2021-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам жооп кайтаруу боюнча координациялык тобуна Ош шаарында жашаган Абдикаримова М., Жээнбаева А аттуу жарандардан арыздар келип түштү, алар Ош шаарындагы "Керме-Тоо" МТУнун кварталдык комитетинин төрагасы, №5902 участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы У.Төрөгелдиева, "Ата Журт Кыргызстан" саясий партиясынын агитатору экендигин билдиришкен.
Ишенип берилген аймакта алар башка саясий партиялардын үгүт иш-чараларын өткөрүүсүнө жол бербейт, тургундардын эркин билдирүүгө кысым көрсөтүп, аларды "Ата Журт Кыргызстан" саясий партиясына добуш берүүгө мажбурлайт.
Маалымат КР ИИМне жиберилген.
ЫАККТ БШК КР
Кыска номер – 1255
WhatsApp – 0990 02-12-55
Ишеним телефону – 0312 62-62-46
Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40
Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg