Добуштарды сатып алуу тууралуу видео маалымат боюнча иликтөө башталды

2020-жылдын 1-октябрында БШКнын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобуна, Улукбек Кутманбаевдин Фейсбук баракчасында “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынан депутаттыкка талапкер С. Бараканованын Ысык-Көл облусунун Тоң районунда шайлоочулардын добуштарын сатып алуусу тууралуу видео маалымат жарык көргөндүгү боюнча кабар түшкөн.

Видеодо “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынын агитаторлорунун командасы акча каражаттарын алышып, маршруттарды аныктап, көрсөтүлгөн айылдар боюнча жолго чыгышкан. Кайсы бир аял (жазуу боюнча) С. Бараканова партия штабынын башчысы катары процессти жетектеп жана акча таратууну координациялап, эртең дагы акча каражаттарын алып келүүгө убада берип жатат. 

Маалымат ИИМге жиберилди. 

КР БШК Маалыматтык бөлүмү