Депутаттыкка талапкер А. Назаровдун мыйзамды бузгандыгы боюнча иликтөө улантылып жатат

19-сентябрда КР БШКнын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобуна КР ЖК депутаттыгына талапкер Айтмамат Назаровдун мыйзам бузган аракеттери жарыяланган маалымат түшкөн.

Тактап айтканда шайлоо жөнүндөгү мыйзамдын 21-беренесинде мамлекеттик үлүшү 30 пайыз болгон ишкананын жетекчиси ыйгарым укуктарын өткөрүп бериши керектиги айтылган. Бирок А. Назаров бул беренени бузуу менен эл алдында Улуттук энергохолдингдин төрагасы катары чыгып жаткандыгы келтирилген. Ишкана 100 пайыз мамлекетке тиешелүү жана өлкөдөгү бардык энергокомпаниялардын 80 пайыздан 100 пайызга чейинкиси ага караштуу.

А. Назаров депутаттыкка талапкерлердин тизмесине кирип, шайлоого катышып жаткан, бирок ал кызматын тапшырып бергендиги боюнча маалымат түшкөн эмес. 15-сентябрда холдингдин басма сөз кызматы А. Назаров кызматтан кеткендигин билдирген, бирок буга карабастан ал 1-сентябрда Жазы-Кечүү энергообьектисине барып, энергия менен камсыздоо жабдууларын ишке киргизүүгө катышкан.

19-сентябрда А. Назаров жөнүндө материал Башкы прокуратурага жиберилди.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү