Борбордук шайлоо комиссиясы «chagylgan.kg» интернет-басылмасынын аккредитациясын чакыртып алды

09 августа 2017

2017-жылдын 9-августунда КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Ө.Т.Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Б.Ирискулбековдун арызынын «chagylgan.kg» интернет-баракчасынын аккредитациясын чакыртып алуу бөлүгүн, ошондой эле  «tikenek.org», «argument.kg», «gezitter.org» интернет-баракчалдарындагы материалдар боюнча укуктук баа берүү үчүн КР Башкы Прокуратурасына, КР Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине кайрылуу арызын канааттандыруу тууралуу чечим кабыл алды.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү