Башкы Жаңылыктар КР БШКсы талапкерге эскертүү берип, анын ыйгарым укуктуу …

КР БШКсы талапкерге эскертүү берип, анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө айып пул салуу чечимин чыгарды

25-Ноя, 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 25-ноябрда шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы боюнча №1 шайлоо округунан талапкер Исманали Жороевге карата чара көрүү тууралуу жаран Камчыбек Асановдун арызын карады.

Арыз ээси К.Асанов талапкер И.Жороев үгүт иштеринин жүрүшүндө жарандарга акча берип, шайлоо мыйзамдарын бузгандыгын белгилеп, талапкерге чара көрүүнү суранган.

КР БШКга И.Жороевдин ыйгарым укуктуу өкүлү Баймурат Бекмуратовдон да арыз келип түшкөн. Ал К.Асанов аттуу жаран талапкер И.Жороевге карата кара пиар элементтери камтылган, талапкерди кемсинткен маалыматтарды таратып жаткандыгын белгилеп, К.Асановго карата чара көрүүнү суранган.

К.Асановдун арызы боюнча 2025-жылдын 20-ноябрында Лейлек РИИБне тиешелүү тергөө иштерин жүргүзүү максатында билдирүү жөнөтүлүп, кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө аныктама келип түшкөн. Анда тараптардын бардыгы суракка алынып, арыздарда көрсөтүлгөн жарандар бир нече жолу акча каражаттарын которушкандыгы, алардын максаттары шайлоо өнөктүгүнө тиешеси жок экендиги аныкталып, К. Асановдун талапкер И.Жороевдин шайлоо штабынан накталай акча каражаттарын алгандыгы тастыкталган. Бул жагдайлар боюнча шайлоо мыйзамдарына ылайык чара колдонууга болоору белгиленген.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоодо талапкер же саясий партия шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарынын жалпы суммасынын 0,5 пайызынан ашыгын түзгөн башка акча каражаттарын пайдаланганда талапкерди каттоо жокко чыгарылат.

Лейлек РИИБнин тергөө иштеринде И. Жороевдин шайлоо фондунда 1 871 420 сом болгондугу аныкталган. Ал эми 2025-жылдын 24-ноябрына карата талапкердин фондуна жалпы келип түшкөн каражаттардын суммасы 6 869 420 сомду түзгөн.

Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун 2025-жылдын 24-ноябрындагы жыйынында арыздануучу К. Асанов, Лейлек РИИБнин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү С.Жаназаков, талапкер И.Жороевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Б.Бекмуратов, А.Абдисаламов, даттануу материалдарын кароого катышкан башка адамдар чакырылып, угулду.

Жумушчу топтун отурумунда К.Асанов өзү тастыктагандай талапкер И.Жороевдин штабынын кызматкерлеринин биринен 10 000 (он миң) сом акча алганы аныкталды.

Жумушчу топ талапкер И.Жороевдин ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Бекмуратовко карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну, ал эми И.Жороевге эскертүү берүүнү сунуштаган.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, шайлоо мыйзамдарын жетекчиликке алып, КР БШКсы №1 шайлоо округунан талапкер И.Жороевдин ыйгарым өкүлү Б. Бекмуратовко 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу милдетин КР БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жүктөдү. Ал эми талапкер И.Жороевге эскертүү берилди.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>