Башкы Жаңылыктар КР БШКда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн КР …

КР БШКда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн КР БШКнын төрагасы Т.Абдраимовдун пресс-конференциясы болду

20-Дек, 2012

2012-жылдын 19-декабрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун 2012-жылдын 25-ноябрыдагы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн пресс-конференциясы болуп өттү.

Пресс-конференциянын жүрүшүндө Т.Абдраимов мындай деп белгиледи: республика боюнча бүтүндөй алганда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өзгөчө кыйчалыштар болбостон, бейпил, кыйла ачык жана таза өттү. Ошого карабастан, бул шайлоодо ыплас технологиялар колдонулганын жана айрым шайлоо участкаларында шайлоо мыйзамдарын одоно бузуулар белгиленди.

Төмөндө КР БШКнын төрагасы Т.Абдраимовдун сөзүн толук келтиребиз:

 

Урматтуу кыргызстандыктар!

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!

Сиздерге 2012-жылдын 25-ноябрында республиканын 25 шаарында жана 415 айылдык аймагында болуп өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө маалымат берүүгө уруксат этиңиздер.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого республика боюнча 1291541 шайлоочу катышты, бул шайлоочулардын жалпы санынын 51,13%ын түзөт.

2012-жылдын 25-ноябрында шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо пропорционалдык система боюнча өттү, мында талапкерлерге партиялык тизмелер боюнча гана добуш беришти. Бул Кыргызстанда саясий партияларды ургаалдуу өнүктүрүү жана демократиялык өзгөрүүлөрдү өркүндөтүү үчүн олуттуу дем берет.

415 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча өттү, ал система шайлоочуларыбызга мурдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолор боюнча алда канча маалым.

Шайлоонун жыйынтыктары боюнча, аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдоруна ылайык, 7545 депутат шайланды, алардын ичинен партиялык тизмелер боюнча шаардык кеңештердин депутаттары 699 же пайыздык катышта (9,3%); көп мандаттуу округдарда 1695 депутат (22,5%) партиялардан көрсөтүлгөндөр, шайлоочулардын топторунан 369 (4,89%) жана өзүн-өзү көрсөткөн 4770 (63,22%) депутат бар, алардын ичинен:

- 6534 (86,60%) эркек жана 1011 (13,39%) аял;

- жогорку билимдүүлөр – 3981 (52,76%);

- толук эмес жогорку же атайын орто билими барлар – 1591 (21,08%);

- орто билими барлар - 1973 адам (26,14%).

Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарынын курагы:

- 943 адам (12,49%) 30 жашка чейинки куракта;

- 3353 адам (44,44%) 30 – 45 жашта;

- 3249 адам (43,06%) 45 жаштан улуу.

Улуттук курамы боюнча: кыргыздар – 6469 (85,73%), орустар – 181 (2,39%), өзбектер – 518 (6,86%), башка улуттардын өкүлдөрү – 377 (4,99%).

Быйылкы шайлоону 2008-жылдын 5-октябрында болуп өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо менен салыштырсак, шайлоого катышкан шайлоочулардын санын кошпогондо, жогоруда көрсөтүлгөн көрсөткүчтөр өтө айырмаланбайт. Алсак, 2008-жылдын 5-октябрындагы шайлоого катышкан шайлоочулардын саны шайлоочулардын жалпы санынын 63,7%ын түзгөн, ал эми 2012-жылдын 25-ноябрында 51,13%ды түздү. Бул ушул шайлоодогу добуш берүүнүн акыйкат цифрасын көрсөтүп жана 2012-жылдын 25-ноябрындагы шайлоо объективдүү жана таза өткөнүн айгинелеп турат. Ошондой эле жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын азыркы курактык курамы алардын мурдагы курамына салыштырганда алда канча жаш экенин белгилеп кетүү керек.

Республика боюнча бүтүндөй алганда азыркы шайлоодо 7545 мандатка атаандашкан талапкерлердин саны 27082 талапкерди түздү, бул 2004- жана 2008-жылдары катталган шайлоочулардын санынан алда канча көп. 2004-жылдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо 6731 мандатка 10954 талапкер атаандашкан. 2008-жылы 7647 мандатка 15139 адам талапкер болуп катталган.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүнүн ачыктыгын жана объективдүүлүгүн камсыз кылуу максатында саясий партиялардан, шайлоочулардын топторунан, талапкерлерден, өкмөттүк эмес уюмдардан 30978 байкоочу, анын ичинде 17 эл аралык байкоочу мониторинг жана контроль жүргүздү. Баткен облусунда байкоочулардын саны - 3235, Жалал-Абад облусунда – 4047, Ысык-Көл облусунда – 4091, Нарын облусунда – 2521, Ош облусунда – 5892, Талас облусунда – 1460, Чүй облусунда – 4114 жана Бишкек шаары боюнча 5601 адамды түздү.

Шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө каралган бюджеттик каражаттарды үнөмдөө максатында Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого чыгымдарды кыйла кыскартканын өзгөчө белгилеп кетүү керек. Алсак, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого каралган 168,6 млн. сомдун ичинен Борбордук шайлоо комиссиясы, алдын ала эсептөөлөр боюнча, 46,0 млн. сомго жакын суммадагы акча каражаттарын үнөмдөдү. Бул үнөмдөө чыгымдарды кыскартуунун жана иретке келтирүүнүн, ошондой эле эл аралык уюмдар менен зор ишти жүргүзүүнүн эсебинен алынды, бул уюмдар басылма продукцияны даярдоо, мыйзамдарды чыгаруу, участкалык жана аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутуу боюнча финансылык камсыз кылуунун көп бөлүгүн көтөрдү.

Буга байланыштуу 2011-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүгө чыгымдардын суммасы 408,6 млн.сом суммасында бекитилгенин, анын ичинен 173,7 млн.сомду Борбордук шайлоо комиссиясы бюджетке кайтарганын кошумчалап кетким келет.

Бүтүндөй алганда республикада жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өзгөчө кыйчалыштар болбостон, бейпил, кыйла ачык жана таза өттү. Ошого карабастан, бул шайлоодо кантсе да ыплас технологиялар колдонулду жана айрым шайлоо участкаларында шайлоо мыйзамдарын одоно бузуулар белгиленди. Бул айрым участкалык жана аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн кесиптик деңгээлинин төмөндүгү, ошондой эле шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктук маданиятынын пастыгы жөнүндө тастыктап турат.

Шайлоо мезгилинин ичинде Борбордук шайлоо комиссиясына республиканын бардык региондорунан участкалык жана аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан ар кандай укук бузуулар жөнүндө 200дөн ашык кат, арыз жана даттануу келип түштү, алар жайдан тышкары жерде добуш берүү; бюллетендерди күр таштоо; бир нече жолу добуш берүү; партиялардын, талапкерлердин өкүлдөрүнө жана байкоочуларга талап кылынган маалыматты, шайлоо документтеринин, атап айтканда, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун көчүрмөлөрүн бербей коюу маселелерине тиешелүү; ошондой эле айрым шайлоо участкаларында администрациялык ресурсту колдонуу аракеттери болду.

Бардык каттар, арыздар жана даттануулар белгиленген мөөнөттөрдө каралды жана алар боюнча мыйзамдарга ылайык тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Каттарды, арыздарды жана даттанууларды карап чыгуунун натыйжалары боюнча аймактык шайлоо комиссиялары жана Борбордук шайлоо комиссиясы айрым шайлоо участкалары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табуу жөнүндө чечимдерди кабыл алды.

Республика боюнча бардыгы болуп 19 шайлоо участкасы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылды жана 61 шайлоо участкасында добуштарды кайрадан эсептөө жүргүзүлдү

Участкалык жана аймактык шайлоо комиссияларынын ишинин натыйжалары боюнча Нарын аймактык шайлоо комиссиясын жана 10 участкалык шайлоо комиссиясын (Бишкек шаарынын №№1017, 1305, 1340 УШКлары, Сокулук районунун №№7230, 7231, 7235, 7237 УШКлары, Аламүдүн районунун №№7188, 7194 УШКлары) таратуу чечими кабыл алынды.

Добуш берүү жана шайлоочулардын добуштарын эсептөө учурунда укук бузууга жол берген адамдарга карата тиешелүү чара көрүү үчүн 26 укук бузуу боюнча материалдар укук коргоо органдарына жана прокуратура органдарына жөнөтүлдү.

Ошондой эле жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинин ичинде ар кандай инстанциядагы сотторго 28 даттануу келип түштү, аларды соттор карап чыкты жана алар боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Өткөн шайлоонун негизги кемчиликтерин көрсөтүп кетүү керек, алар: шайлоочулардын сапатсыз тизмелери, мында шайлоочулар өздөрүн тизмеден таба алган эмес, ID карталар жагындагы көйгөйлөр, шайлоо процессинин катышуучуларынын кесиптик жана маданий деңгээли жана башкалар.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо масштабдуу жана татаал болду, мында шайлоону ийгиликтүү өткөрүүдө участкалык жана аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө зор роль таандык.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча аткарган иши үчүн участкалык жана аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө Борбордук шайлоо комиссиясынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан ыраазычылык билдиргим келет.

Ошондой эле шайлоону даярдоодо жана ийгиликтүү өткөрүүдө көрсөткөн көмөгү жана жардамы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Финансы министрлигине, башка мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ошондой эле шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүн объективдүү чагылдырып турганы үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарына ыраазычылык билдирем.

 

Урматтуу кыргызстандыктар!

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!

2012-жылдын 25-ноябрында болуп өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жигердүү катышканыңыздар үчүн сиздерге ыраазычылык билдирип, келе жаткан Жаңы 2013-жылда сиздерге чың ден соолук, бакты-таалай, бакубат жашоо жана ийгилик каалоого уруксат этиңиздер!

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>