Көп санда чогулгандардын тобу үчүн агитация жасоо фактысы боюнча текшерүү башталды

2020-жылдын 3-октябрында БШКнын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобуна, Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарынан видео түшкөн. Видеоматериалдын автору 3-октябрда “Мекеним Кыргызстан” партиясынын жанында көп санда чогулган адамдар үчүн агитация жүрүп жаткандыгын билдирет. 

Видеонун автору мыйзамдын ченемдерин бузуп агитация жүрүп жаткандыгы боюнча ушул аймактын милициясына кабар бергендигин белгилейт. 

Маалымат ИИМге жиберилип, текшерүү башталды. 

КР БШК Маалыматтык бөлүмү