Башкы Жаңылыктар “Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция” КБден байкоочулардын …

“Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция” КБден байкоочулардын арызы боюнча КР БШКнын түшүндүрмөсү

06-Дек, 2016

“Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция” КБден байкоочулардын арызы боюнча КР БШКнын түшүндүрмөсү Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы (мындан ары – КР БШК) алдыдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону жана референдумду мыйзамдарга ылайык өткөрүү максатында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жана референдумдун бардык уюштуруучуларын жана катышуучуларын мыйзамдардын ченемдерин бекем сактоону, шайлоо процессинин башка катышуучулары менен өз ара аракеттенүүдө өз ара урматтоону жана сабырдуулукту көрсөтүүнү өтүнөт.

КР БШКөз ишин мыйзамдуулуктун, айкындуулуктун, көз карандысыздыктын, адилеттүүлүктүн принциптеринде жүзөгө ашырарын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жана референдумдун бардык катышуучулары үчүн ачык экенин билдирет. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамдын 2-беренесине ылайык шайлоо комиссиялары өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат. Жогоруда айтылгандарды эске алып, КР БШКжергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону жана референдумду уюштуруу жана өткөрүү, шайлоо процессинин катышуучуларын маалымдоо боюнча мөөнөттөрдү жана тартипти катуу сактай турганын билдирет жана КР БШК жанаКР БШКнын жумушчу тобу тарабынан даттанууларды кароонун тартибин, жол-жобосун, мөөнөттөрүн түшүндүрөт.

1. “Мыйзамдарды жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону жана референдумду даярдоо жана өткөрүү боюнча календардык пландын мөөнөттөрүн сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жана референдум дайындалгандан кийин КР БШКнын жыйынында аталган иш-чаралар боюнча Календардык пландар талкууланып, бекитилди.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум боюнча Календардык пландардагы мөөнөттөр мыйзамдарда (“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” жана референдумжөнүндө конституциялык мыйзам) белгиленген мөөнөттөргө так ылайык келет. “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” конституциялык Мыйзамга ылайык, КР БШКнын чечими менен добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн ашпаган мөөнөттөрдөн тышкарыреферендумду даярдоо жана өткөрүүбоюнчашайлоо аракеттеринин мөөнөттөрү жарымына кыскартылды.

Референдумду даярдоо жана өткөрүү боюнча шайлоо аракеттеринин мөөнөттөрү жарымына кыскартылганын эске алган күндө дагы КР БШКреферендумду жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча бардык иш-чараларды мыйзамдарда жана Календардык планда белгиленген мөөнөттөрдө так өткөрүүдө. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону жана референдумду даярдоонун ар бир этабында КР БШК ЖМКларга, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин жана референдумдун башка катышуучуларына кампаниянын учурдагы этабы, аткарылган иштер жана тигил же бул иш-чаранын алкагында көрүлүп жаткан чаралар тууралуу толук маалыматтарды берип турууда.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону жана референдумду уюштуруу жана өткөрүү алкагында бардык иш-чаралар Календардык планда белгиленген мөөнөттөрдө мыйзамдарга ылайык мыйзамдуулук, айкындуулук, ачыктык, көз карандысыздык, коллегиялуулук жана адилеттүүлүкпринциптеринде уюштурулуп, өткөрүлүүдө. “КР БШКнын токтомдорун, жоболорун жана чечимдерин КР БШКнын расмий сайтында жарыялоо жөнүндө”. Мыйзамдарга ылайык 2016-жылдын 11-октябрынан тартып, 2016-жылдын 11-декабрынадайындалган шайлоону уюштуруу жана өткөрүү алкагындаКР БШКнын жыйындарында 80ден ашык документтер боюнча токтом, чечимдер талкууланып, кабыл алынды. КР БШКнын бардык токтомдору, жоболору жана чечимдери КР БШКнын расмий сайтында жарыяланып, http://www.shailoo.gov.kg/ дареги боюнча жаңыланып турат.

