Октябрь РИИБи административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу фактысын каттады

7-сентябрда КР БШК мүчөсү Г. Журабаева  КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы ыкчам аракет кылуучу координациялык тобуна 0708013912 телефон номурунан ага Нурболот аттуу жаш жигит КР ЖК депутаттыгына талапкер Эрмек Нургазиевдин атынан чалып, “Коопсуз шаар” долбоору боюнча үйлөргө бекер видеокамера орнотуп берүүнү убада кылган. Бул үчүн үй башчысын жана жашоочуларды жыйноо керек же Совет-Киев көчөсүндөгү “Евразия” соода борборунун №411-бөлмөсүнө келүү керек деген. 
7-сентябрда бул маалымат КР ИИМине жиберилди. 
8-сентябрда Октябрь РИИБинде ЕРППде №03-055-2020007640 КР КоП 87-1-беренелери - административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу боюнча катталган.  
КР БШК Маалыматтык бөлүмү