Бүгүн, 11-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссияларынын добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 139 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.
Жободо бир шайлоо округунун чегинде шайлоочунун өз шайлоо участогунан тышкары аралыктан добуш берүүсүнө карата чектөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого гана тиешелүү экени такталат. Бул чектөө бирдиктүү шайлоо округунун чегинде өткөрүлүүчү Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого жайылтылбайт.
Мындан тышкары, айрым терминдерди тактоо жана шайлоо комиссияларынын иш жүзүндөгү уюштуруу түзүмүнө шайкеш келтирүү сунушталууда. Тактап айтканда, “тутумдук” деген сөздү “системалык” деген сөзгө, ал эми акыркы абзацтагы “округдук шайлоо комиссиясы” деген сөз айкашын “аймактык шайлоо комиссиясы” деген сөз айкашына алмаштыруу каралган.
Бул өзгөртүүлөр системалык администраторлордун ишин уюштуруу тартибин тактоого жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө электрондук протоколдорду басып чыгаруу жана тиешелүү шайлоо комиссиясынын төрагасына өткөрүп берүү жол-жобосун колдонуудагы уюштуруу түзүмүнө ылайык келтирүүгө багытталган.