдөрүнүн, радиолорунун, ЭлТРдин жана коммерциялык телеканалдардын эфирлеринен чагылдырылып жатат.Мындан сырткары, Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында, социалдык тармактагы баракчаларында маалыматтык видеороликтер жайгаштырылууда. Белгилей кетсек, талапкерди онлайн колдоо (кол топтоо) боюнча видеоролик 7-октябрдан тартып көрсөтүлүүдө.Бүгүнкү күндө аталган видеороликтер мамлекеттик телеканалдарда 1442, коммерциялык телеканалдарда 798 жолу эфирге чыкты.Ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарындагы 400дөн ашуун LED-экрандарында аталган роликтер байма-бай көрсөтүлүүдө.
Кененирээк билүү >>
Садыр Жапаров КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды
10-Ноя, 2026

Садыр Жапаров КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды

Бүгүн, 10-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.2026-жылдын 10-ноябрына карата КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлерди көрсөтүү боюнча жалпысынан алты арыз келип түштү.Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы “Түндүк” тиркемеси аркылуу кол чогултуунун жол-жобосун дагы бир жолу түшүндүрөт
09-Ноя, 2026

КР БШКсы “Түндүк” тиркемеси аркылуу кол чогултуунун жол-жобосун дагы бир жолу түшүндүрөт

Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө Конституциялык мыйзамдын 52-беренесине ылайык, Президенттин кызмат ордуна талапкер 30 минден кем эмес шайлоочунун колу менен колдоого алынууга тийиш. Колдор булуттук санарип кол тамгасын колдонуу менен санарип форматта, же болбосо активдүү шайлоо укугуна ээ болгон шайлоочулардын арасында кол коюу барактарында чогултулушу мүмкүн.Кол коюу барагынын таризи, кол чогултуунун жана текшерүүнүн тартиби жана ыкмасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабын аныкталат.2026-жылдын 23-сентябрында кабыл алынган КР Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу тартиби жөнүндө Жобого ылайык, Президенттик кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу “Кол чогултуу” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу электрондук форматта жүзөгө ашырылат. Талапкерге кол чогултуу электрондук форматта “Түндүк” электрондук кызмат көрсөтүүлөр  мамлекеттик порталы аркылуу жүргүзүлүп, талапкердин ыйгарым укуктуу кызмат адамдарына чогултулган колдор жөнүндө маалыматтарды көрүү жана кол коюу барактарын түзүү мүмкүнчүлүгүн берет. Тутумда талапкерди колдоону билдирген шайлоочулар жөнүндөгү маалыматтарды көрүү мүмкүнчүлүгү камсыздалат, б.а. колдоо көрсөткөн шайлоочулар боюнча жеке жана толук статистикалык маалыматтар камтылган. Аталган маалыматтар жаш курагы жана аймактык бөлүнүшүнө карап түзүлөт.Талапкерге иреттик номерин, аты-жөнүн, аймагын, колдоосун билдирген, датасын камтыган шайлоочулардын катталган колдорунун жалпы саны жана тизмеси көрсөтүлөт.“Кызмат” мамлекеттик мекемесинин берген маалыматына ылайык, “Түндүк” электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталынын колдонуучуларынын саны 3 миллион 600 миңден ашык.  
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата алдын ала шайлоочулардын тизмесин жарыялады
09-Ноя, 2026

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата алдын ала шайлоочулардын тизмесин жарыялады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата алдын ала шайлоочулардын тизмесин жарыялады.Кыргыз Республикасы боюнча алдын ала тизме 4 467 040 шайлоочуну камтыйт.Алдын ала шайлоочулардын тизмеси кагаз түрүндө 2026-жылдын 18-ноябрына чейин өлкөдөгү 2492 шайлоо участкасында илинет.Бул тизме Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Иш башкармалыгынын алдындагы «Кызмат» мамлекеттик мекемеси (ММ «Кызмат») тарабынан Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги (КБМР) маалыматтардын негизинде түзүлүп, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан мамлекеттик «Тизме» порталына (tizme.gov.kg) жайгаштырылды.Шайлоочулардын тизмесин актуалдаштыруу шайлоо маалында күн сайын жүргүзүлөт. Бул иш Борбордук шайлоо комиссиясы менен ММ «Кызмат» (калкты каттоо жана документтештирүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) биргеликте ишке ашырат.Шайлоочу өзүн тизмеден 2027-жылдын 12-январына чейин (кошо алганда) текшере алат: • 1255 же 119 кыска номерлерине чалып; • шайлоо участогунан; • «tizme.gov.kg» сайтынан; • же ПИН-кодун (жарандык паспорттогу персоналдык идентификациялык номер) 119 кыска номерине SMS түрүндө жөнөтүп, жооп катары өзүнүн шайлоо участкасынын номери менен дарегин ала алат (SMS жана чалуулар акысыз).Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда, шайлоочу 2027-жылдын 12-январына чейин (кошуп алганда) электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, “tizme.gov.kg” сайтында «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу арыз менен кайрылууга укуктуу.Шайлоочулардын тизмесинде жок болгон учурда, биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан (КТБ - ЦОН) бул жол-жободон өтө алышат.
Кененирээк билүү >>