2021-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобу Бишкекте жашаган Б. Шадыкановдон маалымат алган. Ал Ибраимов көчөсүндөгү №108-үйдүн ТСЖ башчысы Сатыбекова Ч., "Эмгек" саясий партиясын колдоп шайлоочуларга пара берүү чараларын көрүп, балдар аянтчасын оңдоп-түзөө жана бак-дарак отургузуп жатканын билдирген. Бул маалымат КР ИИМне, Бишкек АШКнын ЫАККТна жиберилди.
ЫАККТ БШК КР
Кыска номер – 1255
WhatsApp – 0990 02-12-55
Ишеним телефону – 0312 62-62-46
Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40
Электрондук дарек– kgor_cec@shailoo.gov.kg