Видеобайкоочу камера орнотуу боюнча иликтөө башталды

16-сентябрда БШКнын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобуна Абдрахманов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде жашаган үй башчысы Г. Кадырова жашоочулардын макулдугусуз видеобайкоочу камераларды орнотуп койгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Камераларды алуу жана орнотуу боюнча чыгымдар №17-МАБдын башчысы тарабынан жабылып, бул иш кайсы бир партия үчүн керектүү сандагы добуштарды камсыз кылуу үчүн жасалгандыгы белгилүү болгон. Үй башчысынын жана №17-МАБдын башчысынын аракеттери КР Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добушун сатып алуу” 192-беренеси боюнча мыйзам бузууга жатат.

Үйдүн жашоочулары камераларды МАБдын эсебинен орнотуп, ошол эле убакта бир партия үчүн агитация жүргүзүүнүн мыйзамдуулугун текшерүүнү сурап, ошондой эле үйдүн жашоочуларынын жеке жашоосунун кол тийбестиги үйдөгү квартирага монитор орнотуу менен бузулуп жаткандыгын да айтышты.

16-сентябрда маалымат КР ИИМине жиберилди. Башкы прокуратура иликтөө баштады.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү