Ички иштер органдары жеке мүнөздөгү видео ролик боюнча иликтөө башташты

2020-жылдын 1-октябрында КР БШКнын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобуна БШК мүчөсү А. Абдырахматовадан видео ролик түшкөн. Анда Борбордук Азиядагы Америка университетинин бүтүрүүчүлөрү, азыр КР Жогорку Кеңешине “Реформа”, “бир Бол” жана “Кыргызстан” саясый партияларынын талапкерлери тууралуу көрсөтүлгөн. 
Видео материал КР БШКнын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобуна компетенцияны аныктоо жана иликтөө өткөрүү үчүн жиберилген. 
КР ИИМнин маалыматы боюнча Бишкектин Свердлов районунда ЕРПП №03-003-2020-008848 боюнча 30.09да КР Кылмыш кодексинин 186-беренесинин 1-бөлүгү “Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу” катары катталган. 

КР БШКнын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобу бул иликтөөнү көзөмөлгө алды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү