Башкы Жаңылыктар КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына 23 талапкерди каттады

КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына 23 талапкерди каттады

01-Ноя, 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 1-ноябрда, көп мандаттуу шайлоо округдарынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөткөн төмөнкү талапкерлерди каттоо боюнча чечим кабыл алды:

-Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевич – №23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

-Ханджеза Карим Лемзарович – №18 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

-Азыгалиев Нурланбек Асанбекович – №17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

-Эгенбердиева Жылдыз Абдылдаевна – №9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

-Исаев Акжол Апсаматович – №26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

-Жаанбаев Уланбек Коргонбаевич – №4 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

-Абдрахманов Сагынбек Уметалиевич – №22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

-Койчуманова Нуркан Кадыровна – №12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

-Кайыпов Эржан Сулайманович – №24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

-Разиков Аброр Джононович – №20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

-Шерикулова Минара Анарбековна – №25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

-Саккараев Медербек Джаманкулович – №26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

-Солтонбекова Ализа Карыпбековна – №25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

-Исаева Майрамкүл Тургунбековна – №24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

-Сүтүева Гүласыл Буркановна – №8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

-Сулайманов Эльдар Нурланович – №5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

-Абдыкадыров Адылбек Бейшембаевич – №30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

-Эгембердиев Абдылдабек Жолдошалиевич – №19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

-Астаркулов Улан Болотбекович – №19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

-Сартпаев Эдик Омурзакович – №18 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

-Зулушев Курманкул Токторалыевич – №10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

-Тургунбек уулу Нурланбек – №15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;

-Мухидинов Оятулло Нуралиевич – №20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер.

Аталган талапкерлердин шайлоо документтери талапкерлер, саясий партиялар тарабынан сунушталган шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келери аныкталган жана аларды каттоо сунушталган.

Катталган талапкерлерге белгиленген үлгүдөгү ырастама берилет.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Айба Амур КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды
11-Ноя, 2026

Айба Амур КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды

Бүгүн, 11-ноябрда, Амур Айба Медер Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Бакытбек Адылов КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды
11-Ноя, 2026

Бакытбек Адылов КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды

Бүгүн, 11-ноябрда, Адылов Бакытбек Адылович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
11-Ноя, 2026

КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 11-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады:-    Жапыкеев Сыймык Асылбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы маселелери боюнча Н.К. Сапарбаева;-    Жапаров Садыр Нургожоевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча А.С. Мощин жана каржы маселелери боюнча А.Б. Тологонова;-    Калмаматов Бактыбек Орозалиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча А.Ж. Жээнтаев жана каржы маселелери боюнча А.А. Камчибеков.Белгилей кетсек, талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо комиссияларынын добуш берүүнү уюштуруу тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди
11-Ноя, 2026

КР БШКсы шайлоо комиссияларынын добуш берүүнү уюштуруу тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди

Бүгүн, 11-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссияларынын добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 139 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.Жободо бир шайлоо округунун чегинде шайлоочунун өз шайлоо участогунан тышкары аралыктан добуш берүүсүнө карата чектөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого гана тиешелүү экени такталат. Бул чектөө бирдиктүү шайлоо округунун чегинде өткөрүлүүчү Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого жайылтылбайт.Мындан тышкары, айрым терминдерди тактоо жана шайлоо комиссияларынын иш жүзүндөгү уюштуруу түзүмүнө шайкеш келтирүү сунушталууда. Тактап айтканда, “тутумдук” деген сөздү “системалык” деген сөзгө, ал эми акыркы абзацтагы “округдук шайлоо комиссиясы” деген сөз айкашын “аймактык шайлоо комиссиясы” деген сөз айкашына алмаштыруу каралган.Бул өзгөртүүлөр системалык администраторлордун ишин уюштуруу тартибин тактоого жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө электрондук протоколдорду басып чыгаруу жана тиешелүү шайлоо комиссиясынын төрагасына өткөрүп берүү жол-жобосун колдонуудагы уюштуруу түзүмүнө ылайык келтирүүгө багытталган.   
Кененирээк билүү >>