3-октябрда БШКнын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобуна ишеним телефону боюнча маалымат түшкөн. Бишкекте жашаган Айнура аттуу жаран кайрылып, 3-октябрдагы шайлоо алдындагы тынчтыкты сактоо күнү “Жашылдар” партиясынын өкүлдөрү көрсөтүлгөн үйгө жана башка жакын үйлөргө ШАЙЛОО –ВЫБОРЫ 2020 , №17 БАРЫНА КАРШЫ, ПРОТИВ ВСЕХ деген жазуулар жазылган агитациялык баракчаларды чаптап кетишкен.
Укук бузуучу катары “Жашылдар” партиясынын активдүү мүчөсү Р. Ремневди атаган.
Маалымат текшерүү үчүн ИИМге жиберилди.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү