Башкы Жаңылыктар КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу …

КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

31-Окт, 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады:
-№5 шайлоо округу боюнча талапкер Рахманова Диляфруз Дилдарбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча М.К. Маматов жана каржы боюнча Н.Т. Нурматова;
-№19 шайлоо округу боюнча талапкер Толонбаев Таалайбектин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча И.С. Момунжанов жана каржы боюнча А.О. Шаршенбаева;
-№12 шайлоо округу боюнча талапкер Рахман Медердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Д.М. Шаматова жана каржы боюнча Э.С. Кабирова;
-№25 шайлоо округу боюнча талапкер Керимбаев Азим Белековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча К.Т. Алгожоев жана каржы боюнча Т.Т. Абдылдаев;
-№9 шайлоо округу боюнча талапкер Абдибалиев Арстанбек Абдибалиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Н.Дж. Найманбаева;
-№12 шайлоо округу боюнча талапкер Кайыпов Сулайман Турдуевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча У.К. Парманов;
-№15 шайлоо округу боюнча талапкер Өнөрбаева Рахия Райымбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча Д.Н. Нарбеков;
-№5 шайлоо округу боюнча талапкер Каратаев Мадаминжан Мусаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча Т. Миржол уулу;
-№29 шайлоо округу боюнча талапкер Мурзакимова Алтынкуль Жээнбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча С. Жээнбек уулу;
-№9 шайлоо округу боюнча талапкер Батырова Ташхон Темировнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Т.С. Жоробеков жана каржы боюнча М.М. Бабланкулов;
-№30 шайлоо округу боюнча талапкер Жумаканов Мустафа Бейшебаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча О.М. Жутабаев;
-№ 5 шайлоо округу боюнча талапкер Нурбаев Мирлан Паязидиновичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Б.А. Алимбеков жана каржы боюнча А.М. Мурзабелеков;
-№ 14 шайлоо округу боюнча талапкер Бердимуратова Гүлжан Калпакбаевнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Р.Өмүрбек уулу
-№ 8 шайлоо округу боюнча талапкер Токторова Карамат Балтабаевнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча К.С. Кадырова жана каржы боюнча А.Б. Токторова;
-№ 9 шайлоо округу боюнча талапкер Исабаев Рузмахаммад Абибилаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Х.К. Акрамжанов жана каржы боюнча А.Ш. Юсупжанов;
-№ 13 шайлоо округу боюнча талапкер Маматалиева Мунара Даниярбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Б.Д. Маматалиев.
Ошондой эле № 6 шайлоо округунан депутаттыкка талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Алимбеков Нурбек Каарыевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү боюнча чечим кабыл алынды: шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.К.Наркуловдун каттоосу жокко чыгарылып, анын ордуна К.А. Алмазбеков шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталды.
Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Айба Амур КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды
11-Ноя, 2026

Айба Амур КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды

Бүгүн, 11-ноябрда, Амур Айба Медер Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Бакытбек Адылов КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды
11-Ноя, 2026

Бакытбек Адылов КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды

Бүгүн, 11-ноябрда, Адылов Бакытбек Адылович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
11-Ноя, 2026

КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 11-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады:-    Жапыкеев Сыймык Асылбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы маселелери боюнча Н.К. Сапарбаева;-    Жапаров Садыр Нургожоевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча А.С. Мощин жана каржы маселелери боюнча А.Б. Тологонова;-    Калмаматов Бактыбек Орозалиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча А.Ж. Жээнтаев жана каржы маселелери боюнча А.А. Камчибеков.Белгилей кетсек, талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо комиссияларынын добуш берүүнү уюштуруу тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди
11-Ноя, 2026

КР БШКсы шайлоо комиссияларынын добуш берүүнү уюштуруу тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди

Бүгүн, 11-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссияларынын добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 139 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.Жободо бир шайлоо округунун чегинде шайлоочунун өз шайлоо участогунан тышкары аралыктан добуш берүүсүнө карата чектөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого гана тиешелүү экени такталат. Бул чектөө бирдиктүү шайлоо округунун чегинде өткөрүлүүчү Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого жайылтылбайт.Мындан тышкары, айрым терминдерди тактоо жана шайлоо комиссияларынын иш жүзүндөгү уюштуруу түзүмүнө шайкеш келтирүү сунушталууда. Тактап айтканда, “тутумдук” деген сөздү “системалык” деген сөзгө, ал эми акыркы абзацтагы “округдук шайлоо комиссиясы” деген сөз айкашын “аймактык шайлоо комиссиясы” деген сөз айкашына алмаштыруу каралган.Бул өзгөртүүлөр системалык администраторлордун ишин уюштуруу тартибин тактоого жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө электрондук протоколдорду басып чыгаруу жана тиешелүү шайлоо комиссиясынын төрагасына өткөрүп берүү жол-жобосун колдонуудагы уюштуруу түзүмүнө ылайык келтирүүгө багытталган.   
Кененирээк билүү >>