Башкы Жаңылыктар Шайлоо органдарынын бүткүл дүйнөлүк ассоциациясы Кыргызстандын шайлоо процессин …

Шайлоо органдарынын бүткүл дүйнөлүк ассоциациясы Кыргызстандын шайлоо процессин жакшыртууга умтулуусун жогору баалады

07-Дек, 2016

7-декабрда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасыН. ШайлдабековаШайлоо органдарынын бүткүл дүйнөлүк ассоциациясынын (ШОБА) Башкы катчысыКим Енг Хи мырза башчылык кылган шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча миссиясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө БШКнын төрагасы Н. Шайлдабековамеймандарды жергиликтүү кеңештерге шайлоого жана референдумга даярдыктын алкагындаКР БШК жүргүзүп жаткан иштер, өлкөнүн шайлоо тутумун жакшыртуу ыкмалары менен тааныштырды.

БШК башчысы шайлоо тутумун оптималдаштырууда жана шайлоону өткөрүүдө колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктери үчүн делегацияга ыраазычылыгын билдирди. “Кыргызстаншайлоо процессин жакшыртуунун белгилүү бир этабында турат, биз аны мындан ары дагы өркүндөтүүгө даярбыз.

Биз шайлоо процессине киргизген модель бизге парламенттик шайлоону ачык-айкын өткөрүүгө мүмкүндүк берди, өткөн жылдагы шайлоо анча олуттуу эмес каталар менен, бирок ийгиликтүү өттү. Ал каталар талданып, көпчүлүгү четтетилди”, деп айтты Н. Шайлдабекова. Өз кезегинде ШОБАнын Башкы катчысы Ким Енг Хи Кыргызстандын шайлоо институттары кошуна өлкөлөрдүкүнөн айырмаланарын баса белгиледи.

“Өзбекстандагы президенттик шайлоодо мен карапайым эл өкмөттүн сөзүн угарын байкадым, силерде шайлоо тутуму такыр башкача экен, коомдук уюмдар абдан көп жана күчтүү оппозициялык база бар экен. Ушулардын баарын эске алып, биз силердин шайлоого даярдануудагы күч-аракеттериңерди жогору баалайбыз”, деди Ким Енг Хи.

Ошону менен бирге, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды (МКТ) киргизүүнүн негизги максаты –шайлоонун ачык-айкындуулугун, калктын шайлоого катышуусунун жогорку деңгээлин камсыздоо, жана, албетте, элдин шайлоо процессине ишенимин арттыруу. Баары добуш берүү күнү чечилет.

“МКТны башка чөйрөлөрдө пайдаланганда, каталарды оңдосо болот, бирок шайлоо – бул мүмкүн болушунча жогорку даражадагы тактык жана ачык-айкындуулук абдан маанилүү тармак. Ошондуктан шайлоо процессин компьютерлештирүү же МКТны пайдалануу - зарылдык”, деп билдирдиБашкы катчы. Андан ары Ким Енг Хи Кыргызстандын шайлоо процессин жакшыртууга умтулуусунун натыйжасында 2015-жылдагы парламенттик шайлоо ийгиликтүү өткөнүн баса белгиледи. Жолугушуунун соңунда БШКнын башчысы Кыргызстан иденттештирүү процессин жана добуштарды автоматтык түрдө эсептөөнү киргизүүдө чоң иштерди аткарганын жана шайлоо тутумун мындан ары дагы өркүндөтүүгө даяр экенин белгиледи.

КР БШК басма сөз кызматы


Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>