Башкы Жаңылыктар 30-октябрь 2025-жылга карата көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча …

30-октябрь 2025-жылга карата көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР ЖКнын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирүү боюнча арыз тапшыргандар

30-Окт, 2025

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясында 2025-жылдын 30-ноябрында ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирген жарандардан арыздар кабыл алынууда. Бүгүнкү күнгө карата 589 жаран арыз тапшырды.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыздарды кабыл алуу добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, тактап айтканда, 2025-жылдын 30-октябрында саат 18:00гө чейин (кошо алганда) аяктайт.

 

№

Талапкердин ФАА

Шайлоо округу

Туулган датасы

Ишинин түрү

Көрсөтүү тиби

1.

Абдалиев Мейкинбек Акимович

№13

11.02.1976

КР БШКнын мүчөсү

Өзүн-өзү көрсөтүү

2.

Супатаев Мунарбек Абдукадырович

№21

19.10.1978

КР адвокатурасынын кеңешинин мүчөсү, Бишкек ш. Свердлов району боюнча адвокаттар коллегиясынын төрагасы.

Өзүн-өзү көрсөтүү

3.

Болуш Уран

№19

30.08.1983

 «Кибер Логикус» ЖЧКнын директору

Өзүн-өзү көрсөтүү

4.

Джакыпбеков Шадыкан Мырзаканович

№16

11.10.1960

«Саманчынын жолу – 1945» айыл чарба кооперативинин төрагасы

Өзүн-өзү көрсөтүү

5.

Токтосунов Алтынбек Турусбекович

№6

11.02.1973

«KG Адвокатурасы» - адвокат

Өзүн-өзү көрсөтүү

6.

Мурзакимова Алтынкуль Жээнбековна

№29

25.01.1986

Убактылуу иштебейт

Өзүн-өзү көрсөтүү

7.

Арбышев Бейшен Тургунбаевич

№21

.12.10.1977

КОСУнун ОиФХ кафедрасынын доценти, дарыгер-хирург.

Өзүн-өзү көрсөтүү

8.

Токторбаева Кыял Айтбековна

№24

13.05.1975

пенсионерка

Өзүн-өзү көрсөтүү

9

Жумалиева Гүлмира Танаевна

№26

31.03.1961

КР Экономика министрлиги, Регионалдык башкармалыгы.

Өзүн-өзү көрсөтүү

10

Арзыбеков Абдували Арзыбекович

№3

08.07.1970

Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты

Өзүн-өзү көрсөтүү

11

Парманкулов Замирбек Култаевич

№24

28.03.1971

Убактылуу иштебейт

Өзүн-өзү көрсөтүү

12

Укуев Абдурахман Осмоналиевич

№6

02.08.1983

Убактылуу иштебейт

Өзүн-өзү көрсөтүү

13

Нурунбетов Сыймыкбек Балтахунович

№9

15.11.1979

КР Каржы министрлиги, башкармалыктын начальниги.

Өзүн-өзү көрсөтүү

14

Эгешова Айзат Курманалиевна

№6

21.12.1988

Убактылуу иштебейт

Өзүн-өзү көрсөтүү

15

Умарова Жылдыз Жалалбековна

№15

01.06.1984

Корпоративдик колдоо секторунун башчысы. ААК «Ала-Тоо Резорт»

 

16

Атанов Ирлан Азисович

№22

07.02.1991

ЖИ Атанов И.А

Өзүн-өзү көрсөтүү

17

Мамажакыпова Чынара Жуманазаровна

№8

12.06.1986

 “Аяр Зат” КБ төрагасы

Өзүн-өзү көрсөтүү

18

Токтоматова Нуржан Абдилазизовна

№9

03.03.1978

Убактылуу иштебейт

Өзүн-өзү көрсөтүү

19

Исмаилов Эрматбек Бакирович

№6

14.02.1981

Жеке ишкер

Өзүн-өзү көрсөтүү

20

Абдыраманова Алтын Алмазбековна

№23

13.08.1985

Убактылуу иштебейт

Өзүн-өзү көрсөтүү

21

Кулмамбетова Гүлжан Тагайболотовна

№20

25.01.1975

Жеке ишкер

Өзүн-өзү көрсөтүү

22

Атабекова Ажар Медеровна

№20

03.03.1977

Убактылуу иштебейт

Өзүн-өзү көрсөтүү

23

Атаев Акжол Сабырбекович  (онлайн)

№27

23.12.1981

 “Кыргыз көмүр”  Ош ААК

Өзүн-өзү көрсөтүү

24

Бердимуратова Гүлжан Калпакбаевна (онлайн)

№14

05.09.1970

Кара-Көл шаардык №89 кесиптик лицейи

Өзүн-өзү көрсөтүү

25

Нурбаев Мирлан Паязидинович (онлайн)

№5

30.04.1983

Айылдык кеңештин депутаты

Өзүн-өзү көрсөтүү

26

Джоомартова Мадина Аскербековна (онлайн)

№27

12.04.1969

 

Өзүн-өзү көрсөтүү

27

Джапар кызы Айсулу (онлайн)

№6

28.11.1978

Кайрымдуулук фондунун директору

Өзүн-өзү көрсөтүү

28

Патиев Нурканбек (онлайн)

№8

26.11.1969

ОшМУ мугалим

Өзүн-өзү көрсөтүү

29

Токторова Карамат (онлайн)

№8

06.11.1984

Ы у. Келдибек директор

Өзүн-өзү көрсөтүү

30

Камбарова Гулмира Бекеновна (онлайн)

№12

03.10.1960

Сузак райондук маданият болумунун башчысы

Өзүн-өзү көрсөтүү

Тизме шайлоо округдары боюнча түзүлгөн. Жарандар жөнүндө маалымат менен тиешелүү шайлоо округун тандап, округдар боюнча таанышса болот. Тизме бул жерде:

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>