Башкы Жаңылыктар КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына 45 талапкерди каттады

КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына 45 талапкерди каттады

02-Ноя, 2025

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 2-ноябрда, көп мандаттуу шайлоо округдарынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөткөн төмөнкү талапкерлерди каттоо боюнча чечим кабыл алды:
-Рустамбек уулу Советбек – №4 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Бакиров Артур Жылдызбекович – №10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Баяманов Эркинбек Мусалиевич – №19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Есеналиев Чынгызбек Ырысбекович – №19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Рыскулбек уулу Нурмат – №17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Дыйканбаев Болотбек Жусупович – №10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Асылбаева Гюльшат Кадыровна – №19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Дуйшенбиев Райимберди Сейдакматович – №14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Исаматова Айзат Тыныбековна – №27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Кантороев Кубанычбек Абылтаевич – №9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Субанов Айбек Манасбекович – №26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Болгонбаев Азамат Таалайбекович – №20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Жусупов Аширбай Бапович – №1 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Таштанбеков Акбокон Дукенович – №25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Намазалиев Алтынбек Абдисаламович – №20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Кулбаева Зулайка Эшматовна – №15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Торобекова Нуржамал Турсуналиевна – №8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Бахшалиев Хансывар Рустамович – №22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Жапарова Жеңишгүл Молдокеримовна – №14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Аманбаев Бактыбек Абдилашимович – №19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Эдилбеков Чолпонбек – №29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Макамбаев Сталбек Абибиллаевич – №7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Озбекова Женишгүл Авазовна – №27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Акунова Лира – №22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Амиралиев Шабданбек Камалидинович – №4 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Ашимова Динара Ашимовна – №8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Жороева Элнура Сабиржановна – №6 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Асанбеков Жаныбек Асанбекович – №25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Курманбекова Бермет Курманбековна – №20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Шабданбаев Канат Кенешович – №27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Найзабекова Нуржан Байтемировна – №19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Жээнбекова Гулназ Камытовна – №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Никитенко Наталья Владимировна – №25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Токторов Мырзабек Сарыевич – №8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Кулмамбетов Бакытбек Чолпонбекович – №25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Надирбеков Айтбай Эргешович – №2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Дуванаева Гулнара Качыбековна – №3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Исаева Гулназ Назарбаевна – №5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Исеналиев Эркинбек Аскеевич – №26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Алымбеков Искендер Кенешбекович – №27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Талипов Чынгыз Базарбаевич – №9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Омурзаков Суйунбек Абдылдаевич – №10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Ашимбаев Сабыркул Абасович – №30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Асекова Гулмира Асанкуловна – №20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
-Сыйдалиева Мээрим Төрөбековна – №16 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер.
Аталган талапкерлердин шайлоо документтери талапкерлер, саясий партиялар тарабынан сунушталган шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келери аныкталган жана аларды каттоо сунушталган.
Катталган талапкерлерге белгиленген үлгүдөгү ырастама берилет.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>