БШК эл аралык байкоочуларды аккредиттеди
05 декабря 2016
2016-жылдын 5-декабрында КР БШК мүчөлөрү жыйында дагы 64 эл аралык байкоочуну аккредиттеди:
1) Палестинанын Кыргыз Республикасындагы элчилиги – 1;
2) Япониянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги – 2;
3) Афганистандын Кыргыз Республикасындагы элчилиги – 1;
4) Тажикстандын Кыргыз Республикасындагы элчилиги – 2;
5) Кореянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги – 1;
6) Түркиянын Жогорку Шайлоо Кеңеши – 2;
7) Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясы – 1;
8) КМШдан байкоочулар миссиясы – 51 (анын ичинде КМШнын парламенттер аралык ассамблеясы -23);
9) Ислам кызматташуу уюму (ИКУ) – 3.
2016-жылдын 5-декабрына карата КР Борбордук шайлоо комиссиясы дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн 33 эл аралык уюмдан 144 эл аралык байкоочуну аккредиттеди.
КР БШК басма сөз кызматы
