Ички иштер бөлүмү вотсап аркылуу агитация жасоо боюнча иликтөөлөрдү башташты

Ички иштер бөлүмү вотсап аркылуу агитация жасоо боюнча иликтөөлөрдү башташты

2020-жылдын 17-августунда КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобуна КР БШК мүчөсү Г. Журабаева кайрылган.

Анын маалыматына караганда, Интернетте “О!” мобилдик операторуна таандык 0708 66 35 15 абоненттик номурунан вотсаптагы кат алышуулардын жазуусу пайда болгон. Билдирүүнүн текстине караганда, номуру аталган абонент вотсап группага ага группанын бардык катышуучуларынын аты-жөнүн, паспортторунун номерлерин көрсөтүү менен кайрылып, муну анын жакын тууганы КР ЖК депутаттыгына талапкер болуп чыгып жаткандыгы менен түшүндүргөн.

Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна байланыштуу, КР БШК мүчөсү Г. Журабаева ички иштер органына арыз жазган. Бул факт боюнча иликтөө башталды.