КР БШКнын ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобу “24kg” интернет-ресурсунда жарыяланган макаланы иликтеди. Анда Бишкектин 5-кичирайонундагы №3-орто мектептин имаратында жайгашкан №1131, №1132 УШКларга адамдарды микроавтобустар менен ташып жатышкандыгы жазылган.
Бул маалымат Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө берилген. Көрсөтүлгөн фактылар тиешелүү жерге катталып, оперативдүү-иликтөө иштери башталды.