Башкы Жаңылыктар КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына 30 талапкерди каттады

КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына 30 талапкерди каттады

03-Ноя, 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 3-ноябрда, көп мандаттуу шайлоо округдарынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөткөн төмөнкү талапкерлерди каттоо боюнча чечим кабыл алды:

-Онгоев Нурлан Асылбекович – №28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

-Карашев Аалы Азимович – №10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

-Жайлообаев Айбек Токтогонович – №30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

-Тердикбаев Эрлис Джекшенович – №25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

-Жеенбекова Чолпон Абдылдаевна – №7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

-Омошев Эрмекбай Алянович – №12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

-Рысбаев Равшанбек Рысбаевич – №3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

-Жолдошбеков Эралы Жолдошбекович – №28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

-Эрбаев Алишер Ташбаевич – №15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

-Кенжебаев Аманкан Батырбекович – №19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

-Муратбеков Табылды Муратбекович – №27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

-Сатывалдыева Гулнура Ганыбаевна – №6 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

-Исаев Абдикасыт Абдулакимович – №1 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

-Ахмедов Канатбек Абдурашидович – №1 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

-Ахматова Сюита Камалидиновна – №2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

-Рахман Медер – №12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

-Карыпбеков Илим Майрамбекович – №23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

-Шаршеев Искендер Шеримбекович – №23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

-Ибраев Талантбек Жекшенович – №29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

-Тиллебаев Темирбек Кыргызбаевич – №12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

-Эсенбай уулу Талантбек – №10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

-Омонова Гульчехра Таабалдиевна – №21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

-Ташиев Шаирбек Кыдыршаевич – №11 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

-Ахмедова Айгуль Абдилхаевна – №5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

-Толубаева Нураида Нуржакыповна – №14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

-Дороев Азамат Кубанычбекович – №28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

-Сариев Улан Алмасбекович – №19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

-Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич – №21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

-Султанов Токтосун Султанович – №23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

-Бапаева Гүлсана Жунусовна – №21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер.

Аталган талапкерлердин шайлоо документтери талапкерлер, саясий партиялар тарабынан сунушталган шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келери аныкталган жана аларды каттоо сунушталган.

Катталган талапкерлерге белгиленген үлгүдөгү ырастама берилет.

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Айба Амур КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды
11-Ноя, 2026

Айба Амур КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды

Бүгүн, 11-ноябрда, Амур Айба Медер Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Бакытбек Адылов КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды
11-Ноя, 2026

Бакытбек Адылов КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды

Бүгүн, 11-ноябрда, Адылов Бакытбек Адылович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
11-Ноя, 2026

КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 11-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады:-    Жапыкеев Сыймык Асылбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы маселелери боюнча Н.К. Сапарбаева;-    Жапаров Садыр Нургожоевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча А.С. Мощин жана каржы маселелери боюнча А.Б. Тологонова;-    Калмаматов Бактыбек Орозалиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча А.Ж. Жээнтаев жана каржы маселелери боюнча А.А. Камчибеков.Белгилей кетсек, талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо комиссияларынын добуш берүүнү уюштуруу тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди
11-Ноя, 2026

КР БШКсы шайлоо комиссияларынын добуш берүүнү уюштуруу тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди

Бүгүн, 11-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссияларынын добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 139 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.Жободо бир шайлоо округунун чегинде шайлоочунун өз шайлоо участогунан тышкары аралыктан добуш берүүсүнө карата чектөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого гана тиешелүү экени такталат. Бул чектөө бирдиктүү шайлоо округунун чегинде өткөрүлүүчү Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого жайылтылбайт.Мындан тышкары, айрым терминдерди тактоо жана шайлоо комиссияларынын иш жүзүндөгү уюштуруу түзүмүнө шайкеш келтирүү сунушталууда. Тактап айтканда, “тутумдук” деген сөздү “системалык” деген сөзгө, ал эми акыркы абзацтагы “округдук шайлоо комиссиясы” деген сөз айкашын “аймактык шайлоо комиссиясы” деген сөз айкашына алмаштыруу каралган.Бул өзгөртүүлөр системалык администраторлордун ишин уюштуруу тартибин тактоого жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө электрондук протоколдорду басып чыгаруу жана тиешелүү шайлоо комиссиясынын төрагасына өткөрүп берүү жол-жобосун колдонуудагы уюштуруу түзүмүнө ылайык келтирүүгө багытталган.   
Кененирээк билүү >>