Башкы Жаңылыктар Аймактарда Ыкчам чара көрүү координациялык топторунун (ЫЧКТ) алкагында …

Аймактарда Ыкчам чара көрүү координациялык топторунун (ЫЧКТ) алкагында укук коргоо органдарына шайлоо боюнча окуулар өткөрүлүүдө

15-Окт, 2024

Борбордук шайлоо комиссиясы республиканын бардык аймактарында Башкы прокуратура, УКМК жана ИИМ менен биргеликте аймактык шайлоо комиссияларына жана облустук укук коргоо органдарынын кызматкерлерине окууларды өткөрүүдө. Бул иш-чаралардын максаты - 17-ноябрга дайындалган жергиликтүү кеңештерге шайлоолордо шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна өз убагында чара көрүү боюнча Ыкчам чара көрүү координациялык топторунун (ТКК) мүчөлөрүн окутуу болуп саналат.

Тренингдерде тренерлер – КР Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, ИИМдин, УКМКнын жана прокуратуранын адистери учурдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоонун өзгөчөлүктөрү, шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигин нормалары тууралуу, ошондой эле шайлоо мыйзамдары чөйрөсүндөгү даттанууларды каттоонун жана кароонун тартиби жана алдыдагы шайлоолордо жасалган кылмыштар жана укук бузуулар боюнча сотко чейинки өндүрүш тууралуу баяндап беришүүдѳ. Укук бузууларды аныктоо боюнча иш-аракеттердин алгоритми, шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө добуштарды сатып алуу, административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу менен күрөшүү чаралары талкууланды.

Укук коргоо органдары менен шайлоо комиссияларынын өз ара аракеттенүүсүнүн тартибин талкуулоодо шайлоо процессинин мыйзамдуулугун жана анын коопсуздугун камсыз кылууга катышкандардын баардыгынын иш-аракети бир түрдүү жана мыйзамда белгиленген компетенциялардын чегинде так болушу сунушталууда. .

Шайлоонун саясий мүнөзүн эске алуу менен бардык талапкерлер үчүн бирдей шарттарды түзүү жана практикалык өз ара аракеттерде аларга бирдей мамиле кылуу зарыл. Укук бузуулардын олуттуулук деңгээлине жараша жана аларды жоюу боюнча кѳрүлгѳн чараларга ѳзгѳчѳ кѳңүл буруу керек. Ошондой эле шайлоо процессинин кыска мөөнөттүү экендиги, б.а. бузууларды кароо боюнча иш-аракеттер тез жана мүмкүн болушунча кыска мѳѳнѳттѳ жүргүзүлүшү керектиги фактору да маанилүү болуп саналат, мыйзамда бул үчүн 3-5 күн берилет. Мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү учурунда шайлоонун маанилүү принциптеринин бирин – алардын ачыктыгын эстен чыгарбоо зарыл. Бул шайлоо учурундагы мыйзам бузууларды кароо ачык жана айкын болушу керек дегенди билдирет. Мыйзам ар бир мыйзам бузуу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө ыкчам маалымат алмашууну жана аны каттоо, кароонун жүрүшү жана кабыл алынган чечимдер Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде (КЖБР), БШКнын сайтында токтоосуз чагылдырылышын талап кылат.

Тренингдин катышуучулары жарандардын укуктарын толук ишке ашырууну камсыз кылуу чаралары административдик жана башка таасир этүүчү факторлорсуз ѳз мүдѳѳсүн эркин билдирүү шартында жүргүзүлүүгѳ тийиш деген пикирин билдиршти.

БШКда ЫЧКТ Катчылыгы бекемделет, анын милдеттерине мыйзам бузуулар жөнүндө даттанууларды жана арыздарды кабыл алуу, материалдарды компетенциялары боюнча тиешелүү органга өткөрүп берүү, чечимдерди кабыл алуунун жүрүшүнө андан ары мониторинг жүргүзүү жана аларды КЖБР, БШКнын сайтында жайгаштыруу кирет.

Буга чейин Баткен, Нарын, Ош жана Ысык-Көл облустарында ЫЧКТ мүчөлөрү окуудан өтүшкѳн. Алардан кийин 16-17-октябрда Жалал-Абад жана Талас облустарында ѳткѳрүлѳт, ал эми тренингдерди ѳткѳрүү Чүй облусу менен Бишкек шаарында жыйынтыкталат. Жалпысынан бардыгы болуп 8 окутуу тренингилери пландаштырылган.

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>