ЫЧКТ билдирет:Бишкек шаарында добуш сатып алуу боюнча маалыматтарды текшерүү башталды

2021-жылдын 4-июлунда Т.Ж. аттуу колдонуучунун Facеbook баракчасында Бишкек шаарынын Октябрь районунун Саманчина көчөсүндөгү № 5 үйдүн аймагында "Эмгек" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер С.Д үгүт иштерди жүргүзүп, ошондой эле отургучтарды жана балдар ойногон аянтчаны сырдоо менен балдар аянтчасын жакшыртуу боюнча оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан видеосу талкууланууда

 

Маалымат КР ИИМне, Бишкек АШКсынын ЫЧК тобуна жиберилди.

Кыска номер - 1255
WhasApp - 0990 021255

Жарандардын билдирүү жана кайрылуулары үчүн– 0502001255
Ишеним телефону - 0312 626246
Коомдук кабылдама - 0312 660240
Электрондук дарек - kgor_cec@shailoo.gov.kg