ЫЧКТ билдирет: Араван районунун ИИБи “Для чего собрала учителей партия “Биримдик”?” деген макаладагы маалыматты териштирет

КР БШКнын Ыкчам аракеттенүүчү координациялык тобу 2020-жылы 11-сентябрда “Клооп” сайтына жарыяланган “Для чего собрала учителей партия “Биримдик”?” деген макаланы изилдеп чыкты.

“Биримдик” партиясынан депутаттыкка талапкерлер Өмүрбек Бакиров, Шукирилло Файзуллаев, Жалаладин Нурбаев Араван районунун Алля Анаров атындагы айыл аймагынын мектебинин жана бала бакчасынын кызматкерлеринин катышуусунда чогулуш өткөргөнү тууралу айтылат.

КР Билим берүү министрлигинин өкүлү Марат Усеналиев мугалимдерге үгүт ишине катышууга тыюу салынганын ырастады. Эгерде алар үгүт ишине катышса, аларга карата катуу чаралар көрүлөт.

Маалымат 2020-жылы 14-сентябрда Араван районунун ИИБ  начальниги Исмаилов Сактанбек Сардарбековичке жөнөтүлдү.

КР БШК маалымат бөлүмү