Кочкор-Ата ИИБү “КыргызНефтегаздын” кызматкерлеринин колтамгасын жыйноо боюнча иликтөөлөрдү баштады

Кочкор-Ата ИИБү “КыргызНефтегаздын” кызматкерлеринин колтамгасын жыйноо боюнча иликтөөлөрдү баштады

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобуна КР БШК мүчөсү Г. К. Журабаевадан маалымат түшкөн. Ал 2020-жылдын 8-июлунда Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарчасындагы “Мекендеш ТВнын” сайтында “КыргызНефтегаз” ишканасынын жетекчилиги кызматкерлеринин колтамгасын жыйнагандыгы тууралуу макала чыкканын билдирген.

Макалага кызматкерлердин жашаган жери, байланыш телефондору, даректери жана шайлоо комиссияларынын номурлары да тиркелген.

Мындан тышкары макалада “КыргызНефтегаздын” жетекчилиги кызматкерлеринен тизмеге жакын тааныштардан дагы үч кишини кошууну талап кылгандыгы жөнүндө айтылган.