2021-жылы 10-январында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам аракеттенүүчү координациялык тобуна “Таза шайлооо” ЮЖАдан, 2021-жылдын 10-январында саат 19:30 №1210 УШКсынын шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, АЭУга жооптуулар АЭУнун Wi-Fi роутерине кошуп, бир аздан кийин Интернет түйүнү аркылуу алар отчёт жиберүү зарыл болот деп түшундүрүшкөн. Байкоочулар тарабынан мындай кадамдар мыйзамсыз деп берилген сын пикирди этибарга алышкан эмес. Wi-Fi роутерине кошулуу саат 20.00гө чейин жана андан кийин да үзгүлтүккө учураган эмес
Ошондой эле, №1216 УШК саат 19:35 АЭУга интернет-модем кошулган. Бирок, байкоочунун кайрылуусунан кийин, УШКнын төрайымы көрсөтмө берип бузуулар жоюлганы боюнча маалымат түшкөн.
10.01.2021-жылы маалымат Бишкек АШКсына жолдонду.
ЫЧКТ БШК
Кыска номери – 1255
WhatsApp – 0990 02-12-55
Ишеним телефону – 0312 62-62-46
Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40
Электрондук дареги – kgor_cec@shailoo.gov.kg