Андан сырткары, КР БШКнынжоболору, чечимдери кабыл алынган токтомго ылайык «Эркин Тоо» мамлекеттик газетасына жарыяланууда. КР БШКнын жыйындарында2016-жылдын 10-октябрынан тартып, төмөнкү документтер талкууланып, кабыл алынды: жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону жана референдумду даярдоо жана өткөрүүбоюнчаКалендардык план; жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону жана референдумду уюштурууга жана өткөрүүгө бюджет; участоктордун схемалары жана чек аралары бекитилди; аймактык жана участоктук комиссиялар түзүлүп, курамдары толукталды; жумушчу топтор жөнүндө жоболор кабыл алынып, бекитилди; жумушчу топтор түзүлдү; жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана референдумга атамекендик жана чет өлкөлүк ЖМКлар, эл аралык байкоочулар аккредиттелди; шайлоого жана референдумга бюллетендердин корголуу даражасы бекитилди; шайлоого жана референдумгапротоколдордун формалары бекитилди; референдумга “макул” жана “каршы” үгүт топтору катталды; мамлекеттик ЖМКларда акысыз обо убактысын жана басма аянтын берүү боюнча чүчүкулак өткөрүлдү; Кыргыз Республикасынын референдумундаүгүт топторунун фондуларынын атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелери аныкталды ж.б. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону жана референдумду уюштуруу жана өткөрүү алкагында кабыл алынган ушул жана башка документтер КР БШКнын расмий сайтында жарыяланып, жаңыланып турат.

2. “КР БШКнын алдыдагы жыйыны тууралуу кабарлоо жол-жобосу жана мөөнөттөрү” Айкындуулук жана ачыктык принциптерине ылайык КР БШКнын маалымат саясаты бөлүмү КР БШКнын алдыдагы жыйыны тууралуу кабар берилгенден баштап, күн тартибин бардык ЖМКларга жана тиешелүү уюмдарга таркатууда. КР БШКнын Регламентинин 27-беренесине ылайык шайлоо кампанияларынын жана референдумду өткөрүү боюнча кампаниялардын мезгилиндеалдыдагы жыйын тууралуу кабар жыйын өтүүчү күнү берилиши мүмкүн. Шайлоо кампанияларынын жана референдумду өткөрүү боюнча кампаниялардын мезгилинде документтер (күн тартиби, таанышуу үчүн документтердин долбоорлору) жыйын өтүүчү күнү берилиши мүмкүн.

3. “КР БШКда даттанууларды кароо тартиби жана жол-жобосу тууралуу”. “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүүбоюнча борбордук комиссиясынынРегламентинин”46–беренесине ылайык “сунуштарды, арыздарды, даттанууларды кароону Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы уюштурат. Комиссиянын төрагасы сунуштарды, арыздарды, даттанууларды кароону Комиссиянын мүчөсүнө, аппараттын кызматкерине же тийиштүү шайлоо комиссиясына тапшырат.Арыз же даттанууларды кароодо комиссиянын төрагасы зарыл болгон учурда тийиштүү адистерди тартуу аркылуу жумушчу тобун түзүшү мүмкүн.Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Комиссиянын мүчөлөрүн Борбордук шайлоо комиссиясынын дарегине келип түшкөн бардык сунуштар, арыздар жана даттануулар менен кабардар кылат”. Аталган Регламенттин48–беренеси“арыздарды, даттанууларды кароо, ошондой эле зарыл болгон учурларда алар боюнча кошумча текшерүүлөрдү жүргүзүү Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум жөнүндө мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө ишке ашырыларын” аныктайт.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамдын 42-беренесинин 9-пунктуна ылайык“шайлоого даярдыктын жүрүшүндө келип түшкөн арыздар (даттануулар) келип түшкөн учурдан тартып шайлоо комиссиялары же соттор тарабынан 3 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн мурунку күнү - токтоосуз каралууга жатат.Эгерде шайлоону даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн арыздарда (даттанууларда) камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылса, алар боюнча чечимдер 5 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен кабыл алынат”. КР БШКда даттанууларды кароо жол-жобосу жана мөөнөттөрү Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык так жүргүзүлүүдө.

4. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессининин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун даттанууларды кароо тартиби жана жол-жобосу тууралуу”.

КР БШК2016-жылдын 20-октябрында №164 токтому менен “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессининин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топ жөнүндө” жобо кабыл алган. Аталган жобонун 3-беренесинин 3.1. пунктуна ылайык жумушчу топтун ыйгарым укугуна төмөнкүлөр кирет: шайлоочулардын жана шайлоого катышуучулардын шайлоо укуктарынын бузулушу жөнүндө даттанууларда жана арыздарда камтылган фактыларды изилдөө жана алдын ала талдоо жүргүзүү;даттануу же арыз менен кайрылган адамдардын түшүнүктөрүн жана тыянактарын угуу;иш жүзүндөгү кырдаалды иликтөө, аныктоо жана берген далилдерди талдоо ж.б.

Аталган жобонун 5-беренесине ылайык “жумушчу топ түшкөн даттануулар жана арыздар боюнча чечим кабыл алат жана төмөндөгү мөөнөттөрдө БШКнын жыйналышына киргизүү үчүн даярдайт: даттануу/арыздар түшкөн учурдан 3 күндүк мөөнөттө, ал эми шайлоолорду даярдоонун жүрүшүндө түшкөн арыздарда (даттанууларда) камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылса, алар боюнча чечим 5 күндөн кечиктирилбестен кабыл алынат; добуш берүү күнүндө же добуш берүү күнүнүн алдында түшкөндөр токтоосуз каралууга тийиш”.

Жумушчу топ жөнүндө жобонун 4-беренесинин негизинде “даттанууларды жана арыздарды кароонун жыйынтыгы боюнча Жумушчу топ корутунду же сунуштама кабыл алат.Шайлоочулардын жана шайлоолордун башка катышуучуларынын арызы же даттануусу жыйналышта кароого чыгарылса, Жумушчу топтун корутундусу жана сунуштамалары Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан каралат”.

Жыйналышта кабыл алынган чечим туурасында Борбордук шайлоо комиссиясы арыз берүүчүлөрдү же кызыкдар тараптардын өкүлдөрүн мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө кабардар кылат, алардын өтүнүчү боюнча чечимдин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн берет. 5. “КР БШКнын коомдук кабылдамасы тууралуу”.

Жогоруда айтылгандардан сырткары, жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууну жана коргоону камсыздоого, шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу жарандардын кайрылуу, арыздары жана даттануулары менен натыйжалуу жана ыкчам иштөөнү уюштуруу, ошондой эле, шайлоону уюштурууга жана өткөрүүгө байланыштуу маселелер боюнча шайлоочуларга, талапкерлерге, алардын ишенимдүү адамдарына жана байкоочуларга, саясий партиялардын жана шайлоочулардын топторунун өкүлдөрүнө, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, шайлоонун башка катышуучуларына укуктук, кеңеш-усулдук жардам берүүмаксатында2016-жылдын 10-октябрынан тартып, КР БШКда коомдук кабылдама ачылды.

Коомдук кабылдама Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын имаратында төмөнкү даректе жайгашкан: Бишкек шаары, Раззаков көчөсү, 59, 101-бөлмө. Сиз + (996 312) 66 02 40 телефонуна чала аласыз. Кызматкерлер күн сайын (ишемби жана жекшемби күндөрүндө дагы) саат 09. 00дөн 18. 00гө чейин иштешет. Ош шаарындагы коомдук кабылдаматөмөнкү даректе жайгашкан: Ленин көчөсү, 221, 9-бөлмө.Сиз 0550 120641 телефонуна чалып, кайрылсаңыз болот.Кызматкерлер күн сайын саат 09. 00дөн 18. 00гө чейин иштешет.

 

КР БШКнын басма сөз кызматы

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>