10-декабрь - Кыргызстан боюнча “тынч күн”
09 декабря 2016
“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 24-беренесине жана“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 2016-жылдын 10-декабрындаКыргызстан боюнча “тынч күн” жарыяланат.
Бул күнү саясий партиялар, өзүн өзү көрсөткөндөр, “макул” жана “каршы” үгүт топторунун өкүлдөрү үгүт кампаниясын жүргүзүүгө укуктары жок. Ошондой эле, үгүт жүргүзүү үчүн БШК тарабынан аккредиттелген жалпыга маалымдоо каражаттары үгүт жүргүзүүгө укуктары жок.
Шайлоо процессинин катышуучулары тарабынан “тынч күн”бузулганучурда БШК аларга карата чара көрүүгө укуктуу.
КР БШК басма сөз кызматы
