Башкы Жаңылыктар Өзбекстан Республикасынын Президентин шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байкоо …

Өзбекстан Республикасынын Президентин шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүүгө Кыргызстандан байкоочулардын делегациясы катышты

06-Дек, 2016

Өзбекстан Республикасынын Президентин шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүүгө Кыргызстандан КР БШКнын төрагасы Н. Шайлдабекова жетектеген байкоочулардын делегациясы катышты.

Делегация мүчөлөрү добуш берүү күнүнө бир күн калганда жана добуш берүү күнү Ташкент, Самарканд, Фергана, Наманган, Андижан, Кашкадарыя (жана Шахрисабз)  облустарындагы, ошондой эле, Ташкент шаарындагы 40тан ашык шайлоо участокторунда болушту. Байкоо жүргүзүү процессинде Кыргызстандан келген байкоочулардын делегациясы округдук жана участоктук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана жетекчиликтери менен жолугушту.

Делегация мүчөлөрү участоктордун добуш берүү үчүн жогорку деңгээлдегидаярдыгын, шайлоого даярдык план ченемдүү жана ырааттуу жүргүзүлгөнүн күбөлөндүрүп турганын белгилешти. Участоктордо жарандардын добуш берүүгө катышуусу үчүн дагы, шайлоо комиссияларынын иштөөсү үчүн дагы бардык зарыл шарттар түзүлгөн. 

Участоктор бүт зарыл шаймандар менен жабдылган, аларда ден соолук жагынан мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандардын добуш берүүсү үчүн дагы шарттар түзүлгөн. Жарандардын бул категориясы үчүн бюллетендерди толтуруу үчүн өзүнчө кабиналар даярдалган. Добуш берүү процессине көздөрү начар көргөн жана көзү азиз жарандар үчүн атайын бюллетендердин киргизилгенин өзгөчө белгилей кетүү керек.

Мындан сырткары, жергиликтүү шарттарды эске алуу көз карашынан алып караганда, бардык участоктордо балалуу шайлоочулар үчүн “балдар бөлмөсүнүн”, ошондой эле, зарыл болуп калса, шайлоочуларды тейлөө үчүн медициналык пункттун орун алышы жакшы көрүнүш болуп саналат. Бардык участоктордоатайын стенддерде шайлоо мыйзамдары жана процесси, ошондой эле талапкерлер, алардын шайлоого байланыштуу программалары жөнүндө кеңири маалымат жайгаштырылган.

КР делегациясы ЖМКга байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча Өзбекстан жарандарын шайлоого даярдыктын жүрүшү, добуш берүүнүн тартиби,талапкерлер, алардын шайлоого байланыштуу программалары жөнүндө маалымдоо боюнча БШК жакшы иш жүргүзгөнүн белгилейт. Шайлоо процессин борборлоштуруп чагылдыруу үчүн “Шайлоо 2016” басма сөз клубунун ачылышы дагы шайлоо процессиндеги ачык-айкындуулуктун маанилүү пункту болуп саналат.

БШК өткөргөн расмий маалымат өнөктүгү менен бирге жетекчөөчү ЖМКлардын жергиликтүү калкты жана эл аралык уюмдарды шайлоого даярдыкты жана аны өткөрүүнүн бардык этаптары жөнүндө маалымдоодогу ишине оң баа берүү керек. Мындай чараларшайлоо процессинин маалымдуулугун жана ачык-айкындуулугун камсыздоого өбөлгө түзөт.

Өзбекстандын БШКсы кыйла аз убакыттын ичинде Өзбекстан Республикасынын Президентин шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү эл аралык стандарттарга ылайык камсыздоо менен жана бардык этаптарында шайлоо процессинин бүт компоненттерин жүзөгө ашыруу боюнча зарыл чараларды көрүп, чоң иштерди жүргүзгөн.

Талапкерлерге үгүт мезгилинде шайлоочуларды үгүттөө үчүн тийиштүү шарттар камсыздалган.

Шайлоочулардын добуш берүүсүн уюштурууга план ченемдүү жана кылдат даярдануу шайлоо процессинин 2016-жылдын 4-декабрындагы добуш берүү күнү эркин жана тынч кырдаалда өтүшүнө өбөлгө түздү.

Өзбекстандын жарандары тарабынан шайлоо процессине толук ишеним жана колдоо байкалып турду. Өзбекстандын жарандарыөлкөсүнүн келечегин кыйла татыктуу талапкерге ишенип, туура жана жооптуу мамиле жасады, деп ишенебиз.

 

 

КРден делегация башчысы,

КР БШКнын төрагасы Н. Шайлдабекова

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>