Башкы Жаңылыктар 2-форма боюнча 496 239 жаран кайрылган

2-форма боюнча 496 239 жаран кайрылган

02-Окт, 2020

Бүгүн, 2020-жылдын 2-октябрында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.К.Шайлдабекова тарабынан Кыргыз Республикасынын шайлоочулардын тизмесин түзүү жана актуалдаштыруу боюнча брифинг болуп өттү.

Шайлоо өнөктүгүнүн аяктагандыгына байланыштуу, добуш берүү күнүнө 10 күн калганда “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамына ылайык түзүлгөн шайлоочулардын тизмеси боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Конституциялык Мыйзамга ылайык, шайлоочулардын алдын ала тизмеси добуш берүү күнүнө 80 күн калганда биометрикалык маалыматтарын тапшырган 18 жашка толгон жарандар жөнүндө Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринен маалыматтарды автоматтык түрдө жүктөө жолу менен түзүлөт. Тизме, Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен шайлоо участкаларынын чек араларын эске алуу менен түзүлөт.

Андан кийин, биометрикалык маалыматтарды тапшыргандар, жарандыгы жөнүндө маалыматтар, 18 жашка толгондор жөнүндө, камтылбай калган - жарандыктан чыккан маркум жөнүндө маалыматтар камтылган, калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринен тизме толтурулганда, тизмелерде тактоо мезгили башталат. Шайлоочулардын тизмесине киргизилген маалыматтар Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринен жаңыртылып турат.

Шайлоочулардын тизмесине өзгөртүүлөр киргизилген экинчи булак - бул 1-формадагы (эгерде жаран өзүнүн маалыматын тактоону кааласа) жана 2-формадагы (эгер жарандар өзүнүн жашаган жеринде эмес, иштеген, окуган жеринде, ж.б. жерде добуш берүүнү кааласа) жана башкалар.

Кыргыз Республикасынын БШК участкалык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн арыздардын негизинде, арыздарды карап чыккандан кийин, тиешелүү маалыматтарды шайлоочулардын бирдиктүү тизмесине киргизет. Бардык маалымат алмашуу же жаңыртуу «Түндүк» ведомстволор аралык маалымат алмашуу системасы аркылуу коопсуз форматта жүргүзүлөт. Шайлоочулардын тизмесинин көбөйүшү Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринен жаңыланган маалыматтарга байланыштуу.

Жаңыланууга ылайык, берилген маалыматтардын жана шайлоочулардан келип түшкөн арыздарды кароонун негизинде 2020-жылдын 24-сентябрына 3 523 554 жаранды камтыган акыркы тизме түзүлдү. Алдын ала жана акыркы тизмелердин айырмасы 94 511 жаранды түзгөн.

Шайлоочунун туруктуу жашаган жеринен башка шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниетин билдирүү укугу, эл аралык алдыңкы тажрыйбага дал келет жана улуттук мыйзамдардагы прогрессивдүү ченем болуп саналат, анын жардамы менен, эркин жүрүү укугу ишке ашат.

2015-жылы 2-форма боюнча арыздарды кабыл алуу биринчи жолу колдонулган, кийинки 2015, 2017-жылкы шайлоолордо жарандардын 10% дан ашыгы бул укукту активдүү колдонушкан.

Учурда 2-форма боюнча 496 239 жаран кайрылган.

Ошол эле учурда, 2-форма менен

42 386 жаран - 2 же андан көп жолу,

32 504 жаран - 2 жолу,

5810 жаран - 3 жолу,

1967 жаран - 4 жолу,

872 жаран - 5 жолу,

3 жаран - 22 жолу кайрылган.

Берилген арыздардын жалпы статистикасынан 2-форма боюнча бир нече арыздарды алып салуунун натыйжасында, жер которгон шайлоочулардын саны 441 010 жаранды түздү.

6629 арыз бири-бирин кайталагандыгына байланыштуу же шайлоо участкаларында шайлоочулардын белгиленген санынан ашыкча болгондугу үчүн четке кагылды.

Ошол эле учурда, шайлоо дарегин өзгөртүү боюнча канча арыз берилгендигине карабастан, ар бир жаран шайлоочулардын акыркы тизмесине киргизилет. Бир нече арыз берген жарандар шайлоочулардын тизмесине акыркы берген дареги боюнча дагы киргизилет. Бул жарандар милдеттүү түрдө мурунку шайлоо дарегинен бошотулуп, бир гана жолу добуш бере алышат, б.а. шайлоо тизмесинде кайталанган жазуулар жок.

Мындан тышкары, быйылкы жылы КР БШК жаңы эрежени колдонду - шайлоо участкасында 1 жана 2-формаларын колдонуу менен арыз берген ар бир шайлоочунун биометрикалык идентификациялоосу болушу керек, бул шайлоочулардын тизмеси боюнча шайлоонун ачыктыгын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет. Натыйжада, 519 миң жаран биометрикалык идентификациялоодон өттү.

Ошондой эле, быйыл шайлоочулардын электрондук кабинети аркылуу арыз берүү мүмкүнчүлүгү ишке ашырылып, жалпы электрондук кайрылуулардын саны 16152ди түздү. Анын ичинде, өзүнүн маалыматын тактоо үчүн - 20 адам, калгандары 2-форма боюнча. Ошол эле учурда шайлоочунун кабинети аркылуу 131 жаран 2 жолу, 1 жаран 3 жолу кайрылган.

КР БШК маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>